HI-TECH NEWS

TWITTER ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ТИРКЕМЕ ВЕРСИЯСЫН ЧЫГАРДЫ

Twitter Lite деп аталган тиркеме интернет начар тарткан өлкөлөр жана телефону жай иштеген колдонуучулар үчүн арналган. Азырынча Android’де гана жеткиликтүү болгон Twitter Lite телефондун 3 мегабайт ордун гана ээлеп, трафикти үнөмдөөчү режими бар. Анда твиттердеги сүрөттөр менен видеолор автоматтык түрдө эмес, атайын кол менен ачканда гана жүктөлөт. Калган функциялары өзгөртүлгөн эмес.
Азырынча Twitter Lite филиппиндиктер үчүн гана колдонууга чыгарылды. Тhe Verge басылмасы компаниянын жетекчилиги бул жеңилдетилген тиркемени жайылтуу аракетин көрүп жатканын жазды.

ШВЕЙЦАРИЯДА ДРОН-КУРЬЕРЛЕР ИШТЕЙ БАШТАЙТ

Мындай курьердик түйүндү чыгарып жаткандар аны атайын шашылыш жагдайлар жаралганда колдонууга арнаганын айтышат. Медициналык дрон-курьерлер тармагын ачууну пландап жаткан “Мatternet” компаниясы бул учуучу аппаратты оор кырдаалдарда керектүү дары-дармектерди, донорлук канды же операцияга керектүү органдарды тиешелүү жерге ылдам жана жолдогу тоскоолдуктарсыз жеткирерин билдиришти. Ушул максатта дрондор 2017-жылдын соңуна карата Швейцариядагы райондук оорукана, лаборатория жана медпункттардын ортосунда жүрө баштайт. План ийгиликтүү ишке ашса, интернет дүкөндөрдүн товарларын кардарларга жеткизүү кызматын да көрсөтөт. Дрон-курьерди негиздеп жаткандар аппараттын иши автоматташтырылганын, аны иштетүү үчүн алып жүрүүчү адистер талап кылынбастыгын билдиришет.

LEVI’S МЕНЕН GOOGLE АКЫЛДУУ КҮРМӨЛӨРДҮ ЧЫГАРДЫ

Акылдуу жинсы күрмөсү Levi’s Commuter Trucker Jacket деп аталат. Күрмөнү телефонго туташтыруу үчүн атайын Jacquard app деп аталган тиркеме чыгарылып, Bluetooth аркылуу көзөмөлдөнөт. Ал Android 6 жана iOS’тун 10-11-версияларында жеткиликтүү.
Жеңге тиркелген жабдык смартфонго келген билдирүүлөрдү жана чалууларды вибрация жана атайын сигнал менен күрмөнүн ээсине билдирет. Андагы атайын сенсор аркылуу музыка ойнотуу, билдирүү жөнөтүү, чалуу сыяктуу аракеттерди жасаса болот. Аялдарга жана эркектерге арналган мындай күрмөлөр 2-октябрдан тарта Levis.com сайты жана компаниянын фирмалык дүкөндөрүндө сатыла баштайт. Анын баштапкы баасы 350 долларды түзөт.

КЫТАЙДА WHATSAPP’ТЫ КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНЫП, КАЙРА УРУКСАТ БЕРИЛДИ

The New York Times басылмасы буга чейин аталган мессенжердин Кытай Эл Республикасынын аймагында тыюу салынганын жазып чыккан. Алар WhatsApp`тын 23-24-сентябрь күндөрү аталган өлкөдө иштебей калганын 18-октябрда өтө турган Кытай Коммунисттик партиясынын съезди менен байланыштырышкан. Учурда кытайлык колдонуучулар аталган мессенжер аркылуу сүрөт, видео, аудио файлдарды тоскоолдуксуз жөнөтүп, кабыл алышууда. WhatsApp Кытайдын аймагында иштеп жаткан Фейсбуктун жалгыз кызматы. Буга чейин аталган өлкөдө 2009-жылы Фейсбук, 2014-жылы Инстаграм колдонууга тыюу салынган. Эске салсак, июль айында Кытайдын аймагында аталган мессенжер аркылуу айрым файлдарды жөнөтүп, кабыл алууга тыюу салынган.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shekeev969798
2017-10-03 11:59:07
Кыргызстанда жашаганыма шугууур
+1
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан