ЖЫЛ САЙЫН ЖОГОЛУП, КАЙРА ЖАРАЛГАН МЕРЦБАХЕР КӨЛҮ

Өлкөбүздө керемет көл бар, өзгөчөлүгү – анын жок болуп, кайра пайда болуп турушунда. Жылына 1, кээде 2 жолу бул көлдүн суусу толук агып кетип, кайра толуп турат. Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз өрөөнүндө, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этегинде жайгашкан бул укмуштуу көл Мерцбахер деп аталат.

КӨЛ ТУУРАЛУУ

Мерцбахер көлү – Борбордук Тянь-Шандын Хан-Теңири тоосунун батыш капталындагы бийик тоо көлү. Көл Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сары-Жаз жайлоосунда деңиз деңгээлинен 3304 метр бийиктикте жайгашкан. Кыргызстандын Казакстан жана Кытай менен чек араларына жакын аймакта. Эңилчек өрөөнүнүн батышында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этек бөлүгүндө Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн туурасы 2 чакырымдай болгон бөлүгү эриген суунун жолун бөгөп көлдү пайда кылган. Көлдүн узундугу – 2-3, туурасы – 1,1 чакырым, аянты – 4-4,5 чарчы чакырым, орточо тереңдиги – 50, эң терең жери – 80 метр. Мөңгүнүн эришине жана ошого жараша суунун топтолушуна байланыштуу көлдүн көлөмү өзгөрүп турат. Ар кайсы жылдары көл жарылып суусу агып кеткенге чейин 120дан 237 миллион метр кубга чейин суу топтолот. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омурулуп кулаган муз сыныктары (айсбергдер) көлдүн үстүндө калкып жүрөт. Көл жогорку жана төмөнкү деп аталган ортосун муз бөлгөн 2 бассейнден турат. Жогорку жагын дайыма муз каптап турса, төмөнкүсү жайында эрип агып турат. Июль, август айларында көл сууга толуп, Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн жаракалары аркылуу 5-7 күндүн ичинде суу агып кетип, көлдө майда чөөттөр гана калат. Кээ бир жайы салкын жылдарда көл сууга толбогондуктан, суу агып чыкпай калган учурлар да болот. Көлдөн агып чыккан суу Эңилчек дарыясына кошулат, анда дарыядагы суу 3төн 15 эсеге чейин көбөйүп, ташкындап, өз нугунан чыгып же көпүрөлөрдү бузуп кеткен учурлар да жок эмес. Немис саякатчысы Готфрид Мерцбахер 1903-жылы ачкандыктан, көл анын атынан аталып калган. Мерцбахер соолуп бараткан көлдөрдүн катарын толуктап келет.

«МУРДА «ДҮҢГҮРӨМӨ КӨЛ» ДЕП АТАЛЧУ ЭКЕН»


«Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкери, Мерцбахер көлү жайгашкан Эңилчек аймагынын башчысы НУРЛАН ОРОЗАКУНОВ көл тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ак-Суу районунун Эңилчек айылынан көлгө чейин болжол менен 30-40 чакырымдай. Көлгө унаа, ат бара албайт. Эңилчектен ары жөө орточо 4 күндө жетсе болот. Көлгө баруучу жол өтө татаал. Муз, ташты аралап барууга туура келет, жолдо адашып кеткендер да болот. Кышкысын болсо киши бара албайт. Кар калың жаайт. Чилдеде температура 50-60 градус суукка чейин жетет. Көл кадимки көлдөр сыяктуу чалкып деле жатпайт, суунун үстү, тегереги көбүнчө тоң болуп турат. Тегереги бүт тоо-таш, муз. Жайында деле түнкүсүн бул жердин температурасы нөлдөн ылдый болот. Көлдө эч кандай балык жашабайт. Уникалдуу болгону үчүн окумуштуулар менен туристтерди өзүнө тартып турат.
Көлдү көрүү үчүн жыл сайын жайкысын туристтик фирмалар аркылуу орточо миңдей чет өлкөлүк турист келет. Аларды кызыктырганы, бул көлдөгү суу толуп, муздардын жарылып суунун атылып чыгышы. Мындай керемет кооз көрүнүштү күтүп жумалап, 10 күндөп жатышат. Ошол убакыттын ичинде көл жарылып, суу акканына туура келип калса көрүп калат, болбосо айла жок көрбөй эле кетишет. Негизи көл жылына 1 же 2 жолу агып чыгып, кайра толот. Бирок кээ бир жылдары акпай деле калат. Көлдөгү суу толгон мезгилде 5-7 күн ичинде суу көлдүн этегине топтолгон көчкү, муз, тоңдор менен кошо агып чыгып кетет. Булар муздун асты менен аккандыктан, ошол убакта ар кандай дүңгүрөгөн үндөр чыгып турат. Ошондуктан илгери эл «Дүңгүрөмө көл» дешчү экен.

«КӨЛ ТОЛУК ИЗИЛДЕНЕ ЭЛЕК»

«Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркынын илимий кызматкери АЙЗАДА ЭСЕКЕЕВА көл тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Советтер Союзу убагында Эңилчек мөңгүлөрүнө жана анын тегерегиндеги тоо кыркаларына изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Мерцбахер көлүнүн жалпы аянты, тереңдиги, болжолдуу жарылуу убактысы, климаттык шарттары аныкталган. Көлдүн изилденишине АКШдан келген илимпоздор да чоң салым кошкон. Алар мөңгүнүн ичиндеги каналдарды, табигый муз үңкүрлөрүн изилдөө менен бирге суунун агып чыгышынын сырларын изилдешкен. Аба ырайынын катаалдыгы жана бийик тоолуу шарттар дагы деле көлдүн жана Эңилчек мөңгүлөрүнүн сырларын толук изилдөөгө мүмкүнчүлүк бербей келет. Көл суусунун кантип агып чыгып кетиши тууралуу так аныктама жок.
Суу өзүнүн чегине жеткен учурда музду көтөрөт да, астындагы каналдар аркылуу агып кетет. Мөңгүнүн астында мындай каналдар өтө көп, суу 5-10 градуска жылыганда ошол каналдардын оозундагы муздар эрийт. Ошондо күчтүү басым каналдын оозундагы муздарды тээп чыгып агып баштайт. Бир нече канал аркылуу аккан суу көлдөн ылдый 5-10 чакырымдан кийин музду жарып сыртка атып чыгат. Суу атып чыккан оюктун орточо диаметри 2-3 метр болот. Бул оюктардан чыккан суу 20-30 метр бийиктикке чейин жетип, фонтан болуп атылат. Көлдүн суусу Эңилчек дарыясына барып кошулат. Ошол убакта дарыя үйдөй таштарды оюнчуктай эле агызат. Жогорудан караганда үйдөй болгон таштар бири-бирине урунуп, суунун ичинен учкундар чыкканы көрүнөт. Көтөрүлгөн муз суу чыгып кеткенден кийин ошол замат кайра түшпөгөндүгүнүн себеби, астында чоң муздардын туруп калышы менен түшүндүрүлүп келет. Көлгө суу толгон мезгилде муз дамбанын борбордук бөлүгү 6 метрден ашык көтөрүлгөнүн окумуштуулар аныктаган. Алгачкы күнү суунун деңгээли акырындап азайган болсо, бара-бара суу тез агып чыгып, көлдүн аянты кичирейе баштайт. Суу агып кеткен соң көлдүн ордунда иретсиз үйүлгөн айсбергдер гана калат. Бийиктиги 100 метрге чейин жеткен айсбергдер акырындап эрип, сынып отуруп майда муздарга айланат. Мындай зор муздар сынып, кулаганда чыккан добуштар жаңырып, өзгөчөлүк жаратат. Ошентип муздарга толгон көлдүн орду жазга чейин турат да, мөңгү эрий баштаганда көл кайрадан толуп баштайт.
Ал эми көлдүн ордунда жаткан муздардын ирилеринин кээ бирлери суу толгондо кокусунан үстүнө калкып чыгат.

Суусу агып кеткенден кийинки көлдүн көрүнүшү.
Мерцбахер көлүнүн суусу агып чыккан соң ушул Эңилчек дарыясына келип куят.
Кыргызстанда жалгыз ушул көлдө гана айсбергдер сүзүп жүрөт.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
baatyrbek083
2017-10-04 11:26:18
Эхх кандай керемет жерибиз бар.
+3
pero123
2017-10-04 13:05:48
соонун керемет жер экен.картина кылып жаза турган го жаратылышын.
+2
Shahrizaada
2017-10-04 15:27:53
Кыргызчале атагылачы. Ансыз да канча көчө,айылдар орусча айтылып жүрөт. Көл кыргызчале аталышы керек
+7
abdyldaeva
2017-10-04 15:56:58
Shahrizaada, Кызыксынго колду ким ашча ошонун атынан койулду да
+1
Nurila1992
2017-10-04 18:13:05
Укмушко барыш керек экен бирок 4 кун жоо журсон,карышкыр жок бекен ал жакта
+4
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-07 07:08:53
Nurila1992, ото коопсуз адам экенсиз )))
+2
-Killer-
2017-10-04 20:27:26
кыргызстанда кереметтер коп бирок ........... кадырына жетпейт да
+2
mikoo
2017-10-05 08:26:16
Керемет!
+1
Kroxa
2017-10-05 10:01:20
Немис саякатчы 1903-жылы биринчилерден болуп тоону ашып барган коргон десе болот колду ачкан дегени кандай?? Ал озу эле илгертеден жаткан монгулордон пайда болгон кол да..
+2
Nurmat92
2017-10-05 10:34:43
Кайдагы Мерцбахер? Дүңгүрөмө көл деп мерцбахерден мурун эле ата бабаларыбыз атап койгон
+3
Kereza1904
2017-10-05 21:24:29
Нурбек ака
-1
birtanem
2017-10-05 23:34:49
Акчам коп болсо окмуштуларды , 21 кылымдын кучтуу технологияларын алып келип изилдетмекмин. Кыргызстанда ушундай бир керемет , сырлуу жерлерибиз аябай коп. Баарын изилдегим келет..
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-07 07:11:00
birtanem, озубуз окуп озубуз кылыш керек бироонун кычышкан жерин бироо катыра тырмабайт
+2
alimzhanova_02
2017-10-07 20:13:15
Барганда тонуп олуп кала жаздагам
+1
jon.as
2017-10-08 17:08:29
Кереметуу Кыргызстаным сенден айланайын
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-10-10 01:04:30
Бул жерди дагы чондорубуз жок кылбаса болду эми
+1
balzak
2017-10-11 16:42:06
керемет Кыргызстан!
0
Asylbek2802
2018-04-13 12:32:01
Ушул көлгө дамба курса болгудай экен
0
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан