Мындан бир апта мурун Клара Алибекованын машинанын ичинде отуруп, милиция кызматкерлеринен жардам сурап жатканы, ал эми милиция кызматкерлери кайра ырчыны шылдыңдап «Аты-жөнүңдү айт биринчи. Крышаң кетип калган жок беле? Зордуктаган жокпу? Качан, каерден зордуктайм деди?» деген сыяктуу үстөкө-босток суроолорду беришкен видеосу интернетке жарыяланды. Ырчы бул туурасында оюн билдирүү үчүн редакциябызга кайрылды.
– Клара, саламатсыңбы? Автоунаанын ичинде милиция кызматкерлеринен жардам сурап жатканың интернетке жарыяланды, эмне болду эле?
– Саламатсыздарбы? Ал окуянын болгонуна бир жумадай болуп калды. Саат канчалар экени так эсимде жок. Аябай эле кеч болчу. Дүкөндөн чыгып үйгө келе жатсам, артымдан белгисиз бирөө келип мага кол салды. Аябай коркуп кеттим. «Коё бер» деп жулуна баштадым. Ал мени урганга аракет кылды, бирок тийген жок. Анан жакын жердеги май куюучу жайда милициянын автоунаасы токтоп турганын көрүп калып «жардамга» деп кыйкыра баштадым. Бир убакта жулунуп чыгып милициянын унаасын көздөй чуркап жөнөдүм. Тиги жигит артымдан чуркап келип, муунтканга аракет кылды. Мен кыйкыра бергендиктен, коркуп кетти окшойт, качып кетти. Милициянын унаасынын жанына барсам, ичиндеги милиция кызматкерлери «отур» дешти. Унаанын ичинде үчөө болчу. Алар белгисиз бир жакты көздөй унаасын айдап жөнөштү. Ал ортодо мага ар кандай мазактаган суроолорду бере башташты. Катуу коркуп калгандыктан, денем калтырап нес абалда суроолорго түшүнүп-түшүнбөй жооп бере бериптирмин. Эмне деп жооп бергенимди деле билбейм. Мен түшкөндө салондун жарыгын күйгүзүшкөн, алардын мени видеого тартып жатканын деле билген эмесмин. Суроолоруна жооп берип бүткөндөн кийин «бар, эми түш» деп унаадан түртүп чыгарып, катуу айдап кетип калышты. «Ош базары» жакка таштап салышыптыр. Милиция кызматкерлерин үйүмө жеткирет, мага жардам берет деп ойлогом, андай болгон жок.
– Сага кол салган адамдын жана сени шылдыңдашкан милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыздандыңбы?
– 2-3 күндөн кийин эле тааныштарым мага телефон чалып, «интернетте сен тууралуу видео жүрөт» деп калышты. Көрсө, мен милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылсам алар шылдыңдап видеого тартып, интернетке жарыялап жиберишиптир. Азыр ал видеонун темасын улам алмаштырып жатышат. Жакында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына мага кол салган адамдын, мени шылдыңдап видеого тарткандардын үстүнөн арыз жазганы турам.
Адам кыйын кырдаалда «менин милициям мени коргойт» деген ниетте милиция кызматкерлерине кайрылат эмеспи. Кайрылгандарга жардам бергендин ордуна келекелөө туурабы? Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Адыл Оморов бул окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
– Видео интернетке жарыяланып, элге тарап кетти. Ал чыккандан кийин териштирүү иштери башталып, учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Окуя качан, кайсы жерде болгону иликтенип, видеого тарткандардын аты-жөнү такталууда. Бирок азырынча Клара Алибековадан арыз келип түшө элек. Видео боюнча айтсам, туура, бул жерде Клара Алибекованын аброюна шек келтирилген. Териштирүү иштери аягына чыккан соң гана, ырчыны шакаба чеккен кызматкерлерге карата мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлөт.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg