Бүүсара Асанова, Жамбыл Камчиевдин жубайы: «ЖАМБЫЛ БИР КЕЗДЕ КӨПКӨН. КӨПКӨНҮНӨН ДАГЫ БИР АЯЛ АЛА КОЙДУ»

Куудул Жамбыл Камчиев жубайы Бүүсара эже менен турмуштун өйдө-ылдыйына бирдей күйүп 35 жылдан бери жетелешип келе жатышат. Бул жылдар аралыгында түгөйлөр эмнелерди гана баштан өткөрүшкөн жок. Маек учурунда Бүүсара эже өткөн-кеткенди эстеп отуруп муун-жүнү бошоп ыйлап да алды.

– Саламатсыздарбы? Жаш кезге кылчаялы деп турабыз. Кыргызда «эбепке себеп» деген сөз бар. Ошонун сыңары сиздер кайсы күнү, эмнеден улам таанышып калдыңыздар?
Жамбыл:
– Жакшы, рахмат, карындашым. 1981-жылы Оштогу педагогикалык институттун филология факультетин аяктап, Ош драма театрында иштеп жаткан Якуб деген досум экөөбүз батирге чогуу чыктык. Ал батирге жакын жерде дүкөн бар эле, дүкөндө бир топ кыз иштечү. Ошентип ал кыздардын эң сулуусу Бүүсара менен таанышып калгам.
Бүүсара: – Биз өзүбүз иштеген дүкөндүн жанында эле батирде жашачубуз. Үйдүн кожойкеси «кыздар, бизге кошуна эки жигит келип жашап жатышат, таанышабыз» деп калды. Ошентип көчөбүздүн боюндагы чоң жүзүмдүн жанынан тааныштык.
Ж.: – Бүүсарага чейин 3 кызды ала качкам, бирок ар кандай себептерден улам кайдан ала качсам, ошол жерге алып барып коюуга туура келген. Мунун баарын байбичем билет. Бүүсара менен тааныш болгонумда эле анын болочок келинчегим экенин билбей, башка кыздарды ала кача бериптирмин. Биринчисин ала качарда Бүүсаранын кол чатырын сурап алып, башка кыз менен концертке баргам. Анан эле досторубуз «давай, ушул кызга үйлөн» деп ала качып жөнөдүк. Кыз отургансыган, бирок туугандары келип алып кетип калышты. Кийин ата-энем алдынан өтсө да макул болбой коюшкан. Экинчисинде тааныш кыздарды үйүмө алып келип жеңеме «мобул кызга жоолук салыңыз» десем, «азыр 2-кабаттан боюмду таштайм» дейт. "Кой, айланайын, аман-эсен эле бол" дедим. Үчүнчүсү да отурбай кетти. Ошентип жүрүп Бүүсарага үйлөндүм.

– Калың бердиңиз беле?
Ж.:
– Кайнатам менен кайненем өтүп кетишкен экен, жаңы үйлөнгөндө кайнежем Бүажардын үйүндө Кара-Сууда жашап жүрдүк. Кайнежем жакшы, бизге каралашып, балдарымды багышты. Базар-Коргондо дагы бир кайнежем бар эле, ал «калың бер, бергенде да көп бер» деди. Мен каяшаны какшата айтып ошондон кийин ал киши келбей калган. Аны менен эми эле катташа баштадык. "Калың бербегиле" десем болбой атам менен кайнежем сүйлөшүп бир бүтүмгө келишип, атам 2 кой, 500 рубль бериптир. Атам менен «акчаны ага эмне бересиз, андан көрө бизге бербейсизби, батирлеп кыйналып жүрөбүз» деп урушкам.
Ошто кемпир-чалдардын үйүндө, кароосуз калган үйлөрдө 9 жыл жашадык. Эсептеп көрсөм 9 жыл ичинде 17 батир алмаштырыптырбыз. Суусу жок үйдү да байырладык. Ошондо жубайым суу ташыгандан аябай кыйналчу.
Б.: – Жаштыгыбыздын көбү батир издөө менен эле өттү окшойт. Айлабыз кеткенде ээси жок үйгө кирип алып жашай берчүбүз. Бир жолу барак үйдөн бир батирдин кулпусун бузуп кирип алдык. Суусу да бар экен, светке, таштандыга эле төлөп, эшигин Маданият үйүнөн алып барып тагып, жыртык-тешигин одеяло менен бүтөп 3 жылдай жашадык. Дагы бир жолу батир издеп жүрүп, эч ким жашабагандай көрүнгөн үйдүн мыгын сууруп кирсек, чай кайнап жатыптыр. Милиция кызматкерине барып «мыгын сууруп алдык» деп айтсак, «кете бергиле, өзүм жооп берем» деп койду. 1991-жылы аскер адамдары жашаган 3 бөлмөлүү бир үй бошоду. Ошондо арыз менен Ош шаардык мэриясына кайрылсак, убактылуу жашап турганга уруксат берди. Ошондогу сүйүнүчүбүздү эч убакта унута албасак керек.
– Алгач наристе жытын искеген күн эсиңиздердеби?
Ж.:
– Тун уулубуз Авангард 1983-жылы жайында Ош облусунун прокурору болуп иштеген атамдын агасы каза болгон күнү жарыкка келди. Авангард деп атын өзүм койгом. Бир чети сүйүнүп, бир чети күйүнүп жатканыбыз алигиче эсимде. Бир төрөт үйүнө, бир байкем каза болгон үйгө чуркап эки ортодо калгам.

– Жамбыл байкенин аты элге тааныла баштаганда өзүн жылдыз сезип, жакындарына, үй-бүлөсүнө мамилеси өзгөрүп калганын байкадыңызбы?
Ж.:
– 36-37лерде элем. Мен, Рахман Разыков, Манас Бердибеков, Дөөлөт Мадымаев төртөөбүз Бишкекке концерт коюп, атыбыз элге таанылды. Ошондо моюнга алыш керек, чын эле көптүк. Аны байбичем өзү айтып берсин.
Б.: – Жамбыл бир кезде көпкөн. Көпкөнүнөн дагы бир аял ала койду.
Ж.: – Ошондон ушул убакка чейин «сен ушинткенсиң» деп жектеп келет.
Б.: – Жамбыл айлап, жылдап гастролго кетчү. Балдарым кичинекей, коркчумун, айла жок жашай берчүбүз. Мен анда Оштогу стадиондо пол жуугуч болуп иштеп, анан лотерея билеттерин сатчумун. Билетти талаада иштегендерди кыдырып өткөзчүбүз. Анан кечинде бир баштык акча менен талаадан келчүмүн.

– Жамбыл байкенин артынан ушак көп ээрчийт, сын, мактоо айтылат. Кандай көтөрдүңүз?
Б.:
– Ушакка көңүл бурбаганга аракет кылчумун. Телефон номеримди таап алып «Жамбыл минтип жүрөт» деп айтышчу. Өчүрүп салсам үйгө чейин келип, анда да укпай койсом туугандарым аркылуу айттырышчу. Кулак болгондон кийин угабыз, бирок укканың уккан жерде калыш керек.

– Кайсы кылык-жоруктарыңарга чыдап жашап келе жатасыздар?
Ж.:
– Мен байбичемдин көп эле кылык-жоругуна чыдап келе жатам. Эми ал майда-барат. Бирок өмүрү кол көтөрүп көргөн жан эмесмин. Катуу кеткенде айтышып кетебиз, андан катуулап бара жатсак ортого балдар түшөт. Бир аз жан дүйнөмдү оорутканы – буту ооруп жатканы. Бир жылдан бери жанынан чыкпай карап отурам. Кээде ар кандай иш-чаралардан калып калганыма кейийм.
Б.: – Жамбыл негизи ак көңүл, жакшы адам. Жамандай деле албайм.

– Эмнеге өкүнөсүздөр?
Ж.:
– Окууну аяктагандан кийин Ош педагогикалык институтунда лаборант болуп 5-6 жыл иштеп, анан мугалим болуп, кесибим менен кетсем болмок деп калам. Мен Маданият үйүнө кирип, ал жерден «Аралаш» куудулдар тобун түзүп сахнаны тандап кетпедимби.
Б.: – Өкүнгөнүм, жаш кезде эч нерсени аңдабай, ден соолукка кам көрбөйт экенбиз. Ысык-суукту карабай, карылыкты ойлобой жүрүп бутума суук тийгизип алыптырмын. Бир жылдан бери баса албай отурам. Жамбыл карап, тамагымды берип жатты. Азыр жакшымын, буюрса, айыгып келе жатам. Неберелеримди да каралашып коюп жатам.

– Маегиңиздерге рахмат.Бактылуу карылыкта өмүр сүрүңүздөр.

«Азыр небере жытына мас болуп турган чагыбыз. Тун уулубуз Авангард Ошто, 2 баласы бар. Кызым Бегимай Чүйгө турмушка чыккан, үч балалуу. Кичүү уулум Эламандыкы бирөө».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Jaloshtalnarisbatchui
2017-10-10 09:07:14
Азаматсынар...жонокой адамдар..
+13
kelemdedin
2017-10-10 10:32:12
Бактылуу карылык каалайм
+10
Samina007
2017-10-10 12:14:52
Авнгард деген баласы оштогу погран отрядда кызмат кылган эле.
+2
tasnim
2017-10-10 15:03:29
оой ичим жубайынын мыкты сууруп кирип бардык деген жери жарды гоо)))))омурунуздор узун болсун
+8
erkeleim
2017-10-10 15:36:42
Ушинтип эле колдо жок мезгилде баш кошуп пол жууп кийбей ичбей жолдошун котормолоп балдарын багып анан колго карга чычканда калып кеткен байкуш биринчи аялдарына боорум ооруйт эркек сорой козу сокур болуп отконун унутат э жамбылда копкон экенда жокко чыдап жашаган аялынын баркын билбей
+42
ulan030484
2017-10-11 11:48:06
erkeleim,эн туура айтыпсын!
+2
molorbaev
2017-10-11 09:42:25
Ден соолукта болгула.
0
ulan030484
2017-10-11 11:47:00
Бактылуу карылык каалайм,эже азаматсыз,баарына сабыр кылып, кечирип келипсиз айыгып кетин
+2
Nanei
2017-10-11 13:00:29
Эже айыгып кетиниз.
+2
operaledi
2017-10-11 20:37:22
Жамбыл байке карып калыптыр. Демек мен да карып баратам...... балдар чоноюп...ата-энем да карыптыр..... эээх
+1
naku5555
2017-10-12 00:24:50
Эже сизге ден соолук
0
Erika16
2017-10-16 14:23:35
анан не болуптур экинчи аялы
0
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан