14-сентябрь күнү эртең менен Бишкек шаарындагы таштанды таштоочу челектен жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган. Наристе жарык дүйнөгө келери менен өлтүрүлүп, андан соң ташталганы аныкталган. Бир жумадан соң ымыркайдын өлүмүнө шектүү катары анын энеси кармалган.
ӨЛТҮРҮЛГӨН ЫМЫРКАЙ ТАШТАНДЫДАН ТАБЫЛГАН
Ушул жылдын 14-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында милиция кызматына Бишкек шаарынын Кустанай менен Астрахань көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды таштоочу челектен эркек ымыркайдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денесин табышкан. Ымыркайдын энесин табуу, анын качан төрөлгөндүгүн, ким өлтүргөндүгүн аныктоо боюнча иликтөө иштери башталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. 22-сентябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан ымыркайдын өлүмүнө шектүү катары анын 30 жаштагы энеси, М.М. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалган. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, кылмышка шектүү ымыркайды үйүндө жалгыз төрөгөн. Андан соң баланы бычактап өлтүрүп, жансыз денесин халатына ороп ыргытып жиберген.
АЯЛДЫН ӨЛҮМҮН ПРОКУРАТУРА ИЛИКТӨӨДӨ
Бул кылмыш боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Кылмышка шектелип кармалган аял буга чейин психикалык жактан оорубаганы аныкталган. Ошондой эле өлтүрүлгөн ымыркай кылмышка шектүүнүн тун наристеси жана ал баланы бага албастыгынан улам ушул кадамга барганы жана ал ошол учурда үйүндө жалгыз болгону белгилүү болгон. Кылмышка шектелип кармалган аял Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 23-сентябрь күнү ал камерада өзүнүн жоолугуна муунуп асынып алганы айтылды. Учурда кылмышка шектелип кармалган аялдын өлүмү боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg