ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (25-сентябрдан 1-октябрга чейин)



КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын биринчи жарымында сизди жумушуңузга байланыштуу ийгиликтер күтөт. Колуңузга акча тийиши да мүмкүн. Жума күндөн тартып өзүңүздү бир аз токтоо кармабасаңыз түшүнбөстүктөр келип чыгышы толук ыктымал. Айрым бир тирешүүлөргө туш болосуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бейшембиге чейин өзүңүздүн жеке маселелериңизди эң жакшы чечесиз. Башка шаарларда жашаган адамдар жана өз балдарыңыз менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт. Бирок жума күндөн тартып апта аягына чейин сизге кара санаган адамдардын курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жуманын соңку күндөрү көпчүлүк жумуштарды эч кимге айтпастан өз алдыңызча бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскер бөлүктөрү, жаза өтөлүүчү мекемелер аркылуу айрым бир олжого ээ болосуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын алгачкы күндөрүн жакын санаалаштар менен жакшы маанайда өткөрөсүз. Жума күндөн тартып белди бекем бууңуз, жумушуңуздагы жана үй-бүлөдөгү маселелерди чечүүдө бул эки тармак бири-бирине шайкеш келбей, айрым бир көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бейшембиге чейин алдыга коюп келген максаттарыңызды ишке ашыруу үчүн катуу аракеттерди жасаңыз. Сизге азыр бул жолдор ачык. Аптанын акыркы үч күнүндө аргасыздан жолго чыгуу күтүлөт. Керектүү документтерди бир ирет текшерип коюңуз. Жолдо абайлаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын соңку күндөрү балдарыңызга же сүйгөн адамыңызга байланыштуу жолго чыгышыңыз ыктымал. Жума күндөн тартып жекшембиге чейин балдарыңызга, эс алууларга жана сүйгөн адамыңызга жумшап чыгымга учурашыңыз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын алгачкы күндөрү каржы маселелерин эң жакшы чечесиз. Колуңузга акча тийиши күтүлөт. Жума күндөн тартып үй-бүлө мүчөлөрү жана өнөктөштөр менен мамиле кылууда бир аз токтоо болуңуз. Пикир келишпестиктер келип чыгышы мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бейшембиге чейин жубайыңыз жана айрым өнөктөштөрүңүз менен бир топ маселелерди ийгиликтүү чечесиз. Аптанын акыркы күндөрү жумуштагы айрым кесиптештер менен пикир келишпестиктер келип чыгышы мүмкүн. Андыктан кыраакы болуп, чырдан алыс болуңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бир жериңиз ооруп жатканын байкап жүргөн болсоңуз шаршембиден калбай врачтарга кайрылыңыз. Бул күндөр сиздин ооруңузду алдын алуу үчүн эң жакшы күндөр. Жума күндөн тарта балдарыңызга көбүрөөк көңүл бурганыңыз оң.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жуманын биринчи жарымында өз балдарыңыз менен убакыт өткөрүүгө аракет жасаңыз. Эс алуулар орун алат. Бейшембиден тартып үй-бүлө мүчөлөрү, жер тилкелерине байланыштуу көйгөйлөр келип чыгат. Чырдан алыс болууга аракет жасаңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бейшембиге чейин кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселелерди чечүүдө чечкиндүүлүк көргөзүңүз. Апта акырында туугандар жана кошуналар менен мамиле кылууда сабырдуу болуңуз. Курч айтышуулар орун алып кетиши мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жуманын экинчи жарымында өнөктөштөр жана кичи ишканаларга байланыштуу айрым бир чыгымдарга дуушар болушуңуз мүмкүн. Ойлонуп иш кылсаңыз жана түгөйүңүздүн кеңешине таянсаңыз, аталган көйгөйлөрдү оң жагына чечесиз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө: 25-сентябрдан 1-октябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
MKursanov
2017-09-29 15:06:04
Шексиз!!!
0
Janna.kg
2017-09-30 01:43:15
Так что менин балыгым кенеш мен менен!
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан