Президенттик ШАЙЛООДО 3 миллион 25 миң 768 жаран добуш берет. Аталган маалыматты БШКдан таратышты.
Премьер-министр САПАР ИСАКОВ 1-октябрда кыздуу болду. Бул өкмөт башчынын төртүнчү кызы.
15-октябрда өтчү ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 12 миң 625 ыктыярдуу кошуун иштейт. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Орусиялык кардиохирург АЛЕКСЕЙ КОРОТЕЕВ премьер-министр Сапар Исаковдун коомдук иштер боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Маалыматты өкмөттөн билдиришти.
Бишкек шаардык кеңешинин ДЕПУТАТТАРЫ борборду 2017-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын жактырышты.
Премьер-министр Сапар Исаков президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө үгүт жүргүзгөнү үчүн вице-премьер-министр ДҮЙШӨНБЕК ЗИЛАЛИЕВГЕ катуу сөгүш жарыялады.
Октябрь айына карата өлкөдө ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН 1 метр кубу 14,39 сом деп бааланды. Сентябрь айында да баа ушундай болгон. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» мекемесинен таратышты.
Казакстанда медициналык жардам көрсөтүүгө жөнөтүлгөн АН-28 УЧАГЫ КУЛАП, 5 адам каза болду. Алардын экөөсү кыргыз жараны болгон.
2012-2016-жылдар аралыгында Кытай, Улуу Британия, Орусия, Түркия, Канада жана Казакстан Кыргыз өлкөсүнө түз ИНВЕСТИЦИЯ салып, негизги өнөктөш болгон. Маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.
Кыргыз мамлекетинин жарандарынын 30 пайызы 70 жашка жетпей оорудан КӨЗ ЖУМАТ. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан билдиришти.
1-октябрда жабылган КЫРГЫЗ-КЫТАЙ чек арасындагы «Торугарт», «Эркеч-Там» көзөмөл пункттары 8-октябрда кайрадан иштей баштайт.
Жогорку Кеңештин «Республика–Ата-Журт» фракциясынан депутат Нургазы Нишанов «Кыргызжылуулук-энерго» ишканасынын башкы директору болуп дайындалганына байланыштуу мандатын тапшырды. Анын ордуна парламентке мурдагы ички иштер министри ЗАРЫЛБЕК РЫСАЛИЕВ депутат болуп келди.
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК чек арасындагы такталбаган тилкелер боюнча келишимди эки өлкө парламенттери ратификациялап, өлкө башчылар кол койду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.