«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)
(Башталышы өткөн сандарда)
Күн суук, жамгырдан көз ачылбайт. Стамбул бул жылы өтө жаанчыл болду. Жамиля үчүн бул жердин абасы да, суусу да, ар тараптан келген деңиз жыты да жакпады. Дилине жакын эмес, баары чоочун. Эч кимден жардам жок. Боюндагы бала да өчү бар немедей эле кыйнады. Эмне жесе кусат. Бөлмөсүнөн чыкпай жатат. Алдырам дегенден да эч майнап чыкпады. Эсма ханымга чындыкты айтты.
«Ахмеддин баласы эмес» деди. Жамилянын артка кайта турган, корко турган абалы калган эмес. Анткени кем акыл Ахмедге турмушка чыгуу анын үч уктаса түшүнө кирбей турган нерсе эле. Эптеп боюндагы баладан кутулса, Керем аны коё берерине ишенип жатты. Эсма ханым убадасына турду. Эртеси күнү аны алып ооруканага жөнөдү. Жолду катар үн катпай келишти. Макулдашылып, Жамиляны медайымдар палатага алып бара жатышты.
– Коркпоңуз, оорубайт деле, тез эле бүтөт,- деди медайым куттуктагансып жылмайып.
«Жараткан, жардам бер» деп жатты Жамиля. Купкуу өңүндө коркуу да, санааркоо да бар эле.
«Экинчи эне болбой калсамчы?» деген үрөй учурган жан далбас.
«Мейли, баарына баш байладым» деген көшөргөн ой. Бул учурда Эсма ханымдын жаны да төрт бөлүнүп жатты. Бала Керемдики экенин айттырбай эле түшүнгөн.
«Бул тукум үзүлүшү мүмкүн жана буга мен күнөөлүү болом. Ахмеддин баласы эмес, Керемдики болсо деле ал менин каным! Бирок мен анын өмүрүн жок кылганга бел байладым. Анткени ал үй кызматчынын баласы. Бул өтө маанилүүбү? Балким, Керем айткандай, ал бала биздин келечегибиз болор». Оюн топтой албай жатты. Ал азыр токтотуп койгонго күчү жетет эле. Мүнөттөр калды. Эки ойдун жетегинде турат дагы деле термелип. Ушул учурда Керем тез-тез арыштап келе жатканын көрдү
(ага Эге аттуу жардамчысы Жамиляны энеси ооруканага алып жөнөгөнүн айтып, ал жетип келген экен). Ичинен
«Аллага шүгүр» деп жиберди.
– Кана ал? Кана Жамиля?- деп жиберди Керемдин көзү чакчайып.
– Ичинде.
Керем жулунуп, алдын тоскондорго бой бербей кирип барды.
– Токтоткула! Жолобогула эч кимиң!
Керебетте жаткан Жамиляны жаш баладай көтөрүп чыгып кетти. Ошол боюнча Керем энесине такыр сүйлөбөй койгон. 1 ай өткөндөн кийин аргасыз энеси өзү келди.
– Мен макулмун. Ахмеддин үйлөнүү күнүн белгилейли,- деди ал акырын.
– Менин оюмча, сен туура чечимге келдиң, эне,- деди Керем бир ооз. Ошентип Жамилянын тагдыры чечилди. Мына аз күндүн ичинде никеге турат. Керем максатына жетти. Алдап-соолап, коркутуп отуруп акыры көндүрдү.
– Бала төрөлгөнгө чейин гана никеде жашап турасың. Андан кийин колу-жолуң бош, ата-энеңе, сиңдиңе канча кааласаң акча жөнөт. Бала тууралуу эч нерсе айтпай эле
"түрк күйөөгө тийгени жатам" де. Анын бай экенин айт. А мен сенин ата-энеңе, үй-бүлөңө өмүр бою жете тургандай акча жөнөтүп турам. Сен акылдуу кызсың.
Туйлап, асман айдан түйүлүп жаткан кыз акыры макулдугун берди. Аргасыз Ахмедге турмушка чыкты. 2-3 мүнөттө эле Жамиля Тунжа деген фамилияга ээ болду. Ак көйнөк кийгенден да, макияждан да баш тарткан эле. Жөнөкөй саркеч тигилген көйнөк узун боюна куп жарашып турду. Кимдир бирөө таң калып карады, бирөө аяп карады, бирөө
«акылдуу неме экен, алыска барат» деп суктанып карады. Керем гана аны караганга даай алган жок. Күнөөсүнүн күчү ушунчалык оор эле, баш көтөрүп тиктей албады. Ахмед эмне болуп жатканын деле түшүнгөн жок. Бир билгени Жамиля аныкы. Эми аны менен каалашынча ойносо да болот, бөлмөсүнө кирсе да болот. Ошол нерсеге гана акылы жетип, андан башканы аңдай албай оозу кулагына чейин жетип күлүп турду.
ххх
«Жамиля бай түрк адамга турмушка чыгыптыр» бул кабар айылга дуу тарады. Дуу тарабаса деле белгилүү боло тургандай. Арзуу менен Нурилянын кымбат кийгени бул жакта турсун, унаалуу болушту. Баягы эки бөлмөлүү үйдүн ордуна заңгыраган үй салына турган болду. Арзуу жеткен-жетпеген жердин баарына мактанып жатты.
«Кызым турмушка чыкты. Колунда бар неме экен. Калыңга деп 20 миң доллар салды. Кийинкиси дагы болот дешти».
Бул ызы-чуунун ичинде Мурат байкушка гана убал болду. Бир гана жолу Жамиля менен сүйлөштү.
– Кызым...- башканы айта албай ыйлап калды.
– Ата, ыйлаба. Менде баары жакшы. Ушундай кылганым туура болду,- деди Жамиля супсак гана. Үнүндө кубаныч деле сезилген жок. Кайдыгер, туюк сүйлөдү. Атанын ого бетер жүрөгү эзилип калды. Колунан келе турган нерсеси жок эле.
Ошентип кунарсыз күндөр өтүп жатты. Бир күнү ичиндеги булк эткен кыймылды туйду. Элейип ичи менен колун баса калды да, эки жагын карап алды. Бул наристенин биринчи жолу өзү тууралуу кабар бергени эле. Акыл-эсин жыйгыча наристе дагы бир жолу булкуп алгандай болду. Жамилянын ушул күндөн баштап өзүнөн-өзү ичиндеги балага сезими пайда боло баштады. Сүйлөшөргө адам жок, кээде аны менен сүйлөшүп калчу. Күндөн-күнгө балага мээрими түшүп баштады. Керемдин деле көздөгөнү ошол болчу. Балага көнүп калып, оңой менен таштап кете албасын алдын ала билген.
Дайымкысындай эле Керемдин эсеби туура болуп баштады. Баланын жынысын али билише элек болчу. Жамиля таптакыр эркек болуусун каалабай жатты. Алтынчы туюм менен мураскерди жарык дүйнөгө алып келбесе, Керемден оңой кутулчудай сезими бар. Бакчага чыгып, ичин сылап баласы менен сүйлөшө кетти.
– Сенин энең кызык. Бүгүн анын туулган күнү. Эч ким билбейт. Бул күнү Алибек мага жерден чукуса да акча таап белек берчү. Кыздардын баары көз артчу. Мен болсо ичимден кубанып отура берчүмүн. Билесиңби, мен сени жакшы көрбөйм деп ойлочумун. Бирок азыр сенден башка кармана турган эч кимим жок экенин билип жатам. Сен зордук-зомбулук менен кирдиң жашоомо, бирок сени сүйбөй койгонго мүмкүнбү? Айтчы, эне баласын сүйбөй койгонго болобу? Менимче, болбойт, бирок менин апам...
Жамиля унчукпай калды. Баласына жүрөгүн ачыткан таарынычын айтпай эле койгусу келди. Керем дайыма аны аңдып турат. Эми да алыстан көз чаптырып, ичин сылап жылмайып бир нерселерди айтып жатканын көрүп өзүнчө кубанып алды. Ичи бышып кетти. Ал дагы болочок баласын сылап, ага бир нерселерди айткысы келди. Бул каалоо ушунчалык күчтүү болчу, баарын унутуп Жамиля жакка кадам таштады.
– Сен кайда?- деген желкесиндеги аялынын үнү тык токтотту.
– Бакчага.
– Бүгүн мен Ахмед менен Жамиляны үйгө чакырып коноктогум келди. Сен кандай дейсиң?
Сынап жатат. Керем далысы менен аялынын шектүү көз карашын сезип турду.
– Макул, эмнеге болбосун? Мен кубанып кабыл алам. Кандай болгондо да Ахмед менин бир тууган иним,- деди ал артына кылчайып карап эч нерсе болбогондой жаркылдап...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Окуп алып ыйладым,аябай тасирлуу чыгарма дагы бир жума кутмой башталды
Жеткенине 3 ай болуп кетти)))
Алибектин абалын элестетип кеттим Жамиля куйоого тийгенин укса кандай оор болорун
Мен биринчи дегендер озунорчо кыйратынар жон эле окуп койуп тема боюнча эле жазсанар эмне мен биринчи десен эле башкача болуп кетесинерби жее суйунчу берейинби
Кыз төрөп кызы менен качат же керимге тийет.
Ыйладым дегендер менен биринчи дегендерге тан калып бутпос болдум.
Keremdin aialy Jamiliany alyp berbei kalsyn.Al aialyn jakshy korboso da korkot. Ene jurogu dep bekerinen aitylbagan da eee
Каап жаман болдуго Жамилияга
азыркы жашоону чагылдырган чыгарма экен окуп алып эле кыжаалат болом чындап эле кайсы бир кыргыз кызы ошондой тагдырга туш болуп кыйналып жургондой
Айланыйдар,кобурооооок эле жазгылачы. Же агитациялык рекламалардан орун аз болуп калып жатабы?
"Мен биринчи" деген билдирүүнү окуучулар жазабы...же
толук версиясын кантип кайдан окусак болот???же кутобузбу жума сайын Тагдыр оюну 1-2-3ту кутуп журок оорулуу болдум эле эми дагы боломбу?