«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


– Эсма султан, келиниң менен уулуңду биз конокко чакырып жатабыз. Менимче, өзүңө татыктуу келин катары элдин алдына көрсөтөсүң,- деди Керем.
Ошол кече үчүн Жамиляны чоң соода борборлоруна алып барып кийинте турган болушту. Кызыктай дал келүү, туулган күнүн эч ким билбей туруп аны алтын, күмүшкө ороп салышты. Албетте, бул үй-бүлөгө келин болуу оңой бекен. Ушул эле күнү эбегейсиз Стамбулдун дал ошол районунан Алибек Жамилянын туулган күнү экенин эстеп кичинекей мамалак сатып алды. Стамбулда кадам сайын тез татым сатуучу жайлар. Ал жердеги идиш жуучу, короо шыпыруучу, официант деген иштердин дээрлик көбүн мигранттар аткарат. Бул ишке Алибек кирип алганына 2 ай болгон. Айлыгы жакшы, өзүнө туруктуу батир таап алган. Батирине жетет, ашканын чогултуп жүрөт. Ошол күнү атайын шаар көргөнү чыккан. Колунда Жамиляга арналган мамалак. Аны эмне кыларын, эмнеге сатып алганын деле билбейт. Болгону 5-класстан бери адат болуп калган Жамилянын туулган күнүн унутта калтыра албады. Мурун сөйкө, шакек же бир башка нерсе берчү эле, эмнеликтен жүрөк кармаган мамалак сатып алганын түшүнбөдү. Деңиз бойлой басып жүрүп орундуктардын бирине отуруп калды. Катуу ойго чөгүп кеткен экен, бир маалда саатын карап, кетүү үчүн ордунан турду. Турган боюнча катып калды. Көргөн көзүнө ишенген жок. Эки аттам аралыкта Жамиля турат. Өзү! «Жамиля» деди алгач шыбырай. Анын шыбыраганын эч ким укпады окшойт, эми кыйкырып жиберди. «Жамиля-я!»
Эки аттап жетип кучактап калды. Азыр түшү болуп калчудай жүзүн сыйпалап жиберди. Жамиля андан бетер дендароо. Стамбулдан Алибекти кезиктирем деп үч уктаса түшүнө кирген эмес.
– Жами, жаным менин. Сенсиң, бул сенсиң, ээ?- деп жатты ишене албай.
– Сен кайдан?- кыз апкаарып кетти.
– Сени издеп келдим. Бирок таба албай...
Ал Алибектин издеп келерин билген эмес. Эч нерсени билбейт экен да. Көзүнө жаш толду.
– Кайдасың сен? Кайсы райондосуң? Иштеп жатасыңбы?
Жамиля эки жагын каранып алды. Көзүндө коркуу бар эле. Анын аркасынан калбаган Эге көрүнбөдү. Чоң соода борборуна келип аны-муну тандап жатышкандан пайдаланып жашырынып чыгып кетип деңиздин жээгине келген. Минтип Алибекти жолуктуруп калам деп эч ойлогон эмес.
– Жүрү,- деди ал энтиге Алибекти колдон ала.
– Кайда?
– Мени издеп калышат. Сени менен сүйлөшкүчө эч ким таппай турган жерге кирели.
Алибек колдон алды. Энтиге жетелешип алдыга шашып бара жатышты. Мындан ары эмне болот? Эч нерсени ойлогулары келбей, кол кармаша кетип бара жатышты.


ххх


– Эмне унчукпайсың
– Эмне дейин? Мени бекер издеп келдиң, мен...- үнү титиреп кетти кыздын.
– Айтпа, унчукпа. Бүгүн минтип кучакташып отурганыбыз жетет. Калганын кийин сүйлөшөбүз.
Алибек колун кыса берди. Экөө тең бир нерсе өзгөргөнүн сезип турушту. Өзгөчө Алибек. Шалпайып арыктаганын, жүзүндөгү билинер-билинбес сепкилдерди, кучактатпай коомайланып турганын байкады. Бирок өзгөрүлбөгөнү өзүнө бериле тиктеген сулуу көздөр, наристеникиндей эриндери. Жамиля бутунун учуна тура калып, жигиттин моюнунан шуу жыттады. Алибектин жытын аябай жакшы көрөт. Жагымдуу, жылуу, сөз менен айтып бере алгыс сонун жыты бар. Көрбөгөнүнө жарым жылга жетпеген убакыт болсо да, бири-биринин чоңоюп кеткенин сезишти. Бул башкача бир сезим эле. Экөө тең балалык сүйүү эмес, кадимки эле аял менен эркектин ортосунда боло турган башкача сезим жаралганын байкашты. Бул андан да аярлуу, андан да терең, тап жылдыргыс кумарлуу эле. Буга Жамилянын акылы жетпеди, бирок бир ички туюм менен сезип жатты. Жолуккандарына 3 саат болду, бирок маанилүү деле сөз сүйлөшө алышпады. Сагынып ичи эзилип тиктешет да, отурушат.
– Кетишим керек,- деди акыры кыз.
– Кайсы райондо жашайсың?
– Сураба, эмки жолу деп сөз бердик го, баарын эмки жолу айтып берем.
– Телефонуң барбы? Кантип байланышабыз?
– Телефонум жок. Бирок жекшемби күнү ушул жерден жолугалы.
– Саат канчада?
– Билбейм, ыңгайы келери менен чыгып бул жерге келем. Сени күтөм. Сен да мени күт.
– Сөзсүз келесиңби?
– Келем!
– Тура турчу.
– Канча убакыт?
– Жарым саат.
Коштошордо кызды жанынан чыгаргысы келбей турса да, тиштенип жатып коё берди. Кыз тез-тез арымдап жөнөдү. Жигит артынан тиктеп туруп, анан тизе бүгүп отура калып жер муштай ыйлап жиберди.


ххх


«Жамиля жок» деген кабарды уккандагы Керемдин кебетеси Эсманын көз алдынан кетпей жатты. Көзүнөн каары чыгып, өкүрүп-бакырып жатты. Эч кимди, жадакалса шектенет деп үй кызматкерлерин да ойлободу.
– Көзүңдү алба дебедим беле, Эге?!- деп бакырды.
– 2 мүнөттүн ичинде көздөн кайым болуп кетти. Соода борборунда жүргөнбүз.
– Кайсы жердеги?
– Кадыкөйдөгү.
– Адашып кеткендир анда?
– Жок, менимче, атайылап качты.
Керем башын мыкчып отуруп калды. Кайра телефонду тере берип болгон үнү менен бакырып алды. «Тез, 20 мүнөттүн ичинде таптык дегиле! Болбосо..."
Айтканындай болду. Жарым сааттын ичинде Жамилянын табылганын, үйдү көздөй алып жөнөшкөнүн айтышты.
«Шүгүр, Аллага миң мертебе шүгүр» деп алды Керем босогодон аны көргөндө. Жамиля анын жүзүнө тиктеп да койбоду. Акырын басып өз бөлмөсүнө өтүп кетти. Өзүн күнөөлүү сезип келет деп ойлогон мырза таң кала оозун ачып туруп калды. Өзүнө келип, Жамилянын аркасынан бара жатып энесинин көзү менен «токто» деп белги бергенин байкады. Жаагын сүргүлөп ыңгайсыз абалда туруп калды. Эртеси эле Керем бакчадан Жамилянын каршысынан чыкты.
– Кечээ кайда жүрдүң?
–...
Кыздын кашын серпе «сенин кандай ишиң бар?» дегендей кайдыгер кабагын чытып койгону акыркы чек болчу. Колунан сүйрөй бактардын далдоосуна тарта берди.
– Кайда жүрдүң дейм?!
– Менин күйөөм ким?
– Ыя?
– Менин күйөөм Ахмед. Мен өз күйөөмө гана түшүндүргөнгө акым бар. Сен мага эч ким эмессиң. Андыктан сенин суроолоруңа жооп жок.
– Сабырымды түгөтпө, Жамиля. Мен... Мен сени...
Алкымы буулуп кетти. Чакчаңдаган көк көз неменин көздөрүнөн жаш ирмеле түштү. Эгерде азыр жүрөктүн тили болгондо эмне деп сайрайт эле?.. «Мени жинди кылдың! Акыркы күндөрү мен өзүмдү сени көрүү, сенин үнүңдү угуу үчүн гана жашап жүргөндөй сезем. 40 жашка жеткенде акылды адаштырган мындай нерсеге туш келем деп ойлогон эмесмин. Болгондо да үй кызматчысын, өз инимдин мыйзамдуу аялын сүйүп калам деп ойлогон эмесмин. Бул эмне? Сени көрмөйүнчө ордумда тура албайм. Ахмедди жетелеп жүргөнүңдө кызганычтан өлүп калгым келет. Бир да эркектин колун сага тийгизгим келбейт. Сенин бөлмөңдө уктап жатканыңа көзүм жетмейинче өзүм да уктабайм. Балким, сен менин баламды карыныңда көтөргөнүң үчүн ысык сезилип жатасыңбы? Эмне сыйкырың бар? Айтчы? Бул сүйүү эмес. Жок, мен сени сүйүшүм мүмкүн эмес! Бирок сүйбөй коюшум да мүмкүн эмес. Эмне кылам эми? Бул күнөө менен кантип жашайм?» Жүрөктүн тили болгондо алдында турган кызга ушуларды сайрамак. Бирок айта албады. Өзүн жек көрө тиктеп турган жанга эч нерсе деп айта албай койду...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
aytkulova
2017-10-03 09:22:45
Ухх, чыкты ээ сайтка). Чыкпайт окшойт деп кыжалат болуп кеттим эле.
+2
aytkulova
2017-10-03 10:08:15
Журок оорулуу болуп атам мен)). Сериалдарды окуп, тынчып, сутко тойгон кучуктой отуруп калдым))
+10
operaledi
2017-10-03 10:10:03
Берилииип окуп атсам бутуп калды го
+4
alisha00
2017-10-03 10:14:16
Жииинди болду
+2
Asol.Aslo.
2017-10-03 10:30:25
Мен да бироону суйуп жибергим келди... Соонун чыгарма авторго рахмат...
+4
nurhan2702
2017-10-03 11:14:41
Алибек экоо качып кетишсе жакшы болмок
+6
Aitun
2017-10-03 12:47:32
Керем суйуп калыптыр эми коюп жибербейт
+4
IsiAizaSultan
2017-10-03 18:06:20
Сонун чыгарма дв
0
Adeli_Jasi
2017-10-03 19:07:52
Соонун чыгарма экен!Мен да чыдамсыздык менен кутуп окуйм.Авторго ийгилик,калеми курчуй берсин!
+2
Girl1996
2017-10-04 10:47:38
yaa Rabbim Allah, eemi emne bolot?
0
Nazar76
2017-10-04 16:22:49
Бул сапар мен биринчи деген мактаанчак окурмандарыбыз жокко
0
AselBaika
2017-10-18 09:52:43
780 саны чыккан эмеспи айтып койгулачы, таппай атам
0
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан