КЫРГЫЗ ШОУ-БИЗНЕСИНДЕ ЭҢ КЫМБАТ КЛИП КИМДИКИ?

Азыр чыгармачылыгына олуттуу караган ырчылар, сапатка басым жасагандар саналуу гана клипмейкерлердин кызматын пайдаланышат. Кооз клиптерди көрүп отуруп канча акча короду экен деп кызыкпай койбойсуң. Бул ирет кыргыз шоу-бизнесиндеги клиптердин эң кымбатын аныктаганга аракет кылдык.

Александр Белов: «БИЗДЕ КЫМБАТ КЛИП ТАРТКАНГА ШАРТ ЖОК»


Александр Беловдун кызматы клипмейкерлер арасында баа боюнча жогорку сапта. "Юлиянын клиби кымбат тартылды" дегенинен "5000 доллар кеттиби?" десек, "ошонун тегереги, көп болбосо эле..." деп учкай айтып кетти. Темир Назаров, Юлия Руцкая, Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Бураш сыяктуу жылдыздар акчанын көзүнө карабай Беловдун кызматына кайрылып турушат.


– Биздин ырчылар менен келишимибиз бар, баасын ачык жарыялоого болбойт. Бирок салыштырмалуу Юлия Руцкаянын «Переверну страницу» деген ыры кымбатка түштү. Анткени Москвага барган билеттерибиз, аппаратура, имараттардын ижарасы, аппараттарды тейлөөчү адистердин акысы, айтор, көп каражатты, эмгекти талап кылды.
Мен клип тартарда ырчынын боёнгонунан тартып баарын өзүм көзөмөлгө алам. Командага өз ишин билген адистерди чогултам. Ошондуктан меники базар баасынан жогору болушу мүмкүн. Клиптер орточо 1000 доллар же 1500-2000ге чейин тартылат. Эгер декорация, реквизит, кинокамера керек болсо, 2000-3000 доллардын тегерегинде болот. Кыргызстанда кымбат клиптерди тартканга шарт жокко эсе. Декорациялары менен чоң студиялар жок, фотостудияга барабыз же жаратылыш коюнуна чыгабыз. Чет өлкөгө чыгып тартсаң көп каражат жумшалат.


Арсен Мендебаев: «5 ЖЫЛДАН БЕРИ КЫМБАТ КЛИП ТАРТЫЛА ЭЛЕК»

«CinemArt продакшн» студиясынын жетекчиси Арсен Мендебаев команда менен иштейт. Ошого байланыштуу кызмат акысы кымбатыраак. Жакында эле ырчы Назмини жаңы стилде көрдүңүздөр да, ал да Арсен Мендебаевдин командасынын эмгеги. Бул студиянын кызматын Самара Каримова, Съездбек Искеналиев, Гүлзада Рыскулова, Замир Арыкбаев, Жийдеш жана башкалар пайдаланышат.

– Бизде акыркы 5 жылда өтө деле кымбат клип тартылган жок. Жалаң стандарт баадагы клиптер чыгып жатат. Анткени шоу-бизнесте ырчылардын көтөрө турган өзүнүн белгилүү бир деңгээли бар. Биз 1500 доллардан өйдө тартабыз. Кээ бирлери «байке» деп отуруп 1000ге деле түшүп калат. Ар бир клиптин стилистика, образын кантип бериш керек, боёнгонуна чейин баарын өзүбүз иштеп чыгабыз.

Эрнист Сыдыков: «ЫРЧЫЛАР КЫМБАТ КЛИП БОЛДУ ДЕП КАЛП АЙТЫШАТ»


Көбүнесе жаш ырчылар клипмейкер Эрнист Сыдыков менен иштешүүнү каалашат. Ал үчүн бир ай мурун кезекке туруш керек. Чыгармачылыктагы достору Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Данияр Эрматов анын дайымкы кардары. Андан сырткары Анжелика, Мирбек Атабеков, Арсен, Асел Кадырбекова, Асел Касымова, Темир Назаров, Ильяз, Нияз Абдыразаковдор анын кызматын пайдаланышат.


– 5 жыл ичинде 200-300дөй клип тарттым. Ырчылар 3000-4000 доллар кетти деп айта беришет го, ал калп сөз. Мындай баа бизде болгон эмес, болбойт дагы. Негизи клипке эң көп дегенде 2500 доллардай кетет. Биздин клиптер 1000 доллардын тегерегинде тартылат. Клипте эң биринчи ролду акча ойнойт. Канчалык көп акча жумшалса, ошончолук жакшы чыгат. Чет жакка, Дубай, Германия, Кытай, Түркия, Орусияга чыкканда виза, билеттин акчасы болуп 2500 доллар акча кетип калат. Ошондуктан Анжеликанын «Сени ойлосом», Нурлан Насиптин «Мейли» клиптери кымбат тартылды. «Эмнеге кыргыздардын клиби казак, өзбектердикиндей эмес?» дешет. Анткени аларда бир командада 5-6 адам иштейт, менеджер, стилист, оператор, жарык коюучу баары болот. Алар аз дегенде 5-6 миң долларга тартышат. Бизде болсо бир клипте баарын бир эле мен кылам.

Мирлан Саткымбаев: «КЫЗМАТЫМ КӨП ДЕГЕНДЕ 1500 ДОЛЛАРГА БААЛАНАТ»



Сапатка көбүрөөк маани берген Мирлан Саткымбаев 5 жылдын ичинде 50гө жакын клип тарткан. Арсен, Мирбек Атабеков, Абир Касенов, Гүлзада Рыскулова, Сайкал Садыбакасова, Чолпонай, Омардын ырларына көрк кошуп келет. Ишмердүүлүгүндөгү эң кымбат клип – бул казактардын «Moonlight» тобуна тарткан эмгеги болгон. Ал клип үчүн кызмат акысына 3000 доллар алган. Ал эми кыргыз ырчыларына кандай «скидка» кылат, төмөндөн окуңуз.

– Мен орто эсеп менен 700-1000 долларга тартам, көп дегенде 1500 долларга барат. Командабызда төрт киши иштейт. Ырчылар менен ар кандай шартта иштешебиз. Менеджери барлар өздөрү даярдашат, биз тартып беребиз. Жалгыз иштегендерге болсо баарын өзүбүз уюштурабыз. Бегиш, Баястан, Нурсултан Азыкбаевге продюсер катары клип тартып берем. Акыркы тарткан клиптерден кымбаты – бул Мирбек Атабековдун «Жолуктуң неге?» клиби болду окшойт. Анда аппаратуралар бартердик негизде алынган, ошолорду кошкондо 2500-3000 долларга барып калат.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Cherik.777
2017-10-10 09:24:44
Мербанын ырын 9мин дегендей деди элего.... Учурунда
+2
jon.as
2017-10-10 10:14:59
Cherik.777,Ырчылар жон эле мактанып калпты ышкыртып салат турбайбы
+14
kilim
2017-10-10 10:34:26
Мирбек 6мин доллар деген эле го
+1
tavanova.sarah
2017-10-10 10:37:25
Атабековтун "мурас" ырынын клипи до ото сонун чыгыптыр! Ошол да кымбат клип экени билинип эле турат.
+3
Targarien
2017-10-12 02:55:36
tavanova.sarah, анын клиби жок кочмондор оюнунун видеосун коюп койгон
+1
Bahira
2017-10-10 12:12:42
Тооба мактанбай чынын айтса биз бирдеке кыла кое тургандай калп суйлошот экенда
+3
Aidani
2017-10-10 13:08:42
Эрнис жайлаптыр баарын, уят эле ырчыларга калп айтып
+13
Pandora
2017-10-10 14:48:33
"Ырчылар 3000-4000 доллар кетти деп айта беришет го, ал калп сөз. Мындай баа бизде болгон эмес, болбойт дагы"- Эрнест бетке айтиптрго,ырчыларды уят кылып аркасын ачып бирок жайлаптир
+8
AKCAHAT
2017-10-10 14:59:26
Чет олкодо тартылган клиптер Нурлан Насип, Бадыеванын клиби,Юлиянвн клиби эн жакшы тартылган бир сюжет окуя камтылган, кичине болсо дагы адамдар аткарып чагылдырып беришкен анан жонле Лубай Турцияга барып эс алганы барып таштын устундо отуруп эле, оозун кыймылдатып анысын 1 кундо жазыла койгон ырына монтажбап койгону вообщем лажа))
+1
Kuba-savai87
2017-10-10 17:22:39
Мирбек чындап эле 9мин деген мммм
+3
Eliza.nurjanovna
2017-10-10 20:25:53
Ырраххматик клипмейкерлер,мындан кийин билип калдык,ээми ырчылар 5 мин доллар болду десе да ишенбейбиз
+4
Abdynur
2017-10-11 03:57:43
ассалломмуу алейкум кезегинде бактыгулдун клиби 40000 долларга тартылды дегени чынбы же калппы
+1
doping1
2017-10-11 13:16:50
Abdynur,ал акчага дубай америка европанын
Баардыгына барып тартса болот экен клип
Ал акчага норм кино тартса болот
+1
gulzat85
2017-10-11 12:11:49
Дегеле клип коргонго кызыкпайм радиодон гана угам.
+1
doping1
2017-10-11 13:17:56
Султан Садыралиев кыргыз бий клибине 50 мин доллар кетти деди эле
+3
Ersin1705
2017-10-11 19:03:40
doping1,)))))))
+1
melashka
2017-10-12 01:46:44
Да ырчылар мактаанчаактар Эрнест жайлаптыр молодец! Мындан кийин алдабай жургуло! !!уят болуп. .....
+4
zeta
2017-10-13 01:13:08
Эрнис баарын озум жасайм де
+2
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан