Түрдүү инфекциялардан улам пайда болуп, дарыланбаса жасалма бөйрөк аппараты (гемодиализ) менен күн кечирүүгө, ал тургай көз жумууга жеткире турган бөйрөк дарты бар. Ал пиелонефрит деп аталат жана бул дарт тууралуу Бишкектеги Улуттук госпиталдын алдындагы урология борборунун директору, профессор Акылбек Усупбаев баяндайт.
ДАРТ БӨЙРӨКТҮН СЕЗГЕНИП ИРИҢДӨӨСҮНӨН КЕЛИП ЧЫГАТ
Пиелонефрит – бул бөйрөктүн күлтүкчөсүнүн (лоханка) жана чөйчөкчөсүнүн (чашечка) инфекциялардан улам сезгенүүсү. Дарт курч кармаган жана өнөкөт пиелонефрит болуп экиге бөлүнөт.
Курч кармаган түрү
Ооруну түрдүү инфекциялар козгойт. Ооруну козгогучтар болуп ичеги жана кургак учук таякчасы, энтерококк, стафилококк, стрептококк, микоплазма, козу карын сымал микроорганизмдер (грибок) жана вирустар эсептелет. Ал эми инфекциянын булагы болуп өнөкөт тонзиллит (таңдай бездеринин сезгенүүсү), тиштердин кариеси, мастит, көтөн чучуктун тегерегиндеги ткандардын сезгенүүсү (парапроктит), уретрит, аялдардын жыныстык органдарынын сезгенүүсү, урук чыктагыч бездин сезгенүүсү (простатит), цистит жана башкалар саналат. Башкача айтканда, аталган дарттардан убагында дарыланбаса оору козгогучтар бөйрөккө өтүп кетет. Инфекция бөйрөккө 3 түрдүүчө жол менен барып сезгентет: кан аркылуу (гематогендик), заара чыгаруучу канал жана табарсык аркылуу (урогендик) жана лимфа (дене суюктуктары) аркылуу.
Пиелонефриттин жаралышына шарт түзүүчү факторлор:
КӨБҮНЧӨ АЯЛДАР ООРУШАТ. ЭМНЕ ҮЧҮН?
Пиелонефрит менен эркектер да, аялдар да оорушат. Бирок негизинен аялдарга тиешелүү дарт. Себеби алар кир жууп, тамак-аш даярдап дегендей сууну көп кармап, сезгенүүгө учурашат. Анан дагы аялдардын жыныстык кыны уретрага (заара чыгаруучу канал) жакын жайгашкандыктан жыныстык органдардагы инфекциялар уретрага өтүп кетет да, заара түтүкчөсү аркылуу жогору өрдөп бөйрөккө барып, аны сезгентет. Кош бойлуу кезде гормоналдык тең салмак бузулгандыктан бөйрөктүн күлтүкчөсү жана заара чыгаруучу каналдын жыйрылып иштөөсү начарлап, заара бөйрөктөн убагында чыкпай, бөйрөктү сезгентүүсү мүмкүн. Анын үстүнө жатын чоңойгон сайын заара чыгаруучу түтүкчөнү кысып, зааранын чыгышын начарлатат. Этек кир келген кезде да гигиеналык каражаттарды убагында которуп, даарат алып турбаса жылуу жана нымдуу жерде бат көбөйгөн микробдор уретрага өтүп кетет.
Курч кармаган пиелонефрит 3 түргө ажыратылат:
ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ
Кээ бирлер бөйрөгү ооруп жатканын билбей, белим ооруп жатат деп белин жылуу таңып же дары май сүйкөп жүрө беришип, дартты күчөтүп алышат. Бөйрөктөгү сезгенүү болсо күчөй берет.
Негизи пиелонефритте убагында дарыланбаса инфекциялар бөйрөк ткандарына чейин сиңип, акырындап бөйрөк бүрүшүп, куураганга өтөт. Бөйрөктөгү басым көтөрүлөт. Бөйрөк иштебей баштайт. Кандын курамында заара кычкылы, креатин сыяктуу заттар көбөйүп, организмге терс таасир берет. Жыйынтык жасалма бөйрөк аппараты (гемодиализ) менен күн кечирүүгө жеткирет. Башкача айтканда, бөйрөктүн милдетин – кандагы уулуу заттар менен заараны чыпкалоону аппарат аркалап калат. Мүмкүнчүлүгү барлар бөйрөгүн алмаштыра алышса, буга мүмкүнчүлүктөрү жоктор өмүр бою гемодиализге көз каранды болот. Дартын көп өткөзүп жибергендер көз жумуп да кетет.
ДИАГНОЗ
Диагноз коюу үчүн керектелет:
ДАРЫЛОО
Дарылоо оорунун оор же жеңил экендигине карап жүргүзүлөт жана өз ичине антибиотик дары-дармектерди, физиотерапияны, катетер коюуну камтыйт. Ошондой эле E, A, C витаминдери да берилет. Диета кармалып, майлуу, куурулган, ачуу, туздалган, ышталган нерселерге тыюу салынат. Суюктук көп, туз аз ичилет. Бөйрөктө өзгөрүү көп болуп, консервативдүү дарылоо жардам бербей турган учурда операция жасалат. Дарылоого да, операцияга да кеч болуп калса, гемодиализ сунушталат.
ӨНӨКӨТ ПИЕЛОНЕФРИТ
Курч кармаган пиелонефритте дарыланбаса, анда дарт өнөкөт түргө өтөт. Мындай болгондо бөйрөк жана бел туш дамамат уютуп ооруп турат, өзгөчө нымдуу аба ырайында. Дарттан улам иммунитет жана табарсыктын иштеши бузулгандыктан бат-баттан заара ушатуу күтүлөт. Оору убак-убагы менен курчуп турат жана андай кезде курч кармаган пиелонефриттегидей оору белгилери күтүлөт. Дарылоо да курч кармаган пиелонефритти дарылагандай эле жүрөт, бирок өтө узак жана тажатма түрдө болот. Өнөкөт пиелонефритте дарыланбоо жогоруда айтылгандай бөйрөктүн иштен чыгып, куурап калышына, гемодиализге же көз жумууга жеткирет.
КЕЛГЕН ООРУЛУУЛАРДЫН ЖАРЫМЫ ПИЕЛОНЕФРИТТЕН ЖАБЫРКАГАНДАР
Аталган дарт акыркы учурларда абдан жайылып баратат. Мунун башкы себеби көбүнчө ички жана сырткы миграциянын көптүгүндө. Каражат табуу үчүн жарандарыбыз жашаган жерин таштап, өлкөбүздүн башка аймактарында же сыртта иштөөгө аргасыз болушууда. Чет өлкөдө иштегендер катталган жерлери жок текшерилүүгө, дарыланууга кыйын, жашаган жеринде керектүү шарттар жок. Айласыз өз алдынча дарыланышат же дарыланбай жүрө берип, ооруну күчөтүп жиберишет.
Биздин урология борборуна болжол менен күнүнө 10 адам түшөт, алардын 4-5өөсү курч кармаган пиелонефрит менен келишет. Андыктан ар бир адам дарттын алдын алып, суукка урунбоого аракет кылып, ооруп калса текшерилип жана өз алдынча дарыланбай врачка кайрылып, жылына УЗИден 1-2 жолу текшерилүүдөн өтүп турушу кажет.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg