ДИМА БИЛАН БИШКЕКТЕ!

Ал Россия менен Европаны өзүнө багындырып алган. Ал дүйнөнүн эң кымбат, эң барктуу артисттеринин катарында. Ал – кыздардын жүрөгүн туйлаткан Дима Билан! Эми бизди кубантып, борбор калаабызга аттанууга кымынып жатат. Концерттин уюштуруучуларынын билдирүүлөрүнө таянсак, Дима Биландын “Өмүр – дайра” деп аталган жеке концерти 27-февралда Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтмөкчү. Айтылган концерттик программасы менен Дима Европа жана Россиянын шаарларын кыдырып келген. 26 жашар ырчы жигит Кыргызстандагы күйөрмандарына 2 сааттык шоу-концертинде белгилүү хиттеринен тышкары жаңы альбомунан 13 ыр тартуулайт. Айта кетчү нерсе, Дима Билан концертте фонограммасыз, башкача айтканда, жандуу үн менен ырдап берет.


АНДРЕЙ МАЛАХОВ – БАШКЫ РЕДАКТОР

Россиянын эң алдыңкы басма үй­лөрүнүн бири болгон “Итермедиагруп” жаңы долбоорду иш жүзүнө ашырганы турат. Буюрса, быйыл күздө гезит дүкөндөрүнүн текчелеринде жалаң атактуу инсандар жөнүндө маалымат таратуучу жумалык журнал пайда болот. Журналдын 50 пайызын россиялык, 50 пайызын дүйнөлүк жылдыздар жөнүндө кызыктуу аңгемелер жана фотосүрөттөр ээлейт. Жалпы шоу-бизнес дүйнөсүндө болуп жаткан окуяларды камтыган маалыматтардын сапаты үчүн басма үйү кепилдик берет. Анткени, журналдын башкы редактору болуп популярдуу шоумэн Андрей Малахов дайындалды.


САВИЧЕВА ЭМИ КАЗАКСТАНДА ЖАШАЙТ ЭКЕН!

Популярдуу “Жылдыздар фабрикасы” теледолбоорунун экинчи чыгышынын жеңүүчүсү Юлия Савичева Казакстанда атуулдук алууга аракет кылып жатат. Күйөрмандар бул жаңылыкты тамаша катары кабыл алып жатышат. Бирок, Юлия мына үчүнчү жолу туулган күнүн ушул өлкөдө өткөрүп жатат. 20 жашка толгон ырчы кыздын тилеги орундалса, көпчүлүк болжолдогондой, ал Казакстандын борбор шаарында эмес, чакан эле Аксай шаарына биротоло көчүп барат. Бул тууралуу Савичева өзү мындай деп комментарий берген: “Чынын айтсам, мага ал жер абдан жагат. Өтө кооз, тынч шаар. Мен жада калса казак тилин үйрөнө баштадым. Мисалы, “рахмет” деген сөздү билем”. Юлиянын чыгармачылыгын баалаган күйөрмандары туулган күнүнө ага казактын улуттук кийими менен топусун белек кылып беришти.


УИЛЬЯМС ДАРЫЛАРДАН АЗАП ТАРТУУДА

Өзүнүн кызыктуу кыял-жоругу, элди таң калтыраарлык жүрүш-турушу менен белгилүү болгон англиялык атактуу рок-музыкант Робби Уильямс учурда америкалык ооруканалардын биринде жатат. Анын басма сөз катчысы Брайони Уоттс маалымдагандай, күчтүү медициналык дары-дармектерди ашыкча колдонуудан, башкача айтканда, “передозировкадан” катуу ооруп калды. Роббинин сүйлөшкөн кызы модель Лиз д`Амато ырчынын абалы тууралуу: “Акыркы мезгилде ал моралдык жактан азап чегип жаткан. Өзү менен өзү күрөшүп келген. Арак ичкен эмес, бирок, антидепрессант дарылардан жей берип, алардын убактылуу жардамына көнө түшкөн. Эми Робби дарылардан көз каранды болуп калды деп корком” дейт.


БРИТНИ ТАТУИРОВКА ҮЧҮН ЧАЧЫН АЛДЫРДЫ

Жакында Бритни Спирс Лос-Анжелес шаарындагы сулуулук салондордун бирине күтүүсүздөн кирип келген. Салондун кызматкерлеринин айтуусуна караганда, Бритни салонго желкесине ооздун формасындагыдай татуировка жасатканы келген. Бритниге татуировка бир жарым саатта жасалып бүткөндөн кийин ырчы жансакчыларынын коштоосунда башын чүмкөп алып эшикке чыгып, күтүп турган машинага түшүп кеткен. Бирок, эшикте турган топ эл анын чачын алдырып чыкканын терезеден көрүшкөн. Ырчынын ошол көрүнүшүн тартып алгандар сүрөттү интернет сайтка киргизгенге да жетишкен. Ырчынын мындай сүрөтү миллион деген күйөрмандарына жаңылык болду. Кээ бир маалыматтарга таянсак, Бритни учурда Кариб деңизиндеги Антигуа деген аралда аракечтиктен дарыланып жатат.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан