СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Ка-ап, анда сен мени Толгонайдын айылына алпарып кел,- деп өтүндүм.
Ал макул болуп, жанында машинасы да даяр экен, зуулдап жөнөп калдык. Жетер жерге жетип алып, Толгонайды үйүнөн чакырып чыгууга сен бар, мен бар боло баштадык.
– Сен бар,- деп машинанын алдыңкы орундугунда отурган шамдагай баланы жумшадык.
– Чын эле сен бар,- деп таанышым да аны демитти.
– Мен тааныбайм да,- деди тыңшоочун кулагынан алып жатып.
– Бирөө чакырып жатат дейсиң да.
Ал эч каршылык көрсөтпөй эле жөнөп калды. Көп өтпөй энтеңдеп чуркап келди.
– Үйүнө кирип кыйкырсам эч ким чыкпайт, короосуна өтө берсем апасы бар экен. Чакырып жатат десем, «ким?» дейт. Оштон келишиптир деп койдум.
Баарын чалды-куйду кылып апасын чакырып чыкканын карасаң. Көрсө, Толгонай Орусияга кетип калган экен.
Бир аз өтпөй жашы кырктын кырындагы орто бойлуу аял бизге жакындап келатты. Ошондогу калтыраганымды айтпа, бутумдун учунан тартып чачтарым да дирилдеп жаткандай туюлду. Болор иш болду, эми көзмө-көз жолугуп сүйлөшүп алабыз деп ойлодум.
– Силер машинадан түшүп тургула,- деп балдардан сурандым.
Аял машинага отурганда дагы эле калтыраганым басылбай, үнүм дирилдеп араң саламдаштым.
– Эмне үчүн бир ооз дартымды сурабай келе бердиңиз?- деп биринчи эле таарынычымды айттым.
Ал бир нерселерди айтып жооп бергенсиди. Мен аны кайрадан шаарга чакырып, мамилебизди биротоло чечип берүүсүн сурандым. Биздин мамилебиз алар үчүн бүткөн, болуп өткөн окуя болсо, мен жүрөгүмдү өйүгөн көйгөй эле. Көкүрөгүмө толгон бук көөдөнүмдү кысып, өзүмдү кармай албай көпкө чейин солкулдап ыйладым.
Бир топ күндөн кийин Бактиярдын апасы телефон чалып, шаарга келүүгө таптакыр мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди. Жат бирөөнүн перзенти болсом да, инсан катары көз жашымдын убалы, кыз баланын кусуру кыпынчалык кызыктырбады окшойт.
Ал эми Бактияр тизе бүгүп чөгөлөп, жалынып-жалбарып кайра эле тынчтыкты суранды. Менин жүрөгүмдү сыздатып, абийиримди тебелеп, өзүнүн керт башын коргоп жатканы ого бетер кыжырымды келтирди. Айласы кеткенде коркутуп-үркүтүп, эгер тынч койбосом элдин алдында шерменде кыларын айтып, опузалай баштады. А менин аны сүйүп, ишенгенден башка шерменде болгудай эч нерсем жок болчу. Баарына ой жүгүртүп, жакшы-жаманына акылым жетип, алтургай эртеңки күндүн оң-тескерисин түшүнүп турсам да, кечиримдүү боло албадым. Кечире албаганым менен, дале аны сүйүүдөн танган жокмун. Бактияр айткандай, «баары жакшы болот» деген илгери үмүткө көбүрөөк байланып жаткансыдым. Же өзүмчүлдүк менен аны башкага ыраа көрбөй жаттым.
Ырыбызга да, чырыбызга да чек коюлуп, апрелдин жамгырлуу күндөрүнүн биринде Бактияр экөөбүз анын айылына жол тарттык. Бул жол мени Бактиярдын үйүнө алпарары анык болгону менен, тагдырымдын жолу бүдөмүк эле. Ооба, тагдырым чындыгында бул жолго мажбурлап, аздыр-көптүр насибим коштоп бараткан болчумун. Мен гана эмес, бул сапардын, бул тагдырдын башталышына баарыбыз бири-бирибизди мажбурлап жаттык. Аянычтуусу – кашыктап жыйган кадырымды жаап жаткан жамгырдай төгүп келүүгө баратканым. «Кызым, баары жакшы болот. Биз силерди күтүп жатабыз. Кол кармашкыла да, айылга келгиле» деген Бактиярдын атасынын сөзү, убадасы мага дем берип турду.
Бизди Бактиярдын апасы тосуп чыкты.
– Түш!- деп Бактияр буйрук бере сүйлөдү. Унчукпай машинадан түшүп, ызалангандан көзүмдөн жаш төгүлүп турду.
– Эми ыйлаганыңдын кереги жок!
Мага кайнене болуучу аялдын оозунан чыккан биринчи сөз ушул болду. Көз алдыма агамдын кыз ала качып келгени тартылды. Апам анын мөлтүрөгөн жашын колу менен аяр аарчып, башын көкүрөгүнө басып:
– Каралдым, ыйлаба, жаман жерге келген жоксуң. Кадамың куттуу, өзүң ырыскылуу бол! Бактылуу болгула, айланайындар!- деп сары май менен оозандырган. «Кыз бактылуу болор жерине ыйлап барат» деп улуу жеңелерим апамдын сөзүн коштогон эле.
Эки секелек кыз таңыркап, улам-улам мени карап айланчыкташат. Алтургай алардын кичинекейи мен кирген бөлмөгө кошо кирип, божурап таанышып алууга да жетишти. Бул учурда Бактиярды ата-энеси башка бөлмөгө киргизип алып көпкө чейин талкуу кылышты.
Андан соң теңирден тескери иш башталды. Ата-энеси мени ортого алып «разборка» кыла башташты. Мен жөнүндө айтылбаган сөз калган жок. Апасынын ою боюнча, мурда ар ким менен жүрүп, анан жашым өтүп калгандан соң минтип кой оозунан чөп албаган момун, ак көңүл, жакшынакай баласына жармашып башын айлантыпмын. Алтургай мага «күйөө бала» болуп таанышкан өзүнүн кызы Толгонайдын жигитинин достору менен келип сүйлөшүп кеткенимди кыңыр алып, жүрөгүнө сактап калган экен.
– Өткөндө да шуулдаган балдар менен бирге келдиң, Кудай билет, алар менен кандай мамилең бар экенин?!- деп күнөөлөдү.
Толгонайдын сырын ачкым келбегендиктен, унчуккан жокмун. Алтургай мени карт бөрүгө теңеди. Атасынын айтуусу боюнча, уулунда кыпындай күнөө жок, мен кекселик кылып жатыптырмын. Түшүндүрүп айтам деп далбас урганым текке кетип, каяша сүйлөгөн какбаш да болдум. «Жаным, жалгызым, сен мага керексиң, мен сени бактылуу кылам» деп бир эмес миң жолу айткан Бактияр наадандык кылды. Эгер эле буларга «разборка» керек болсо, сот аркылуу чечишип алууну сунуштаган элем. Баары жакшы болоруна бир ооздон убада беришип, анан босогосун аттап киргенден кийин алардын мындай «калыс соту» ыйманы түз адамга коошпой калды.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
gulia
2010-05-17 20:31:49
эмнеге мынча таш боор адамдар экен аа,ушунча кордоп жатканга чыдаган кызды айтсанар.Жигиттер силерден сураныч кыздарды да ойлоп койсонор болооо
0
safina
2010-05-18 09:48:15
Оооочень обидно зачем эркектер кыздарды алдап кылганын кылып алып эми бети тултуюп турат, кок мээби Бакыты эгер кыз ар ким менен жургон кыз болсо, сенин аркана неге жалдырап унижения болуп журмок дагы бир крутойду чаап кетип калмакта ушунча жан дуйносун кыйнабай.
0
AazamatBBB
2010-05-18 19:22:33
билбейм эмнегедир Бактиярдын апасын эне оордуна койбой таш боор адамды корсотуп салдыго эне деген таптакырандай корунушко барбайт!
0
aizita
2010-05-19 05:46:06
Malika ozu Akyly ele jok kYz eken. eger Akyly bolso kyz bashy Bir erkekke koz karandy bolboshu kerek ele. Balkim kiinki sandarynda Malikanyn oz katachylyktaynan kop nerseni uirongonun okuurbuz.
0
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан