«ВРАЧТАР УНУТУП КАЛТЫРГАН ТАМПОНДОН ИЧИМ ИРИҢДЕП КЕТТИ...»


Окурмандардан келген суроолорго Бишкектеги "НАСА" юридикалык компаниясынын башчысы, юрист НУРБЕК АБДАЛИЕВ жооп берет.

– Үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Бишкек шаарындагы төрөт үйүнүн биринде кесарево жолу менен төрөп, 5 күн жаттым. Үйгө чыккан 26-августтан баштап дене табым 39,5ке көтөрүлүп, алды жагымдан ириң келе баштады. 28-августта жуунайын десем жыныс кынынын оозунан колума бир нерсе урунду. Сууруп алсам тампон ордуна колдонулган узун-туурасы 7 сантиметрдей келген төрт чарчы даки экен. Сасып кетиптир, өңү карайып чирип баштаптыр. Ириң ого бетер куюла баштады. Ошентип дене табым 39дан түшпөй, 31-августта клиникалык ооруканага барсам “острый эндометрит после кесарево сечение” деген диагноз коюшуп, жаткызып дарылай башташты. Врачтар да менин “даки тампонду сыягы операция кезинде врачтар салып, ошол боюнча унутуп коюшкан” деген оюма кошулушту. Дарыланып жакшы болуп калдым.

Менин сурайын дегеним, калып кеткен тампондун айынан өмүрүмө коркунуч келди. Клиникада жок дарыларды сатып алдым. Эми ошол операция жасаган врачтарды сотко бере аламбы? Бирок баягы чириген тампонду нес абалымда ыргытып жиберген элем.

Мира, 26 жашта, Бишкек шаары


– Эгер ошол кесарево жолу менен төрөткөн врачтардын айынан ден соолугуңузга залал келсе, анда дарыланганыңызды жана сизге коюлган диагнозду тастыктай турган медициналык аныктаманы алып, дары-дармекке кеткен чыгымдардын квитанцияларын кошуп, сотко же прокуратура органына кайрылсаңыз болот. Төрөт үйүнүн башкы врачына жазуу түрүндө доо арыз менен да кайрылыңыз.


“ДОСУМДАН ЧЫГЫМДЫ ӨНДҮРҮП АЛА АЛАМБЫ?”

– Саламатсызбы? Менин машинамды дос балам айдап баратып башка машинаны сүзүп алды. Мен жанында болчумун. Эми ал бала менин да, тигинин да машинасын оңдотуп бербейм деп жатат. Эмне кылсам болот?


Алиш, 29 жашта, Бишкек шаары


– Мыйзам боюнча, эгерде жабыркаган тарап сотко доо арыз менен кайрылса, сотто машинанын ээси менен айдап бара жаткан айдоочу экөө тең жооп беришет. Сот тарабынан ушундай чечим чыккан болсо, сиз чыгымды досуңуз менен тең бөлүп төлөйсүз. Бирок кийин сотко досуңуздун үстүнөн доо арыз менен кайрылып, сизден кеткен чыгымдарды андан өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ал үчүн доо арызга МАИ кызматынын протоколу (протоколдо досуңуз айдап бара жатып, эрежени бузуп сүзүп алган деген факт көрсөтүлүшү керек), квитанция жана башка тастыктай турган документтерди тиркейсиз. Бирок сотко жеткирбестен досуңуз менен сүйлөшүп, эгер маселе чечилбесе, сотко кайрылууга аргасыз болоруңузду эскертип коюңуз, Балким, ойлонуп көрүп сөзгө келер.


“АЛИМЕНТТИН ӨЛЧӨМҮН КӨБӨЙТСӨ БОЛОБУ?”


– Мен экинчи топтогу майыпмын. Бир кызым бар, атасы 625 сом алимент төлөйт. Көбөйтүүгө болобу? Атасы да экинчи топтогу майып.

Зарина, 30 жашта, Бишкек шаары

– Үй-бүлө Кодексинин 124-беренесинин негизинде, сот тартибинде алименттин өлчөмү белгиленген болсо, кийин алимент төлөөчүнүн материалдык абалы өзгөрүлсө, сот кайра кайрылган тараптын арызын карап көрүп, алименттин белгиленген өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу. Эгерде жолдошуңуздун материалдык абалы жакшырып, тапкан айлык маянасы (же кирешеси) көбөйсө жана аны сиз сотто тастыктай алган болсоңуз, алименттин өлчөмүн көбөйтүүсү мүмкүн.


Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыныз.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Rifle_I
2017-10-03 10:16:23
Операция учурунда калтырылган тампон, алды жагыңыздан чыгышы мүмкүн эмес.
Же брюшная полость, влагалища деп интернеттен окуп көрүңүз. Экөө такыр башка нерселер.
-6
aliyarbek
2017-10-03 13:45:49
Rifle_I, Толук мумкун, эмнеге мумкун эмес?! Кесерово сечениеден кийин деп жатпайбы оорулуу, значит маткадагы тампон, влагалищеге анан сыртка тушкон...
+8
kyrgyzstan00
2017-10-03 15:24:13
Тоа тампон дейби оозум ачылды?((((Влагалища аркылуу жакшы чыгып калыптыр.Кудай эле сактаптыр??
+6
Daiis
2017-10-03 16:02:51
Иии врачтар,менин да синдим озу торогон бирок разрыв болуптур,ошону тигип атышып калтырып коюшкан экен сассып ооруп кыйналды алып барып тампон мн бетке чабайын десем кайненеси иштейт экен ошөл больницада типа общ тааныштары бар экен унчукпай калдым
+4
Aida2509
2017-10-04 14:24:15
Кыргызстанда врачдардан кудай эле сактайт акчана карап мамиле кылат. Мен чет жерде кесорова менен тородум аябай жакшы карашды уйго чыгып келгенден да ар жумада келип текшерип кетип турушду жарандыгым жок бирок баары Бекер болду бизде уборщица сыда чыгатго доолашып акча тиленип суйунчу сурашбайт экен ошол жери жакды бизде суйунчу бербесен коросун медсестралардан балээни
+4
meni_kut
2017-10-04 18:38:30
бизде аптекада дары алсан чек бербейт го,чекти кайдан табат тиги кыз?
0
munira-tilen
2017-10-06 11:38:16
meni_kut,азыр берип еле жатат ко
+2
Erlaha
2017-10-04 20:10:49
Даки деген Эмне болду экен???
0
Hotinhere123
2017-10-05 02:35:27
Erlaha,марли кыргызча даки дешет.ошо марлиден тампон жасап коюшат го больницада
+1
nazira...
2017-10-05 09:19:03
Менде да ошондой болгон,бинт ичимде журо бериптир, озумду аябай оор сезип эмнем ооруп атканын билбей журо бергемин. Боюмда болуп, токтобой кан келип корунгону барсам врач алып чыыкан, балам да боюмдан тушуп калган.
+2
Shamdagai2013
2017-10-09 02:57:45
16сы торосо,5кун жатса,21и болуш керек го.26сы чыктым дейби?Же мен тушунбой калдымбы?Анда 10кун болуп кетет го.31не чейин чыдап жургонун,тиги кыздын....
0
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан