КЫРГЫЗСТАН – АЛТЫН МЕНЕН ТАЗА СУУНУН МЕКЕНИ же А.Лукашенконун сөзүнө каяша

Мезгил үнү

Беларусь президенти "Кыргызстанда колго илинерлик эч нерсе жок" деген сөздү айтып чыкты. Өлкөбүздүн байлыгы тууралуу билип айттыбы же жокпу, ал өзүнчө маселе. Биз Кыргызстандын башка мамлекеттердин арасында мактана ала турган байлыктары жөнүндө сөз кылабыз.

ЛУКАШЕНКО ЭМНЕ ДЕЙТ?
Экс-президент Курманбек Бакиевди чакырып алган Беларустун өлкө башчысы Александр Лукашенко: “Бул жакыр жана талкаланган өлкөдө (Кыргызстан) бир нерсе уурдаштын өзү мүмкүн эмес. Эмнени уурдай аласың? Ал жакта колго илинерлик эч нерсе жок. Кимдир бирөө Кыргызстанда болгонбу?”- деп парламентте депутаттар алдында сүйлөгөнүнө баарыбыз күбө болдук. Ушундан улам “өлкөдө колго илинер байлык калган эмеспи?..” деген ой туулат.

КАЙСЫ БАЙЛЫГЫ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ?
Таза суу. Суу ресурстары биздин улуттук байлыгыбыз. Ири-майдасы болуп 2000ден ашуун дарыя-өзөндөр бар. Суунун жалпы көлөмүнүн 70 пайызга чукулу коңшу мамлекеттерге агып чыгат. Республикабызда 6500дөн ашуун мөңгүлөр бар. Андагы суу ресурстарынын запасы 750 миллиард метр/кубду түзөт.
Гидроэнергетикалык ресурстар.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Орусия жана Тажикстандан кийинки орунда. Кыргызстанда ГЭСтер бир жылда орточо эсеп менен 20 миллиард киловатт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Азыркы тапта Кыргызстан гидроэнергетикалык ресурстарынын 10 пайызын гана өздөштүргөн.
Алтын. Бул кымбат металлдын запасы боюнча биз дүйнөлүк лидерлердин арасында 7-орунда турабыз. КРнын Эмгек сиңирген геологу Кубат Осмонбетовдун айтымында, мамлекеттин балансында 48 алтын кени бар. Анын запасы болжол менен 1500 тоннаны түзөт.
Сурьма. Кыргыз сурьмасы жогорку сапаты менен айырмаланат. Ал 1958-жылы Брюсселде өткөн дүйнөлүк көргөзмөдө дүйнөлүк сурьма металлынын эталону катары таанылган. 1990-жылы 17 миң тонна сурьма чыгарып, Кытай жана Боливиядан кийинки 3-орунга чыкканбыз.
Сымап. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дээрлик ар бир ок жана жардыргычтын курамына Хайдаркендин сымабы кошулган.
Көмүр. Өлкөдө 12 көмүр шахтасы жана 5 көмүр ишканасы иштейт. Бирок экономика илимдеринин кандидаты Б.Шамшиевдин айтымында, азыр Кыргызстандын 5 жеринде (Сүлүктү, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя жана Кара-Кече) гана көмүр казып алуу иштери улантылууда. Эң ири көмүр кени Кара-Кечеден бир жыл ичинде 6 миллион тоннага чейин көмүр казып алса болот. Өзгөн бассейниндеги көмүр көп жылуулукту бөлүп чыгаргандыгы менен айырмаланат. Серепчилердин айтымында, Кыргызстандын көмүрүнүн запасы жылына 7 миллион тонна казылып алынса, жүз жылга жетет.
Уран. Кара-Балтадагы тоо-кен комбинаты СССРди уран менен 20 пайызга чейин камсыз кылып турган. Ал мезгилде Миң-Куш, Ак-Түз, Кажы-Сай жана Майлы-Сууда өндүрүлчү. Союз учурунда жылына 2,5 миң тонна уран алынып турган. Азыркы тапта Кара-Балта тоо-кен комбинаты уран концентратын кайрадан иштетип чыгууну пландаштырууда.
Кремний. Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүч (электр тогун начар өткөрүүчү зат) чыгарган комбинат 1982-1984-жылдары курулган. Учурда “Таш-Көмүр силикон продакшн” Жабык акционердик коому кремний өндүрөт. Бул зат заманбап электроника тармагында, мисалы, уюлдук телефон, компьютер жабдыктары, телевизор, санариптик аппараттарда пайдаланылат. Кремнийге болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Ал эми аны өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө дүйнөдөгү саналуу гана мамлекеттер ээ. Анын ичинде биздин Кыргызстан да бар.
Туристтик жайлар. Кыргызстан спорттук туризмге ыңгайлуу. Ошондуктан альпинист-туристтер көп келишет. Мекенибиз учурда экстремалдуу спорт сүйүүчүлөрүн өзүнө тартууда. Эс алуу тармагы боюнча 1-орунда Ысык-Көл турат. Ал бийиктикте жайгашкандыгы жана аянтынын чоңдугу боюнча Титикака көлүнөн (Түштүк Америка) кийинки 2-орунда. Кыргызстандын дээрлик ар бир облусу туристтик борборго айланчу көркөм жайларга бай.
Жаңгак токойлору. Чаткал жана Фергана кырка тоолорунда орун алган жаңгак токойлору СССР мезгилинде баалуу токойлордун катарына кирген. Кыргызстанда токойдун жалпы аянты 609,5 миң гектар болсо, анын 70 миң гектарында жаңгак өсөт. Жаңгак уюлу эң баалуу жыгач болуп эсептелет.

Жогоруда аталган кен байлыктардан тышкары Кыргызстанда нефть, жаратылыш газы, алюминий, жез, калай, темир жана башкалар бар экендигин айта кетели. Бул өлкөбүздүн байлыгынын бир уучу гана.

КЫЗЫКТУУ

  • Таза суунун запасы боюнча дүйнөдө 6-орунда турабыз.
  • 2003-жылы Кыргызстанда 22,5 тонна алтын казылып алынып, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия жана Өзбекстандан кийинки 3-орунга чыккан.
  • КМШ өлкөлөрүнүн арасында сурьманы өндүрүү боюнча Кыргызстан монополист болуп эсептелет.
  • Кыргызстан дүйнөдөгү эң көп сымап өндүргөн 5 мамлекеттин катарына (Испания, Кытай, Алжир, Мексика) кирет.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЧЫН ЭЛЕ КЫРГЫЗСТАНДА УУРДАГАНГА
ЭЧ КАНДАЙ БАЙЛЫК КАЛГАН ЖОКПУ?

Марат,
18 жашта, студент:
– Кен байлык калган жок деп айта албайм. Биздин бир кемчилигибиз – кен байлыктарыбызды өзүбүз иштете албаганыбыз. Мисалы, "Кум-Төр" алтын кенин эле алып көрөлү. Канадалыктар канча пайда таап жатышат?!

Бүбүсайна,
52 жашта, жеке ишкер:
– Өзүбүздөгү байлыктарды чиновниктер эле курутуп жатат дейт элем. Мисалы, суу да байлык. Аны сыртка жашыруун сатышып, акчасын кымырып алып жатышпайбы. Сымап, сурьма өңдүү кендерибизди иштетсек, өлкөгө канча байлык түшмөк?!

Данияр,
22 жашта, бычмачы:
– Уурдаганга байлык жок болсо, анда кыргыз эли ушуга чейин бармагын соруп жашап келдиби?! Эгер байлыгыбыз жок болсо, эгемендүү өлкө да боло албайт болчубуз. Элибизге жете турган байлыгыбыз бар. Болгону, аларды иштетүүнү өзүбүз колго алуубуз керек.

Жумакан,
65 жашта, пенсионер:
– Лукашенконун сөзүн угуп кыжырым келди. Муну ага Бакиев айттырып жатат. Убагында кенден да, башкадан да түшкөн кирешени жеп алып, эми Кыргызстанды кедей кылып жаткан Бакиев кыргыз деген атка татыктуу эмес!

Улан,
25 жашта, инженер:
– Биздин сыймыктанчу байлыктарыбыздын бири – суу. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, байлыктарыбызды туура колдоно албай жатабыз. Мисалы, суунун көбү сыртка агып чыгат. Ошол эле кезде бизде электр энергиясы кымбат.

Жазгүл,
29 жашта, үй кожойкеси:
– Биздин байлык биздин жерибизде, тоолорубузда. Бекеринен "бейиштей жер" деп айтылып калбаса керек. Дүйнөнүн көп эли таза сууга зар болуп турган кезде биздин суулар сыртка агып чыгууда. Биз үнөмдөгөндү үйрөнүшүбүз керек.

Токтокожо,
53 жашта, фермер:
– Байлык бар, бирок ченемдүү өлчөмдө. Кен байлыктардын көбү иштетилбей тургандыгына карабастан, кооз жаратылышыбыздын артынан жан сактасак болот.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
bond
2010-05-10 16:14:20
бар байлыктын баарын чиновниктер букадай болуп семирип жеп жатпайбы.бар нерсенин баарын сатып.
0
Wonderfullgirl
2010-05-10 19:08:24
Нищая страна дегенине ото жиним келди ал кандай акысы бар ошентип айтышка биринчи озунун мамлекетин башкарып алсын Лукашенко ага ким койду Кыргызстандын иштерине аралашышка . Суёт нос не в свое дело .
0
imperator
2010-05-12 13:46:36
1)ТАЗА СУУ---Кудайга шугур Кудай берген суубуз бар.Бирок,суунун пайдасын бизден коп Озбекистан корот.Алар у4ун Токтогул суу сактагычы курулган.Эмдигиче суу сактагычтын айланасындагы адамдарга салык толоп бере элек.
2)ГЭСтер---Биз кан4алык энергияга бай олкобуз деп тош какканыбыз менен кыштын кыраан чилдесинде озубуздо жарык жок олтурабыз.Жарыктын баасы кымбат.10 пайызын гана оздоштурдук.Эптеп жарымы курулган ГЭСти бутуро албай журобуз.
0
imperator
2010-05-12 13:52:31
3)АЛТЫН---Дуйнодо Жетинчи болгонубузга карабай озубуз 1 кг алтын иштете албайбыз.Алтындын балын Улуу урматтуу Канада менен Орусия ой да соруп атышат.Бизге калганы болсо алтын чыккан аймактагы бузулган экология.
4)СУРЬМА---Дуйнодо эталон болгонубуз менен байкап корсонор сурманын баарын рамаатылык СССР колдонгон,Кыргызстан эмес.
5)СЫМАП---аталып эле тургандай сымап дагы жалан СССРдин ок-жарагы учун колдонулган.
0
imperator
2010-05-12 13:58:36
6)КОМУР---Кудайга шугур комур казуу жатында алакныбыз кур эмес.Бирок,баары бир эмнегедир Казактардан сатып алабыз жыл сайын.
7)УРАН---Бул дагы жалан СССР учун колдонулуп келген.Союздан калган калдыктар азыркыга чейин элдин ар кандай ооруларына себеп болуп келет Майлы-Сууда.
8)КРЕМНИЙ---менимче,бул деле жеке менчик болсо керек.Жеке менчиктен мамлекетке кандай пайда тушмок аз-маз салыктан башка.
0
imperator
2010-05-12 14:05:10
9)ТУРИСТТИК ЖАЙЛАР---Туристтик жайларыбыз сонун,бирок,шарттар начар.Бир келген турист андан кийинки жылы кайра келээри кумон.Турист катары кобунесе Кыргыздар жана коншу олколор.
10)ЖАНГАК ТОКОЙЛОРУ---бул токойлорго соз жок.Бирок,ошол баалуу токойлорубузду озубуз ар тарабынан кескилеп,сатып жок кылып атабыз четинен.
0
imperator
2010-05-12 14:12:57
ЖЫЙЫНТЫК---Лукашенко уурдады дегенде ушул атап откон байлыктарыбызды айтып жатабы,же казынадагы акчалардыбы.Менимче казынадагы акчаны айтып атат.Себеби,Бакиев жогоруда аталгандарды кааласа да которуп кете албайт.товарларА казынада болсо акча жок.Аны Убактылуу окмот деле айтып жатат.Ар кимге жалынып гум.жардам алып,насыя алып атабыз эртенин ойлобой.Орусия берген акчасын бензинге кошкон кошумча салыктан эле эселетип чыгарып алат.
0
imperator
2010-05-12 14:17:11
Азыр биз мактанып откон байлыктарыбыздын баардыгы Кудай тарбынан берилген байлыктар.Биз озубуздун аракетибиз менен эмнени жасап,иштеп чыгарып экспорттоп жатабыз.Эч нерсе,биз эч кайсы тармакта башкаларды эмес,озубзуду озубуз камсыз кыла албайбыз.Ар дайым башка мамлекеттерден камсыз кылабыз.А Экономикада башкалрга муктаж болуу чынында эле кедейлик жана толугу менен демократия эмес.Лукашенко туура айтып атат.Бизде колго илинээрлик дээрлик эчтекебиз жок!!!
0
Таллас
2010-05-13 12:21:30
Данияр деген "бычмачы" эмнени бычат болду экени, ия?
0
artelow
2010-05-13 17:02:18
а эмнеге колдоно албайбыз, канчалаган байлыгыбыз бар, бирок жашоо шарттарыбыз начар. Байлыгыбыз мактанарга жана "атка минерлердин" чонтогуно гана пайдаланууда го...?
0
Kyjal
2010-05-13 20:13:02
imperator, shadabay oturup, ar bir maseleni talkuulap , terishtirip, shakshy shasyptyrsyn.Kop informazija aldym. Aytkanyna toluk koshulam, birok mintip ele baary sujlop atyshat, anyn baary tuura dechi, birok, abaldy ondogongo kanday konkretnyj sunushtarynar bar? Baary ele mamlekette abal oor ekenin tushunup atat, birok kelgile,mynday-tigindey kylaly degen bir kishi shok...!
0
imperator
2010-05-14 13:02:59
Менин оюмча азыр бийликте,са9сатта Кыргыз учун олуп берем деген Чолпонбайлар жокко эсе.Убактылуу окмоттон кандай жыйынтык чыгат мезгил корсотот.Булар деле жыргатпайт ко.Себеби,копчулук олколор даже тааныбайбыз ошого жардам да бере албайбыз дешет.Мен азыркы бийликтен умутуму узгом.Баардыгы советтик идеология менен чонойгон.Менин кутуп атканым Кыргызстандын "алтын муунунун" са9сатка келиши.Аз калды туугандар.Алтын муундун кимдер экенин убакыт келип билинет жалпыга.Кыргызстанды онуктур4у ошолор.
0
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан