Айя Садырова: “КЫЗГАНЫЧКА ЖОЛ БЕРГИМ КЕЛБЕЙТ”

Эне деген үч тамганын артында эмне деген бакыт катылуу. Ошол бакыт көлүнө чөмүлгөн ырчы Айя Садырова менен маек курдук. Ал кичинекей чүрпөсү Искандердин кареги менен тең айланып, бир дагы чоочун көзгө көргөзбөй багып жаткан учуру. Үй-бүлөм деп эле үстөмөндөн түшүп жатып албай, чыгармачылыктын да майын чыгара иштеп жатат.

“ТӨРӨГӨНДӨН КИЙИН 4 КИЛОГРАММГА ТОЛДУМ”

  • “Жолдошумда көп улуттун каны бар”.
  • “Үйлөнгөнү такыр уруша элекпиз. Бул мүнөзүбүз төп келгенинен болсо керек”.
  • “Төрөгөндөн кийин төрт килограммга толдум. Азырынча арыктагым келбей эле”.
  • “Ата-энем экөө тең кыргыз. Бирок апамда казактын каны бар”.
  • “Балдарга арналган программаларды көрүп, китептерди окуп эс алам”.
  • “Аялдардын ден соолугу төрөттөн 2-3 жыл өткөндөн кийин калыбына келет эмеспи. Ошондуктан экинчи баламды үч жылдан кийин төрөйм. Негизи, 2 же 3 баланын энеси болгум келет”.
  • “Жолдошум мүнөзүмдү аябай жактырат. Атам аскер кызматкери болгондуктан, менин чорт кыял күтүшүмө жол берген эмес”.
  • “Конок тосконду жакшы көрөм. Бирок чакыртпай келгендерди сүйбөйм”.

– Айя, эне болгону редакцияга биринчи келишиң. Бешик боо бек болсун!
– Рахмат.
– Балаңа канча ай болуп калды?
– Искандер эки айга толду. Баламдын атын Искандер деп Александр Македонскийдин урматына кайын журтум коюшту. Жолдошум Темучин коём деп чыкты. Адамдын ысымы аркылуу анын келечеги түзүлөрүнө катуу ишенем. Балабыз чечкиндүү, курч, өткүр, акылдуу адам болуп чоңоюшун тилеп, ааламдын президенти деп эркелетип жатабыз. “Адам келечегин өзү айткан сөзү менен түзүп алат” деп коюшат го. Ошонун сыңары азыркы эркелетүүбүз дал келип, чын эле кийин президент болуп калгысы бардыр.
­– Жакшы. Адатта кайнене келининин биринчи баласын багышып жардам берет эмеспи. Кайненең каралашып жатабы?
– Кайненем азыр "чоң эне" болуп иштеп жатат деп койбоюнбу. Өзүнчө жашаганыбыз менен күнүгө келип жардамдашат. Караганга өзүм деле жетишем, бирок мен азыр үчүнчү ыр жыйнагымды чыгаруу үчүн чуркап жүрөм. Башкача айтканда, күнүгө 2-3 саат жумуштарым менен көчөгө чыгып келем. Кетерде сүтүмдү саап, бөтөлкөгө куюп коём. Балам ыйлаганда апам берип коёт.
– Төрөттөн кыйналган жоксуңбу?
– Төрөгөнчө жолдошум мени менен атайын курстарга барып, ал гана эмес, толгоо тартып жатканда кандай укалоо керектигин үйрөнүп алган. Толгоом башталганда кыйналганымды бирөө-жарымдын көрүүсүн каалаган жокмун. Жолдошумду дагы, дарыгерлерди дагы сыртка чыгарып жиберип, палатада жалгыз калдым. Акыркы мүнөттөрдө гана врачтар үстүмө киришти. Жолдошум сыртка чыгып алып “сураныч, жаныңда эле болоюнчу” деп СМС жазып жибериптир. “Макул” деп жооп жазып жибердим. Бирок ал келгенде сюрприз кылып балам экөөбүз тосуп алдык. Дарыгерлер “өзүң кичинекейсиң, анан балаң 4 килограммга жакын” деп аябай таң калышты. Апам да, кайненем да сүйүнүчтөн ыйлап алышты. Анткени экөөнүн тең биринчи небереси төрөлдү да.
– Мен сени "экинчи аялы, ошон үчүн жолдошунун сүрөтүн көрсөтпөйт" деп уктум эле...
– Жок, андай эмес. Мен биринчи эле жубайымын, токолу эмесмин. Болгону, ал менден жети жашка улуу. Үйлөнөрдө “сенин чыгармачылыгың биздин үй-бүлөгө чейин кирип кетпесин. Берген интервьюларыңда абайла” деген эле. Мен анын бул сөзүн чын ниетимден колдодум. Жадакалса көпчүлүккө күйөөмдүн ысымын атагым келбейт.
– Искандерге бешик той бердиңерби?
– Ооба, кырк күндөн кийин 11-апрелде менин, жолдошумдун жакын туугандарын чогултуп, кафеде бешик той бердик. Өзүмдүн ата-энем Алматыда болгондуктан, чек ара жабык болуп келе алышкан жок. Баламды апам көргөнү менен, атам сүрөтүн эле көргөн. Кырк күнгө чейин үйдө өзүбүздөн башка эч ким болгон жок. Жаңы төрөлгөн баланын иммунитети төмөн да. Көчөдөн келгендерден микроб жугушу мүмкүн. Ошон үчүн бала көрөбүз дегендердин баарын токтотуп жаттык.
– Жолдошуң жаныңда жок болсо сагынып кетесиңби? Дегеним, командировкага көп кетеби?
– Жок, анын жумушу Бишкекте, командировкага деле барбайт. Болгону, үйлөнгөнгө чейин Францияга эки жумага кеткен. Үйлөнгөндөн кийин дагы бир жакка барыш керек эле мени таштап кете албай баш тартып койгон. Ал мага болгон сезимдеринен башкасынын баарын шахматтын жүрүшүндөй ойлонуп, пландаштырып жасайт. Ушул жагынан мага окшош. Анан чечкиндүү, катуу, акылдуу адам. Мага ушундай эркек керек болчу.
– Кыялыңдагы ханзаадаңды тааптырсың да. Эми чыгарма­чылыгыңдан кеп салсаң. “Үчүнчү ырлар жыйнагым жарык көргөнү турат” дедиң...
– Буюрса, бул жыйнактын курамын көбүнчө дуэттер түзөт. Диксон деген рэпер экөөбүз ырдаган “Как не легко” деген ырыбызга клип тартып баштадык. Дагы “у-Лица” тобундагы бир жигит менен ыр жаздырууну пландап жатам.
– Эмнеге жалаң дуэттерге басым жасай баштадың?
– Анткени "чогуу ырдайлы" деген сунуштар көп. Алардын өтө жакканына гана макул болдум.
– Улам бир жигит менен ыр жаздыра берсең жолдошуң кызганбайбы?
– Жолдошум чынында өтө кызганчаак. “Ким менен ыр жаздырып жатасың, ал эмне болгон жигит?”,- деп сурайт. Мен жооп берем. Кызганышына жол бербегенге аракет кылам. Ошондуктан той-топурда ырдагандан таптакыр баш тартып койгом. Анын “кайда, ким менен эмне кылып жүрөт?” деп сарсанаа болушун каалабайм. Үлгүлүү жар, мыкты эне болгум келет.
– Бир ырчы кыз жөнүндө роман жазып жаттың эле, бүтүп калдыңбы?
– Апам “жакында бүтөм деп мага сөз бер” дегенинен төрөгөнчө бүтөм деп айтып алып, сөзүмө тура албай калдым. Ошондуктан мынчасында бүтөм деп айта албайм. Жазып жатам. Ушунчалык маанилүү, таасирдүү, окурманды арбап ала турган чыгарма кылып жазууга бардык күчүмдү жумшоодомун. Ырчы кыз – ойдон чыгарылган каарман. Бирок анын турмушу, сахналаштары менен болгон мамилеси чыныгы жашоодон алынат. Мындан мурун жазган “Сүйүү жалыны” деген чыгармамды эки айда жазып бүткөм. Досторум “тез эле жазып салдың” деп аябай таң калышкан. Көрсө, мага чыгарма жазуу оңой экен. Берчү оюм жан дүйнөмдөн куюлушуп, өзүнөн-өзү келе берет. “Кандай ойду берсем, мындан ары окуя кандай нукта өнүксө?” деп ойлонуп, толгонуп-кыйналуу менде жок.
– “Байланыш” тасмасында башкы каармандардын биринин ролун аткардың. Актриса болуу кыйын бекен?
– Мен үчүн убакыт аябай кымбат. Бул киного тартылам деп канча убактымды, нервимди короттум. Бирок режиссёрдун айтканын туура жасап, ролумду ийине жеткире аткардым деп ишенем. Тилекке каршы, тасманын ачылыш аземине бала менен бара алган жокмун. Тасманын даяр болгон бөлүгүн өзүм көрө элекмин. Киного тартылам деп актёрлордун жумушунан да режиссёрдун иши кыйын экенин байкадым. Кино тартуу менин көптөн бери келе жаткан кыялым. Режиссёрдун ишин жакындан билип, оор экенин түшүнсөм да кино тартам деген оюмдан тайган жокмун. Буюрса, качандыр бир кезде колума камера алып “мотор” деп кыйкырам деген үмүтүм бар.
– Жаш болсоң да элге атың таанылды. Өзүң каалагандай жолдошуң, өзүң айткандай келечекте президент болчу уулуң бар. Актрисалык да тушооң кесилди. Сахналаштарыңдын же курбуларыңдын арасында сени көрө албагандар барбы? Балким, бут тоскондор болгондур?
– Курбуларымдын бири турмушка чыккан, баласы бар. Экинчиси турмушка чыга элек, карьерасы менен алек. Калганы Алматыда. Алар менин ийгиликтериме чын жүрөктөн сүйүнүшөт. Ал эми биздин ырчылардын эч кимиси менен катышпайм. Болгону, көрүшкөн жерден саламдашам. Ошондуктан курбуларымдын да, сахналаштарымдын да арасында мени көрө албагандар же бут тоскондор жок. Негизи, дос күтүүгө келгенде адамдарды аябай тандайм. Ар бир адамдын мага жасаган мамилесине кылдат көңүл бурам. Жөн эле мени тааныгандар менен достошо бербейм.
Айя, рахмат маегиңе. Тилегиңе жетип, келечекте президенттин энеси бол.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
safina
2010-05-11 10:01:37
Да Айя молодец уважаю правильно ради семейного счастья тойлордон отказ берипсин молодец. А то кээ бир ырчылар бар калп эле кок мээленип куем тушунуш керек менин кесибимди деп кок беттенип кылганын кыла беришет. кайсы эле бала менин билишимче аялын копчулук эркектердин арасына озун корсотуп чыгуусун каалабайт. менин жигитим да кызганычтан эмес жон эле ыймандуулук катары мени озумду корсотуп копчулуко чыгуумду каалабайт.
0
safina
2010-05-11 10:04:18
Дагы бир жолу Молодец Айя мен сени мындай серезный характер деп ойлобопмун, уй булоону ойдо койгон кыздардан корунчу эмессин, корсо бир топ биздин кыргыз ырчыларга караганда умница экенсин.
0
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан