КЫРГЫЗСТАНДАГЫ «ASIA MOTORS» ТҮШТҮК КОРЕЯЛЫК «HYUNDAI`ДЫН» РАСМИЙ ДИСТРИБЬЮТОРУ БОЛДУ

Дүйнөгө таанымал түштүк кореялык «Hyundai Construction Equipment» (HCE) компаниясынын оор техникалары эми Кыргыз өлкөсүнө түздөн-түз алып келинет. Мындай алгылыктуу ишти Бишкектеги «ASIA MOTORS» жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырды. 22-сентябрда аталган кыргызстандык компания «Hyundai`дын» расмий дистрибьютору болгонун жарыялады.

«ASIA MOTORS`ТУН» АЛГАЧКЫ КАДАМЫ


«ASIA MOTORS» компаниясы 2005-жылдан бери Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Компания унаа сатуу жана техникаларды оңдоп-түзөө кызматтарын сунуштоо менен өз ишин баштаган. Ал эми 2008-жылы болсо майда жана дүйнөлүк бренд техникаларынын атайын борборун ишке киргизген. Франциялык «Renault» компаниясынын өлкөбүздөгү расмий дистрибьютору жана германиялык «Mercedes-Benz» компаниясынын расмий дилери болуп кызмат көрсөтүп келген. Ошондой эле "Hyundaiдын" унааларын өлкөбүздө сатчу расмий өкүлү болгон. Мындан сырткары дүйнөлүк брендге айланган «Audi», «Volkswagen» компаниялары жана унаа тетиктерин чыгаруучу «EGR», «Novline» соода белгилери менен кызматташып келүүдө. 2017-жылдын 4-апрелинен тарта дүйнөгө таанымал «Hyundai Construction Equipment» компаниясынын Кыргыз өлкөсүндөгү расмий дистрибьютору болуп да иштей баштады.

167 ӨЛКӨНҮ ТЕЙЛЕГЕН «HYUNDAI»

Түштүк Кореянын дүйнөгө таанымал «Hyundai Heavy Industries» компаниясы 1961-жылы негизделген. Ал эми атайын курулуш техникаларын иштеп чыгарчу «Hyundai Construction Equipment» аттуу бөлүмүн 1985-жылдан бери иштетип келет. Аталган компания оор техникаларды, ошонун катарында кемелерди да иштеп чыгарууда дүйнөдө лидер саналат. Тактап айтсак, дүйнө кемелеринин 17 пайызы аталган компанияга таандык. «Hyundai Construction Equipment» компаниясынын башкы менеджери Согбо Юндун айтымында, аталган компаниянын учурда 167 өлкөдө 800дөн ашык өкүлчүлүктөрү иш алып барууда. «Hyundai Heavy Industries`дин» заводдору Түштүк Кореядан сырткары АКШ, Кытай жана Болгарияда ачылган. Оор техникаларды жасаган жаңы бөлүмдө каз тамандуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, фронталдык жүк салуучу унаалар, малалар, айры жүк салуучу унаалар жана башка атайын техника түрлөрү жасалат. Аталган компания 2016-жылы Орусияда эле 2 жарым миң курулушка керектүү техника сатканга жетишкен.

«HYUNDAI» ЭМИ КЫРГЫЗСТАНДА

Дүйнөгө көп тармактуу техникалары менен таанылган Түштүк Кореянын «Hyundai» компаниясынын курулуш техникалары эми Кыргыз өлкөсүнө да алынып келине баштады. Мындай пайдалуу келишимди Бишкектеги «ASIA MOTORS» ЖЧКсынын жетекчилиги түзгөн. «Hyundai Construction Equipment» компаниясы менен «ASIA MOTORS» ЖЧКсынын кызматташтыгынын расмий ачылышына «Hyundai Construction Equipment» компаниясынын башкы менеджери Согбо Юн, «Кыргызстан лизинг компаниясы» ЖЧКсынын башкы директору Улан Сатывалдиев жана «Азия моторс» ЖЧКсынын аткаруучу директору Арслан Хайров катышты. «Азия моторстун» аткаруучу директору Арслан Хайровдун айтымында, «Hyundai» маркасы учурда Кыргыз өлкөсүндө пайдаланылып жаткан негизги техникалардын катарына кирет. Ошондой эле өлкөнүн курулуш тармагында иштеп жаткан техникалардын 55 пайызын түзөт. «Азия моторс» келишимдин негизинде бул көрсөткүчтү 5 жыл ичинде 65 пайызга жогорулатууну пландоодо.
«Hyundai» компаниясын тандаганыбыздын негизги себеби, алар сапаттуу техникаларды чыгарат. Кыргыз өлкөсүндөгү курулуш техникаларынын басымдуусу ушул маркага таандык. Мындан улам биз да бул компания менен түздөн-түз иштешүүнү колго алдык. Бардык техникаларыбыз Түштүк Кореядан алынып келинет. Биз кардарларга техникаларды сатпайбыз, узак мөөнөткө бөлүп төлөөгө шарт түзүп беребиз. Мында биз лизинг системин сынап көрмөкчүбүз»,- деди Арслан Хайров.

ИСЛАМ ПРИНЦИПТЕРИ МЕНЕН СООДАЛАШУУ


«Hyundai Cons-truction Equip-ment» компаниясынын техникаларын узак мөөнөткө лизинг системи менен алсаңыз болот. Бул багытта өлкөдө алгачкы ирет ислам принциптери сакталмакчы. «Кыргызстан лизинг компаниясы» ЖЧКсынын башкы директору Улан Сатывалдиевдин билдиришинче, аталган компания 2015-жылдын июлунан тарта иштеп келет.
«Кыргызстан лизинг компаниясы» өлкөбүздөгү лизинг системин ислам принциби менен жүргүзгөн жалгыз компания. «Лизинг системинде акча валютасы катары АКШ доллары тандалып алынган. Техникалардын акысын төлөө мөөнөтү 18 айдан 60 айга чейин созулат. Бул кардарлар үчүн өтө ыңгайлуу. Күрөө катары техниканын өзү коюлат»,- деп билдирди Сатывалдиев. «ASIA MOTORS» компаниясынын маалыматына караганда, Кыргыз өлкөсүндө экскаваторлорго талап жогору. Мындан улам компания 2018-2022-жылга карата 100 оор курулуш техникасын сатууну пландаган болсо, анын 85и экскаватор.
Эки тараптуу кызматташтыктын расмий ачылышында алгачкы кардарлар "ASIA MOTORS'тун" баалуу белектерине ээ болушту.
Ачылыш аземинде техникалар кардарларга тааныштырылды.
Курулуш техникаларынын түрлөрү 33 300 доллардан 262 900 долларга чейин. Алар 18 айдан 60 айга чейин бөлүп төлөөгө берилет.
Чакан экскаваторлор кардарлардын кызыгуусун жаратууда.

Бектур Токтоноев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tractorist
2017-10-04 12:13:14
Жакшыго
0
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан