Нэна, ырчы: «БУЛ ЖАШООГО ДАГЫ БИР ЖОЛУ ЖАРАЛСАМ, КАЙРА ЭЛЕ ЫРЧЫЛЫКТЫ ТАНДАМАКМЫН»

«БАЛАЛЫК...»
– Балалыгым бактылуу өттү десем жаңылышпайм. Эрке болуп чонойдум, ошол боюнча эркелигим кала элек. Ата-энем, бир туугандарым эле эмес, бүтүндөй кыргыз элиме эркелеп жүрөм. Азыр деле бала кыялмын, ата-энем менин алтындарым, менин эң кымбат адамдарым балдарына бактылуу балалык тартуулоо үчүн өздөрү ичпей-жебей болсо да аракет кылышты. Тамактын таттуусун, кийимдин жакшысын кийип чоңойдум. «Көлөкөдө багып, күмүштөн сөйкө тагып» чоңойгон кыз менмин.


«АТА-ЭНЕМ ҮЧҮН...»
– Ата-энем үчүн дале баламын, ошол эле учурда тың кызмын. Убагында урушуп койсо «мени ушинте берет» дей берчү элем. Шаарда чоңойгонум менен, апам айылдык кыздардан кем эмес оокат кылганга үйрөттү. Ичеги-карын жууп-тазалатып, казанга тамак жасатып, курак курап, кийим тиктирип бышык кылды. Азыр рахматымды айтам.


«БАЛДАРЫМ...»
– Эне болуу – бул чоң жоопкерчилик. Экинчи жагынан эне болуу – бул аялзаты үчүн бакыт, жашоонун маңызы экен. Жаныбар да баласын коргойт эмеспи. Мен да балдарымды бардык жамандыктардан, жадакалса жаман түш көрсө да коргогум келет, чымын-чиркей да жолобосо, жаман сөз, жаман көз тийбесе экен дейм. Азыркы биз жашап жаткан заманда коркунучтуу, татаал кырдаалдар көп, ошолордон мультфильмдегидей кылып балдарымды кол тийгис бир чел кабыкка салып койгум келет. Бул бир чети.
Экинчи чети, балдарым ушул татаал турмуштун оордугун жеңилдетилген формада да көрсө дейм. Анткени бала оорчулук көрбөсө эмгекти баалай албай, эмне кайдан келерин билбей чоңоюп калышы мүмкүн. Ошондуктан балдарымды туура тарбиялоого болгон күчүмдү, оюмду, убакытымды жумшаганга аракет кылып келем. Кыргызда жакшы сөз бар «бала ата-энени көккө да жеткирет, жерге да киргизет» деген. Анын сыңарындай балдарым мени жер каратпаган, мен сыймыктанган адамдар болсо деп тилейм.

«БАЛДАРЫМ ҮЧҮН...»
– Балдарыма катаал энемин. Катуу кармайм. Туура кылса мактайм, туура эмес кылса сүйлөшөбүз, укпаса урушам, ырчы балдарын урушканда үнү Алматыга чейин жетет болуш керек (күлүп).

«ЭМНЕ МЕНЕН ҮЛГҮ БОЛГУМ КЕЛЕТ?»
– Мен балдарыма аракетчилдигим, акылым менен үлгү болгум келет. Кийин «Менин апам акылман. Апамдын аракети, тарбиясы менен ушул даражага жеттик, ушул бийиктикти багынттык. Апамдын кылганын кайра кайтарып беребиз, апабызды багабыз» деп айтышса бакытка балкысам керек.
Балдарымдан жашыра турган нерсе жок, өз убагы келгенде бардыгын түшүндүрүп берем. Балдардан эч нерсе жашырбай, ачык болуш керек деп ойлойм. Канчалык жашырсаң, бала ошончолук түнт болуп өсөт. Ачык сүйлөшүп турсаң жашоого да ачык, жайдары көз караш менен карашат. Ушул кезге чейин бала тарбиялоодо, багып-чоңойтууда ата-энем, бир туугандарым жардам берип келишет, балдарым чоңойгуча жардам беришет деген ойдомун (күлүп).

«ӨКҮНҮЧ...»
– Адам баласы жакшылыкты бат унутат, миң жакшы болсоң да. Мага айтылган сындарга көп көңүл бөлбөгөнгө аракет кылам. Ак эмгегим менен, артымда жаман сөз калтыргым келбей иштеп жүрөм. Турмушка чыга элек кезимде көңүлүмө катуу тийген, ызаланган бир кеп болгон «бирөөнүн ойношу» деген. Биздин эл ырчы десе эле жаман ойлошот. Ырчы кыз кечкисин кафеде ырдап акча табат, керекпи үй-бүлөсүн багат, жумушу ошондой деп ойлошпойт. Дароо бирөөгө жармаштыра калышат. Пейилибизди тазартсак, баары жакшы болсо керек.

«ДОСТУК...»
– Достукка бекеммин. Адамды негизинен оңой менен кабыл албайм. Эгер ал жүрөгүмдөн орун тапкан болсо, баш-отум менен ал адамга берилем, ал үчүн күйөм. Жашоодо ар кандай учур болот экен. Албетте, таарынган учур да болгон. Бир нерсеге көңүлүм калса артка кылчайбайм, жөн гана достордун тизмесинен чийип коём. Чыныгы досторум анча көп эмес. Бирок кыйынчылыкта мени колдоп, колдон-буттан таяп кеткен жакын адамдарым бар.

«ЧЫГАРМАЧЫЛЫК...»
– Чыгармачылыкка аралашканыма 11 жыл болду. Ырчылыктын аркасы менен эл-жер тааныдым, элимди чет жерлерге тааныттым. Көп адамдар менен тааныштым, таалим-тарбия алдым, бир канча тил үйрөндүм, тажрыйба топтодум. Бул жашоого дагы бир жолу жаралсам, кайра эле ырчылыкты, кайра эле Нэна болууну тандамакмын.

«КООМДО...»
– Айланабызда болуп жаткан жаман кабарларды уккум келбейт, айрыкча зордук-зомбулук сыяктуу маалыматтарды. Айла жок, угуп-көргөн соң жүрөгүм өйүйт, «заман кайда барат, балдардын келечеги кандай болот, эмне кылып жашайбыз?» деп санаага батам. Жүрөгүмө жакын кабыл алам, ошон үчүн мындай кабарларды айланып өткөнгө аракет кылам.
Кубанычтуу кабарларды укканда, мисалы, спортчуларыбыздын жеңишине өзүм уткандай эле кубанам. Өзүмдү алардын ордуна коём, жумалап көңүлүм ачык жүрөт.
Коомдо көп нерсени өзгөрткүм келет. Бирок алгач өзүбүздү өзгөртсөк, коомго, табиятка, жакындарыбызга болгон мамилени жакшыртып алсак, анан кезек чоң иштерге келет.

«ЖЫЛМАЮУ...»
– Жылмаюу көп нерседен сактайт, жеңилдетет. Үй-бүлөм билет да менин кабагымда эмне өзгөрүү болуп жатканын, андыктан көңүлүм чөгүп турса да аларды кыжалат кылбаш үчүн дайыма жылмайып жүргөнгө көнүп калгам. Жашоодо болгон сыноону күлкү менен жеңет окшойм. Мен кабагымды салып жүрө албайм, күлүп жүргөнүңдү көргөн адам да жылмаят, жарык чачат дегендей. Бирок кандай күлүп-жайнап жүрсөм, ачуум келгенде бенгал шамындай болуп чарт-чурт этип барып токтойм.

«ЖАЛГЫЗДЫК...»
– Мага жалгыздык жакпайт. Тынчтыкты самаганда ашып кетсе 2 саат жалгыз отурушум мүмкүн. Анан ошол маалда кайдагы ой-санаалар келе берет. Элге аралашып кетсем баары унутула түшөт. Жалгыз жүргөн адам ой-санаага батып жатып Асан кайгы болуп кетиши мүмкүн. Жалгыздыктын чеги болуш керек. Кимдир бирөөгө жалгыздыктын жакшы ноталары бар болсо керек, бирок мен үчүн эмес.

«ЭРГҮҮ, ДЕМ...»
– «Жакшы сөз жыланды ийининен чыгарат» дейт. Бала кезимден ата-энем мени мактасын деп бир күндө 5 сабак болсо бешөөнөн тең «5» алып келгенге аракет кылчумун. Ата-энемдин мактоосу мага азыркыга чейин чоң бир сынактан өткөндөй, чоң бир ийгиликти багынткандай дем берет. «Менин кызым ушундай азамат» деген мактоосу алга сүрөйт. Күйөрмандарым чын жүрөктөн колдоп койсо мурдум дердейип, эргүү алып, такыр эле учуп калам.


Асыл Орозбекова
star@super.kg

(Сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)

 Кыстарылган видео 
Нэна: “Жолдошумдун үйлөнгөн сүрөтүн көрүп, балам оор депрессияга кабылды”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
mela
2017-10-03 10:15:50
Бул да ажырашкан тура((((
+9
rejepova
2017-10-03 10:20:39
Соонун уйбулоо эле, окунучтуу
+12
Kanykei_95
2017-10-03 12:02:40
татынакай балдары бар экен,качан ажырашып кетти эле?
+10
ady-88
2017-10-03 13:23:17
Кичине санды жаап суротко тушот да. Сандар кантет кудай сакта. Ажырашкам мага боло берет дебей кичине жабык бирдеме кыйып алгылачы ырчы болумуштар.
-6
kanu
2017-10-03 20:27:54
ady-88,сен сан ачкандарды коро элек окшойсун,норм.эле сын тагат десе эле таккыр эле бир денеси корунсо эле суйлой бериш кк эмес да
молодец Нена кучтуу аял болот куйоосуно бакыт каалаган аял эн кучтуу,граматная, акылдуу аял.
+4
meri.kg
2017-10-03 21:10:54
Балдарындын урмат сыйын кор. Баардык жасаган эмгегин балдарындан кайтсын.
+5
Adeli_Jasi
2017-10-03 22:29:39
Аяябай сооннун кыз да,ар дайым кулуп журот го.Ненаны корсом кадимкидей маанайым которулуп,бир жылмайып алам;))Онорун оркундой берсин!
+3
Jenat
2017-10-04 19:06:34
Позитивная кыз туура кыласын турмушта сынбаш керек чыйралыш керек. Ачык суйлогону абдан жагат
+1
Jenat
2017-10-04 19:07:35
Санжардын аялынын аты Наристе, наристедей назик келинчеги бар
+1
gulniza-ali
2017-10-05 06:56:52
Molodes!!!
takaya pozitivnaya.
+1
Kanykei-meerimka
2017-10-05 13:44:44
Молодец
+1
janjigit
2017-10-06 08:58:46
Быйыл биздин ырчы айымдар учун ажырашуу жылы болуп рекорд койушту.таба эмес тобо дейин бирок ото окунучтуу
+2
jon.as
2017-10-08 15:37:05
Азамат айымсын Нена бар бол! Мага адамдык сапаты жагат.
0
sonisoni
2017-10-09 19:58:07
Эмне мынча турмушту оюн корушот .Бул келинда ажырашкан экен да уй булоо курдунбу аялын да эркегин да ара кет жаса ажырашпаганга силерди бироо зордобосо озун суйлоштун,озун таптын Чубак ажы айткандай куйооно аял алат аялын куйоого чыгат ортодр эле балдарга кыйын тируулой жетим болуп ата эне мээримин корбой.мен бир гана Ненага эмес жалпы ажырашкан жаштарга айтып жатам.Чымчыктында уясы бузулбасынчы.Ажырашуу болбосо экен .
+1
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан