(Башы өткөн сандарыбызда)
– Иман дейсиңби?!
Айша ордунан ыргып турду. Жүрөгүнүн түпкүрүнө катылган бул ысымды угары менен тааный койду.
– Ооба, анча эмне чочуладың?
– Эч нерсе, мен азыр...
Айша шаша-буша жөнөп калды. Гүлнаранын абалы оорлоп, реанимацияга которушкан. Ошондон бери өзүн күнөөлүү сезип, чүнчүп да кетти. Азыр Имандын атын укканда, Айша Гүлнаранын көз карашын эстей койду. «Жок, андай болушу мүмкүн эмес! Эмне, дүйнөдө Иман деген аттар азбы?..» деп өзүн жошутканы менен, өзүнүн Иманы экенин көңүлүнүн түпкүрүндө туюп турду.Халатын желбегей жамынып, учуп-күйүп палатага кирип барды. Керебетте билинер-билинбес дем алып, өңү керсары тарткан Гүлнара алсыз кыңылдады:
– Иман, сенсиңби?
– Жок, мен Иман эмесмин. Гүлнара, мен Айшамын.
Калтырап кеткен аял керебетке эңкейе калып шыбырап жиберди.
– Айтчы, сиңдим, Иман... Иман сенин...
Айша буулуга сөзүнүн аягына чыккан жок.
– Иман, келчи, келчи... Мени алып баратат, Иман...
Айшанын сөзүн укпаган Гүлнара кайрадан жөөлүп, Иманды чакырып кирди. Шалдайган Айша Гүлнаранын сулуу жүзүн телмире тиктеп турду. «Көрсө, Имандын аялы ушул экен да. Аттиң ай, айланган тагдырлар ай, ким экенин билбеген боюнча эле калсам эмне?..» Гүлнаранын күнү эсептелүү калганын эстегенде жүрөгү мыкчылып кетти. Алсыз кыңылдап, жашоодогу жалгыз жакын адамын чакырган аны чыдап карап тура албай, Айша чыга качты.
Реанимация. Кулак-мурун кескендей жымжырттыктан жүрөгүң сыгылат. Башын эки колдоп мыкчыган калыбында эстеликтей бир чекитти тиктеген Иман отурат. Айша аны алыстан карап турду. Иман байкаган жок. Акыры чыдабай кетти да, тез-тез кадам шилтеп жанына келди. Бирок дагы да үн катканга даабай турду. Акыры үнүн жасап жөтөлүп койду. Башын шак көтөргөн Иман маңдайындагы ак халатчан аялды көрө коюп чочуп кетти. Үмүттүү карады.
– Доктур, айтыңызчы, абалы кандай?
Имандын жалынычтуу үнүн угуп, чыдабай терс бурула берди.
– Эмне, үмүт жокпу?
Айша дагы эле үнсүз.
– Эмне унчукпайсыз?!
Жаалдана кыйкырып жиберген Иман эки аттап жетип келип, Айшанын ийининен булкуп жиберди.
– Эмне мынча кыйнайсыңар?! Айт дейм, үмүт барбы?!
– Билбейм, Иман, абалын өзүң көрүп турбайсыңбы.
Акырын үн каткан Айша жаш толгон көздөрү менен Иманды тике карады.
– Иман...
Аялдын добушу ушунчалык тааныш сезилип кетти. Кайдан укту эле, бул добушту? Аялдын жүзүнө эми серп салган Иман дендароо болуп туруп калды. Мындан жыйырма жыл мурун так ушул жаш толгон көздөр өзүн телмире тиктеп турбады беле.
– Айша...
Айша башын аста ийкеди.
Алдында турган аялды мурунку Айшага таптакыр окшоштура албай турду. Өтө өзгөрүлгөн экен. Бир гана көзү өзгөрбөптүр. Баягы мээримдүү көздөр азыр деле ошол мээримин жоготпоптур.
– Айша, сен кайдан?!
Имандын оозунан ушул сөз араң чыкты.
– Мен ушул жерде иштейм.
Экөө унчукпай бири-бирин карап тура беришти.
– Сени күтүп калды, Иман. Бар, кеч болуп кала электе. Өзүңдү колго ал, суранарым. Сени гана күтүп жатат өңдөнөт,- деди да, Айша шарт бурулду.
– Мени күтүп... Эмне, такыр эле... Жок, жок, кантип эле ошондой болсун?!
Далбастап палатага бой урган Иман кирип барып, көргөн көзүнө ишенбей катып калды. Керебетте чачтары иретсиз жайылып, Гүлнара араң гана дем алып жаткан экен.Иман акырын жакындады. Ушул үч-төрт күндүн аралыгында аялы ушунчалык өзгөрө түшкөнүнө ишенбей турду. Бир аз күн мурун эле узатып калбады беле. Иман жакын келип чөгөлөй отурду.
– Гүкү...
Үнү буулугуп араң чыкты.
– Гүкү дейм, көзүңдү аччы, мени карачы!
Иман колдорун ала койду да, чочуп кетти. Анын колдору муздактай туюлду.
– Коркутпачы, Гүлнар! Мени коркутпачы, асылым!
Иман калтыраган үн менен шыбырап жиберди. Ушуну эле күтүп тургансып, Гүлнара көзүн алсыз ачты.
– Иман, келдиңби?
– Мен келдим, мен жаныңдамын, алтыным!
Колдорунан, жүзүнөн өпкүлөп жиберди.
– Айыгам дечи! Бир ооз бир нерсе дечи! Мени таштабайм дечи!
Жан дүйнөсү будуң-чаң түшкөн Иман жалынып-жалбара берди.Гүлнаранын деми улам оорлоп баратат. Бир нерсе дейин дейт, бирок айталбай жаткандай. Көздөрү гана жалынычтуу тигилип, Имандан көзү өтүп баратат.
– Има-ан!
– Гүлнар, кантип ушундай болсун?! Мен сенсиз кантип жашайм?!- деп өксүп жиберди.
– Кечир, мени!
Эптеп ушуну айтууга үлгүрдү да, колдору шалак дей түштү. Моюну ак куунукундай суналып, тынч алып жатып калды.
– Жок!..
Бакырып жиберген Иман Гүлнара-нын башын кучактай калып көзүнө тигилди. Көздөрүнүн нуру өчүп бараткан эле. Аялынын жансыз денесин кучактап, Иман өксүп жыгылды.
***
Ээн бөлмөдө пианинонун үнү муңканат. Имандын болгон жумушу эле ушул болуп калды. Ээн бөлмөнү аралап басып жүрөт да, максатсыз бир жерди тиктеп отура берет. Гүлнараны койгондон бери эки-үч жума өттү. Ошондон бери жарытылуу тамак ичпейт. Ишине барганды таптакыр токтотту. Өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп элде жок эптеп жүргөнчө Гүлнаранын жанына барып суналып жатып алгысы келет. Жалгыздык жанына батып, өлгүсү келип турду. Бирок жашоо улана берди. Түшү эмес же өңү эмес бул абалда канча жүрөт эле, ким билсин?
Адатынча ээн бөлмөлөрдү максатсыз кыдырып жүргөн Иманды эшиктин коңгуроосу чочутту. Кимге керек болуп калды экен, бул кең дүйнөдө? Иманды жоктогон адам да болот экен, ээ? Шашып-бушуп эшикти ачып жиберди. Досу Анвар турган экен. Имандын жүдөгөн жүзүнө көз чаптырып алды да, наалып кирди.
– Ай, билдим эле да, билдим эле!
– Эмнени билдиң эле?
Иман таң кала түштү.
– Гүлнараны тирилтип алчудай болуп мүңкүрөп отурганыңды. Эй, макоо, жумушка барбаганыңа канча күн болду?!
– Мен барбайм, Анвар, убара болбо! Мени жалгыз койчу!- деп кол шилтеп алып шылкыя баскан Иманды чыканактан кармап токтотту.
– Сен эмне жаш бала болуп турасың?! Өлгөндүн артынан кошо өлгөн адамды мен уга элекмин! Албетте, орду толбос жоготуу, бирок ошону менен жашоо токтоп калган жок го... Сен жашашың керек, досум! Гүлнара үчүн өлбөс-өчпөс музыка жаратышың керек! Эртеңкилер айта жүргөндөй керемет музыка жаратышың керек! Байкуштун артынан туяк да калбады!
– Сен антип жарамды тырмабачы, Анвар! Мени жайыма койчу!
Иман шалак этип отуруп калды.
Экөө тең унчукай өз ойлору менен алек болуп жатышты. Анвар келгенде анча элес албаган экен. Караса, бөлмөнүн бардык жерине Гүлнаранын сүрөтүн жайнатып илип коюптур. Чоңу да, орточосу да, кичине рамага салынганы да жайнайт. Суктандырган сулуу жүз бирде күлүмсүрөп турса, бирде кабагын чытып, бирде кашкая күлүп, бирде муңайым, айтор, сүрөттөр жайнайт.
– Ушул сулуу жан да топурак алдында калды го, чиркин!
Анвар сүрөттөрдүн арасында мүрүсү сынган бүркүттөй мүңкүрөп отурган Иманды аяп, каңырыгы түтөп кетти. «Кой, минтип таштап кетсе, эртең эле кайгысына чыдабай ичип кетчүдөй же өлүп алчудай, эптеп алаксытканга аракет кылуу керек...»
– Имаке!
– И-и...
– Балага бардыңбы?
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)