ТЫРМАКТЫН ГРИБОК ООРУСУ БУТ КИЙИМДЕН ДА ЖУГАТ

Оору жаратуучу бактериялардын арасында козу карын сымалдар да бар. Алар адамдардын, жаныбарлардын денесинде жашап, мителик кылышат. Бүгүнкү тырмактын грибок оорусу тууралуу маек врач-дерматолог Суранчиева Света менен болмокчу.

ООРУНУ КОЗУ КАРЫН СЫМАЛДАР ПАЙДА КЫЛАТ
– Света айым, айтсаңыз, тырмактын грибогу кандай оору жана аны эмнелер козгойт?
– Негизи, козу карын сымал микроорганизмдер пайда кылган оорулар жалпысынан микоз оорусу деп аталат жана жугуштуу. Кээ бир козу карын сымалдар адамдын терисинде, түктөрүндө (анын ичинде чачында), тырмактарында, жыныс кынында жашап, көбөйүүгө ылайыкташкан. Тырмактын грибок оорусу онихомикоз деп аталат. Аталган оору кеңири таралган жана андан дүйнөнүн 10 пайыз калкы жабыр тартат.

1 ЭЛЕ ГРИБОК АКЫРЫНДАП КОЛОНИЯСЫН ТҮЗӨТ
– Грибок тырмакка кандай зыян алып келет?
– Грибоктор теридеги жана тырмактагы заттар менен азыктанат. Андыктан тырмакты бузуп, аны чекесинен кемирүү менен көбөйөт. Ал жерде акырындап грибоктор колониясы түзүлөт. Мындай учурда оору татаалдашат.

ДАРЫЛАБАСА, ООРУ БАШКА ТЫРМАКТАРГА ЖУГАТ
– Тырмактын грибогу денеге да өтүшү мүмкүнбү?
– Муну башынан түшүндүрөйүн. Грибок пайда кылган оорулар өз алдынча өтүп кетпейт. Башкача айтканда, олуттуу дарыланууну талап кылат. Кимде тамандын грибок оорусу бар болсо, андагы грибоктор акырындап тырмакка да өтөт. Андан кол-буттун соо тырмактарына, териге да өтүп жүрүп отурат. Грибок оорусунан жапа чеккен адам дарыланбаса, анда чөйрөдөгү адамдарга, үй-бүлө мүчөлөрүнө ооруну жуктуруучу булак болуп калат. Эскертип кетчү нерсе, онихомикозду өз алдынча айыктырууга мүмкүн эмес. Демек, дарыгерге гана кайрылуу кажет.

ЭМНЕЛЕР АРКЫЛУУ ЖУГАТ?
– Оору кандай жолдор менен жугат жана андан кантип сактануу кажет?
– Инфекция көбүнчө жалпы бут кийим менен сүлгүдөн, дене жышыгычтан, ошондой эле мончодон, душтан, машыктыруучу жана спорт залдан, бассейнден жугат. Оорунун козгогучу, башкача айтканда, грибоктун бир спорасы териге жабышса эле ал жерде жайгашып, көбөйүүгө өтөт. Анан башка дене мүчөлөрүнө өтө баштайт.
Андыктан спорт жана машыктыруучу залдагы буюмдарды кармоодон мурун аарчып-тазалоо керек. Мончодо чылапчынды хлор менен жууган зарыл. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар кими өз сүлгүсүн, дене жышыгычын гана колдонуусу зарыл. Бирөөнүн байпагын кийбөөсү кажет.
Кээде үй-бүлө мүчөлөрү бүт ооруган учурлар кездешет. Буга биринин бут кийимин бири кие берүүсү себепкер болот.

БЕЛГИЛЕРИ
– Тырмактын грибогунун жукканын кантип билүүгө болот?

  • Буттун салаасы кычышып, тырмактын өңү өзгөрөт. Мисалы, ак, көк, күрөң, кара, алтургай жашыл болуп өзгөрүшү да мүмкүн.
  • Тырмак жылмакай көрүнгөнү менен, түп жактары саргыч тартып, калыңдайт жана катмарланат.
  • Үбөлөнүп түшө баштайт.
  • Кээде тырмак өңгүл-дөңгүл формага өтүп, сынышы күтүлөт.

ГРИБОК КАЙСЫ ООРУЛАРДЫ КҮЧӨТӨТ?
– Оору дагы эмнелери менен коркунучтуу?
– Грибок оорусунун коркунучу кант диабети, аллергиялык дерматит, бронхиалдык астма оорусу барлардын дартын курчутуп жибере тургандыгы менен коркунучтуу.

ДАРЫЛОО
– Оорудан айыктыруу кандайча жүргүзү­лөт?
– Дарылоо этап менен жүргү­зүлөт. Күн сайын бутка дары ванна кабыл алуу, атайын дары менен жуу сунушталат. Заманбап ыкмалар болгон озон менен дарылоо да колдонулат. Жаңыдан башталса, анда мазь, кремдер менен айыктырууга мүмкүн. Кокус тереңдеп кетсе, анда 9-10 айга чейин дарылоо керек. Дарылоо кезинде грибоктор тырмактын катмарларынын ортосуна же сыныктарынын арасына жашынат. Ушул себептүү жакшылап дарылоо зарыл. Кокус дарылоо толук бүтпөй тырмакта саналуу грибок калып калса, анда алар көбөйүп, дарылоо башынан кайталанат. Андыктан аягына чейин дарылануу кажет.
Оору күчөп кетсе, анда тырмакты бүтүндөй алып салууга туура келет. Кийин жаңы тырмак чыгып калат.

ЭСКЕРТҮҮ!
– Үйдө грибок оорусу менен жабыркаган адам бар болсо, анда калган үй-бүлө мүчөлөрү да текшерилүүдөн өтүшү зарыл. Себеби бири дарыланып чыкса деле үйдөгү бирөөдөн кайра жуктуруп алуусу ыктымал.


Билип ал

АДАМ КАНЧА УБАКЫТ УКТАБАЙ ЖҮРӨ АЛАТ?

ОКУМУШТУУЛАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Ден соолукту сактап, узак жашоо үчүн адам канча саат уктоо керек? Бул жаатында окумуштуулар изилдөөлөрдү жүргүзүп, “адам суткасына 7-8 сааттан уктоосу кажет” деп айтып чыгышкан.
Суткасына 6,5-7-8 саат уктаган адамдар арасында өлүмгө учурагандар башкалардан аз кездешет. Ал эми суткасына 4,5 саат уктагандардын өмүрү 1,6 эсе кыскарат. Дамамат 9,5 саат уктоо жашоону узартпай, тескерисинче, өмүрдү 1,9 эсе кыскартат.
Ден соолугу чың эмес адамдар абдан көп укташары да аныкталган.
Демек, замандаш, узак жашайм десеңиз, суткасына 7-8 саат уктаңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Таллас
2010-05-17 12:08:49
Мен көп жашайт окшойм.. Бирок, Алланын жазганы канча болсо ошончо жашайсың деп ишенем. Так что, эртең деле өлүп калышым толук мүмкүн. Күнүнө 11-12 саат уктаганыма карабай..
0
AazamatBBB
2010-05-19 06:42:22
жакшы кенеш! рахмат
0
andarak
2012-07-12 18:00:48
кантип грибокту дарыласа болот кандай маз дарылар менен жардам берип койгула
0
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан