ШАРИЯТ ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ ЫЛАЙЫК КОЛБАСАЛАР КАНТИП ЖАСАЛАТ?


Күнүмдүк колдонуудагы тамак-аштардагы адал деген мөөр керектөөчүлөрдүн суроо-талабын күн санап өстүрүүдө. Бирок аларга кандай жол менен жасалганын, билбей-көрбөй туруп ишенүүгө болобу? 22-сентябрь күнү колбаса азыктарын чыгарган «Ал-Халал» компаниясы ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Биз да барып, колбаса азыктары кантип жасаларын көрдүк.
«Ал-Халал» компаниясы 2012-жылы «Халал» сертификатын алгандан бери өз ишин жүргүзүп, керектөөчүлөр үчүн кенен ассортименттеги колбаса, сосиска жана эт деликатестерин даярдап келет. Оригиналдуу рецепттер жана тажрыйбалуу технологдордун ишинин натыйжасы таза, даамдуу, эң негизгиси шарият эрежелерине ылайык келген азыктарды чыгарат. 80ден ашык колбаса азыктары даярдалып, алардын 25 түрү демделген, 26сы ышталган колбаса түрү жана 29 түрү деликатестер.

Иш-чара Кыргызстан мусулмандар дин башкармалагынын орун басары Жоробай Шергазиевдин батасы менен ачылып, кой союлду. Андан кийин компаниянын башкы технологу сөз сүйлөп, конокторду топ-топко бөлүп, цех менен тааныштырды.

«ӨНДҮРҮШТҮ КӨРСӨТКӨНДӨН ТАРТЫНБАЙБЫЗ»
Эт, татымалдар жыттанып, жабдуулардын үнү чыгып турган цех кыйла эле чоң экен. Биз барганда андагы ар бир кызматкер өзүнө бөлүнгөн ишин аткарып жатыптыр. Иштин жүрүшү менен бизди компаниянын башкы технологу Нурлан Дүйшөналиев тааныштырды. Анын айтымында, бул цехтен күн сайын 2,5-3 тонналык колбаса азыктары чыгат.

– Саламатсызбы, Нурлан мырза. Адатта тамак-аштарды чыгарган ишканалар алардын даярдалышын сыр кылып, элге көрсөтүшпөйт. Ачык эшиктер күнүн өткөрүүнүн башкы максаты эмне?
– Саламатсызбы? Ачык эшиктер күнүн өткөрүүнү көп убакыттан бери ниет кылып, мына бүгүн сааты чыгып отурат. Өндүрүштү көрсөтүүдөн тышкары диний ишкерлерди, компаниянын өнөктөштөрүн чакырып, бата алууну максат кылдык. Учурда адал деген ат менен жүздөгөн азыктар чыгып жатпайбы. Алардын кайсы бири талапка толугу менен жооп берерин керектөөчүлөр билбей, күмөн ойго түртүлүшөт. Ошол күмөн саноолорду жок кылууну көздөп, эл чогултуп иштин жүрүшүн ачык көрсөтөлү деп чечтик. Биз өндүрүштү каалоочуларга көрсөткөндөн эч качан тартынбайбыз, керектөөчүлөрдөн жашыра турган сырыбыз жок.

– Абдан көп өлчөмдө колбаса чыгарат экенсиздер, башка мамлекеттерге экспорттойсуздарбы?
– Ооба, цехте бир күндө 2,5-3 тоннанын айланасында колбаса өндүрүлөт. Алардын кайсы бир бөлүгү Тажикстан менен Казакстанга да жөнөтүлүп жатат. Эми эл аралык стандарттагы "ХАССП" деп аталган сертификатты алууну көздөп турабыз. Ага ээ болгондон кийин товарды башка мамлекеттерге да чыгарабыз. «Халал» индустрия өнүктүрүү борборунан адалдыкты тастыктаган сертификат алгандан бери жүргүзүп келе жаткан ишибизде сапаттуулукту жоготпой, ошол талапка ар дайым жооп берүүнү көздөп келебиз. Сапаттуу азык чыгарып 2012-2014-жылдары «Жылдын тандоосу» сыйлыгын алганбыз. Мындан ары да мыкты сорттогу азыктар менен элди камсыз кыла бермекчибиз.

Колбаса өндүрүү этти кабыл алуудан башталат. Ал технолог менен ветеринардын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Ал эми жандыктар компаниянын жеке фермерлери тарабынан багылып, адал жол менен мууздалып, союлат.

Андан кийин ар бир колбасага чыгарылган күнү басылып, таңгакталып, муздаткычта муздатылат.

Эт сөөгүнөн ажыратылгандан кийин, сортторго бөлүнүп, эт туурагычтан өтүп, туздалат. Муздаткычта 1 сутка тургандан кийин фарш колбаса жасоого даяр болуп калат.

Даяр болгон фаршка татымалдар кошулуп, термокамерага барат. Азыктар диаметрине жараша 65-80 градуста 40 мүнөттөн 2 жарым саатка чейинки убакытта бышат.

Ишкана орто эсеп менен 35-40 адамды иш менен камсыздайт. Кызматкерлер биринчи кезекте тазалыкка көңүл бурушат. Цехте күнүнө болжол менен 2,5-3 тонна колбаса чыгарылат.

«АЛ-ХАЛАЛ» УШУЛ КАЛЫПТА ИШТЕЙ БЕРСЕ, БЕРЕКЕСИ АРТАТ»

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Жоробай Шергазиев таза, адал иштеген ишкананын кирешеси да берекелүү болорун айтат.
– Арам тамактын ден соолукка да, жан дүйнөгө да таасири бар. Бул компания бизди табигый, таза, ден соолукка зыяны жок, адал азыктары менен бизди ынандырды. Заманбап технология менен жабдылып, таза жана сапаттуу колбасалар чыгарын өз көзүбүз менен көргөнүбүз жакшы болду. Мындан ары да "Халал" индустриясынын нормаларын сактап, таза жана сапаттуу иш алып бара берсе, компаниянын жасаган иши да берекелүү болот.

«БИЗДИН СЕРТИФИКАТТЫ АЛГАН ГАНА АЗЫКТАРДЫ ЖЕГИЛЕ ДЕП ҮГҮТТӨЙМ»

Ал эми «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мыктыбек Арстанбек Кыргызстанда жасалган азык-түлүктөрдүн адалдыгын текшерүү тыкыр өтөрүн, талаптарга толугу менен жооп берген саналуу компаниялардын арасында «Ал-Халал» да бар экенин билдирди.
– Биз азык-түлүк чыгарган компанияларды өндүрүштүк татаалдыгына жана арам ыктымалдуулугуна жараша маал-маалы менен текшерип турабыз. «Ал-Халалдын» азыктарынын адалдыгын 5 жыл мурда тастыктаганбыз, ошондон бери иштешип келебиз. Бул компаниянын өндүрүштүк линиясы бир системага түшүп калгандыктан, бир айда бир гана жолу текшеребиз. «Ал-Халал» алгачкылардан болуп өздөрү демилге көтөрүп, өндүрүштүн жүрүшүн коомго жарыялап жатат. Керектөөчүлөрдү биздин сертификатты алган ишканалардын гана азыктарын жегиле деп үгүттөйт элем.


Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Maxima
2017-10-03 19:55:01
Акчасын толосо эле мактап жактап жазып, ал тууралуу факты м.н жазылган комментарийди очуро бересинерби?
+4
Sezimim...
2017-10-04 23:34:15
Кайсы бир жолу киргизбей койду, кандай жол менен колбаса жасаарын коройун деп барсак деп жаздынар беле
+1
Sharipa-asia
2017-10-05 02:54:38
Айттырбай барып көргүлө
+1
jon.as
2017-10-08 16:40:56
Кана эми чындап эле ушу айтылгандарындай болсо
0
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан