Биз кино же спектакль гана көрөбүз. Ал эми анын аркасындагы көп кесиптер көмүскөдө калат. Бул жолу биз артистти каалагандай өзгөртө алган гримёр тууралуу кеп козгомокчубуз. Театрда 4 муунду гримдеп, устат катары да таанылган ГҮЛНАРА СУРАНЧИЕВА жана Болливуд артисттерин гримдегенге жетишкен АЙГҮЛ КЫДЫРАЛИЕВА менен маектештик.
- 1976-жылдан бери гримёр болуп иштеп келе жатам. Жолдошум белгилүү актёр Зарлык Касымалиев экөөбүз тең Маданият үйүндө иштеп жүрүп эч жерде окубай эле өз дараметибиз менен театрда иштеп калдык. Жолдошум жалаң белгилүү ролдорду ойногон, бойлуу, келбеттүү адам эле. Анын жолун кызым Шайыр Касымалиева улады. Кыргыз драма театрына актёр катары келгем. Бийчи да болчумун. Бирок ошол Москвадан, Ташкенттен бүтүп келген актёрлор көп болуп мага орун жок болуп калды. Ошол учурда орус кемпир пенсияга чыгып калды да, "убактылуу иштеп турайын" деп грим жасоого өтүп кеттим. Убактылуу дегеним узакка созулуп, грим жасап жүргөнүмө 41 жыл болду.
Мен үчүн грим жасоо оор деле болгон жок. Өзүм да шыктуу экенмин, тез эле алып кеттим. Кыргызстанда эң мыкты деген гримёр Абдылдабек Османалиев агайдан сабак алдым. Андан карытканды, жашартканды, образ бергенди, кетирекей мурун же чоң, кырдуу мурун жасаганды, айтор, майда-чүйдө нерселерин үйрөндүм.
Сакал-муруттарды мен өзүм жасайм. Кылдарды сатып алабыз, анан шиш менен токуп чыгабыз. Чокчо сакал, калың сакал кылып токуп алып, жашына жараша тагабыз. Мурут, каш, кирпикти да өзүбүз жасайбыз. Чаптаган клейди атайын башка өлкөдөн алып келебиз. Кеминде 20-30 жолу чапталат да, ошон үчүн атайын клей керек.
Театр менен кинонун грими асман менен жердей болот. Кинодо грим жасаган адам театрда жасай албайт. Театрда көрүүчү алыс, прожекторлор аябай күчтүү, ошондуктан театрда бир аз орой салынат. Орой дегеним көз, каш, мурун, оозду аябай чоң, калың кылып көрсөтүү керек. Кинодо болсо өтө абайлаш керек. Камера бир аз кыйшык чапталган мурутту же сакалды көрсөтүп коёт. Карытканда да, жашартканда да өтө кылдаттык менен жасоо керек.
Гримёр болуу үчүн окуу керек, каалоо керек, кесибинин фанаты болуу кажет. Фантазиясы күчтүү болгону оң. Мисалы, мен бир салган гримди кайталабайм. Биринчисин башкача кылсам, экинчисин андан да жакшы кылып, дагы бир нерселерди кошуп алганга аракет кылам. Оор грим болуп калышы мүмкүн. Мисалы, мурун Ленинди, Сталинди, Дзержинскийди окшош кылып жасачубуз. Окшош кылышың керек, анткени бул сенин кесибиң. Боёп бүткөндө “кана, мени карачы” деп туруп көңүлүмө толбосо, кайра иштеп кирем. Бул кесипте сабырдуулук, кылдаттык да керек. Көңүлүмө толсо аябай кубанам, ырахат алам. Айлык деле аз болчу. Бирок ушул эле кесибим менен балдарды бутуна тургуздум.
Белгилүү актёр, актрисалардын баары менин колумдан өтүштү. Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Жаркын Балкыбаева, Советбек Жумадылов баары менен иштештим. Турсунбаевага “Кар ханышасына” көп грим жасадым. Өзү аябай татынакай болчу, жасап бүткөндө супсулуу болуп чыга келчү. Актёрлор менен кызыктуу окуялар көп болот. Сатыбалды Далбаев агай болуп Алматыга “Манастын уулу Семетейди” койгону барганбыз. Ал Жакыптын ролун ойномок. Сакал-мурут, чачтарды өзү чаптачу. Гримдеп бүтүп карасам эле бир кашы жок. Издеп жатам, издеп жатам. Баарын чачып карадым. Жок баягы каш. Мени болсо “тыкан болбойсуңбу, эми эмне кылабыз?” деп катуу урушту. Мен ыйлап жүрөм, издеп жүрөм. Айлам кеткенде бир кашты экиге бөлүп туруп жакшынакай чаптап берип койдум. Спектакль бүткөндөн кийин сакал-муруттарды чогултуп жатам да, карасам сакалдын аркасына кашын чаптап салыптыр өзү. Көрсөтсөм “оо, Кудай урган” деп ыңгайсыз болуп калды, бирок кечирим сураган жок.
Актёрлор спектаклге 7 мүнөт калганда кирип келип “бол эле, бол, грим жаса” дешет. Андайда эмне кыласың, ары-бери кылгыча чуркап кетет. Анан чала чапталса мурут же сакал чыгып кетет. Бир жолу спектаклде Бакен Кыдыкеева Каныкейдин ролун ойноп жаткан, карасам мен улап койгон чач жанып кетип баратат. Кандай учуп жеттим билбейм, тыныгуу учурунда байлап, бекитип бердим. Ушундай окуялар болот.
Актёрлордун жашоосун жакшы билгендиктен кызым Шайырдын актриса болуусуна алгач каршы болуп, башка кесип тандоосуна кеңеш бергем. Өзү Москвада кастинг болуп жатканын угуп келиптир. “Мугалимдери бул жактан алып кетишет экен, тапшырып көрөйүн” деп туруп алды, жок дей алган жокмун. Анан жалаң “5” деген баа менен өтүп кетти. Бир гана айтканым “сен болгонго жараша мыкты актриса бол, ортодо массовкада, эпизоддук ролдордо жүргөн орто заар актриса болуп убара болбо” дедим. Айткандай эле окуусун бүтүп келгени жалаң башкы ролдорду аткарып келе жатат. Канында болсо керек, чын эле жакшы актриса болуп таанылып кетти. Ушуга чейин ага деле грим жасайм.
Кесибим кызыктуу. Өзгөчө окуучуларым менен сабак өткөн учур аябай жагымдуу. Бир бетти боёп туруп, экинчисин мына деп студенттерге өткөрүп берем. Алар окшоштуруп жасашат. Манас университетинде актёрлук факультетте грим сабагынан сабак берем. Андан тышкары театралдык окуу жайда сабак берем.
Гүлнара Суранчиеванын колунан чыккан каармандар. Атактуу актёрлор Назым Мендебаиров жана Замир Сооронбаев.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg