Жүрөгү – учуучу мотор
“БМВ” компаниясы 1917-жылы Германиянын Айзенах шаарында негизделип, бирок, атактуу эмблемасы арадан 15 жыл өткөндөн кийин гана же өздөрүнүн алгачкы чыгарган автомобилинде пайда болгон. BMW- “Bayerische Motoren Werke” же “Бавариянын мотор зоводу” деп чечмеленет. Фирма өзүнүн алгачкы иш-аракетин авиациялык кыймылдаткычтарды чыгаруудан баштаган. Ошондон улам эмблемасында төрт бөлүктөн турган канат сымал үч бурчтуктар орун алган. Антсе да аталган компаниянын авиациялык иш-аракети көмүскөдө калып, ааламга өздөрү чыгарган машиналары менен таанылды.
“БМВнын” жаралуу башатында Рапп жана Отто аттуу самолёт куруу менен шугулданган эки инженер турат. Алар өздөрүнүн анча чоң эмес фирмаларын бириктирип компания түзүшөт да, жумушка Макс Фриц аттуу жаш инженерди чакырышат. Рапптын конструкциясын өркүндөткөн Фриц өзүнүн “БМВ” аттуу алгачкы авиациялык моторун ойлоп табат. 1919-жылы “БМВ-4” мотору орнотулган самолёт дүйнөлүк рекорд жасап, учкуч 9670 метр бийиктикке көтөрүлөт. Чынында 10 чакырым бийиктиктеги аба кысымына поршендүү кыймылдаткыч менен чыгуу сенсация болчу.
Дүйнөлүк рекорддун ичинен 1927-жылы жана 1929-жылы коюлгандары ушул “БМВ” моторуна таандык.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин “Версалдык келишимдин” шарты боюнча Германияга 5 жыл бою авиакыймылдаткычтарын чыгарууга тыюу салынган. Ошондо баягы эле Макс Фриц укмуштай кыска убакытта, же 5 жуманын ичинде “БМВ R32” деген мотоциклди ойлоп тапкан. Арадан 6 жыл өткөн соң ал мотоциклдин жаңы түрү саатына 216 чакырым жүрүп, дүйнөлүк рекорд койгон. Ал эми 1937-жылы болсо мотоцикл ошол учур үчүн түшкө кирбеген 279,5 чакырым/саат ылдамдыкты багындырат. 1981-жылы “БМВ” чыгарган «Эндуро R 80 G/S» мотоцикли раллиге, Париж-Дакар жарышына чыгат. Кыскасы, мотоцикл чыгаруу согуш учурунда талкаланган компанияны кайрадан бутуна тургузуп, “БМВ” заводу автомобиль өндүрүшүнө кирише баштаган.
Жаңы машиналар... жаңы технологиялар
Ар кандай үлгүлөрдүн ичинен 6 цилиндирлүү кыймылдаткычы бар “БМВ-303” үлгүсүндөгү машинада биринчи жолу радиаторго мүнөздүү торчо пайда болгон. Ал эми 1936-жылы чыккан “БМВ-328” спорттук үлгүсү болсо техникалык жаңылык жасаганы менен белгилүү. Башкача айтканда, “клапандуу механизмдин штангалуу жаңы системасы”, “труба түрүндөгү рама” жана “6 цилиндирлүү кыймылдаткыч блоктун жапкычы менен” деген техникалык жаңылыктар ошондо пайда болгон. Бүгүн “БМВ-328” үлгүсү табылгыстыгы үчүн легендага жана раритетке айланган. Ошондуктан, аны эч кандай акчага сатып алууга мүмкүн эмес.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин “БМВ” компаниясы автомобиль өндүрүшүн кайра жандандыруу максатында “Седан-501” үлгүсүн чыгарат. Бирок, талкалаган техникалык каражаттар алдыга жылууга мүмкүндүк берген эмес. Анан 1959-жылы гана аба аркылуу муздоочу системасы бар “БМВ-700” үлгүсү чыгарылып, ишкана ички кризистен чыгууга жетишкен. Ал эми негизги ийгиликти болсо “БМВ-1500” үлгүсү жаратып, базарда укмуштай суроо-талапка ээ болот.
1972-жыл “БМВ” үчүн келечекке ийгиликтүү кадам таштоонун жылы болот. Компаниянын жылдык кирешеси 2 миллиард маркага жетип, Мюнхендеги жаңы штаб-квартирасынын жана Дингольфиндеги тетик чогултуучу ишканасынын курулушу бүтөт. Ошондой эле Түштүк Африкада курган автомобиль жыйноочу ишканасы ишке кирет. 1977-жылы апрелде биринчи “семёркалар” пайда болуп, “БМВнын” бардык үлгүлөрү жаңыланууга өтөт. Албетте, компанияын бардык тепкичтерин санап отурбай, анын эң бийик ийгилиги катары 1995-жылы чыккан “БМВнын” 5-сериясынан чекит койсок болот. Анткени, мына ушул 5-сериядан баштап, “БМВ” машиналары бир гана өзүнүн жаңы дизайны менен айырмаланбастан, эң алдыңкы техникалык жетишкендиги менен да өзгөчөлөнө баштаган. Айталы, машина куруу тармагында биринчи жолу “тартуучу бөлүк” толук бойдон алюминийден жасалган. Өзгөчө катуу кузов болсо кокустуктан сактануунун деңгээлин көтөргөн.
Суперагенттер жана “гонщиктер” үчүн
жаралган машина
80-жылдардын башында корпорация жогорку класстагы автоспортто да өзүн көрсөтүүнү чечет. Пауле Роше жетектеген адистер 1,5 литр көлөмдөгү 4 цилиндирлүү кыймылдаткычтан 800 литр/секунд кубаттагы өзгөчө агрегат жасап чыгышат. Ошол мотор менен алар 9 жолу “Формула-1” жарышынан Гран-Прини утуп алышкан. Анан эле “БМВ” күтүүсүз “Формуладан” кетип, айланма жолдордогу жарыштарга өтүп кеткен. Бирок, мындагы натыйжаларга сөз жеткис эле. Анын жолдогу жеңиштерин, наамдарын санап отурсак сөз түгөнбөс.
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, «Родстер БМВ Z3” үлгүсүн эсиңиздерге сала кетейин. Ооба, кадимки суперагент 007 Жеймс Бонд “Алтын көз” тасмасында минген машина. Бул тасма кандай укмуштуу ийгиликтерге жетишкен болсо, “БМВ Z3” да бестселлерге айланган.
Учурда “БМВ” компаниясынын башкы штаб квартирасы Мюнхен шаарында жайгашкан. Мындан сырткары, алар өздөрүнүн өндүрүшүн Германиянын 5 заводунда жана бүтүндөй дүйнөгө чачыраган 22 филиалында чыгарышат. Машиналарды болсо робот колдонбостон, кол менен чогултушат. Акыркы 30 жылдыкта бир гана “BMW” жана “Toйота” компаниялары жылдан-жылга көбөйгөн кирешенин үстүндө иштеп келүүдө. Баалары үлгүлөрүнө, сапатына жана чыккан жылына жараша болжол менен 5 миңден 150 миң доллардын тегерегинде.
Даярдаган Манас Алымбаев