ӨПКӨ ЧАБУУ ЖАНА СУУ ТЕГЕРЕТҮҮ ЫРЫМЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КОЛДОНУЛАТ?

Кыргызда салт, жөрөлгөлөр бар эмеспи. Аны ушул убакка чейин колдонуп келебиз. Бирок жөрөлгөлөрдүн чыныгы маанисин билбегендер арбын. Ырым, жөрөлгө боюнча бул жолу бизге Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу Бурулсун Бабашова жооп берет.

ӨПКӨ ЧАБУУ

– Өпкө жамандыкты сиңирип алат деген ишеним менен өпкө чабуу жөрөлгөсү пайда болгон. Өпкө чабуу ырымы 2 шартта ишке ашат. Биринчи учур, жаңы келин келгенде ага арналып эчки союлат. Үйлөнүп жаткан эки жашты бири-бирине желкесин тийгизип отургузуп, чапан жаап туруп үйдүн аксакалдарынын бири жаңы союлган эчкинин өпкөсүн алып жаштарды урат. Андан соң өпкө итке берилет. Өпкө чабуу садага катары саналып, жубайларды кырсыктан сактоо, көп балалуу болушун камсыздоо максатында жасалат.
Экинчи учуру, садага чабуу ырымы деп аталат. Узак сапардан кайткан, кырсыктап же бейтап болуп келген адамга улак союлуп садага чабылат. Ал өпкөнү садага чабыла турган кишинин башынан үч жолу айлантат, денесинин ар кайсы мүчөсүнө тийгизип «балакет-салекеттин, оору кырсыктын баары ушуну менен чыгып кетсин» деп өпкөнү алыс жакка ыргытып жиберет. Аны ит-куш жеп кетет. Илешип келген жин, шайтан, оору-сыркоо, кырсык ошо садага чабылган малдын өпкөсү менен кетти деген ишеним менен жасалат. Айткандай эле адам жеңилдей түшкөнү байкалат.

СУУНУ БАШТАН ТЕГЕРЕТҮҮ

– Кыргызда башты улук коёт. Баш кийимди тебелебейт, ыргытпайт жана белекке бербейт. «Баш кетсе, баары кетет» деген кеп бар. Кыргызда суу ыйык. «Суунун башатын булгаба, сууга заара ушатпа, түкүрбө, агын сууга кир чайкаба, жугунду төкпө» деп айтышат. Алыста жүргөн адам, көп адамдар менен жолугуп, сүйлөшүп, мамиле курат. Ошондон улам ал үйүнө келгенде илешкен жаман нерселерди кошо ала кирбесин деген ниетте кесеге суу куюп башынан айлантат. Бул адамдын аурасын тазалоо үчүн колдонулат. «Суук көз, суук сөздөн сактасын, жабышкан жаман нерселердин баарын суу тазаласын» деп айтып туруп бул сөздү сиңирип алган сууну адам баспаган жерге төгүп салышат. Чыныны босогонун оң жагына көмкөрүп туруп 3 күн албай коюшат. Себеби адамдан сууга сиңген терс энергиясы үч күндө күндүн нуру менен, ай-жылдыздын нуру менен тазаланып жок болот деген ишеним бар. Айрымдар сууну тегеретип бүткөндө үч жолу түкүрүп туруп төгүшөт. Бул ичтеги балээнин баары кошо чыксын деген ырым. Суу жакшы да, жаман да маалыматты өзүнө сиңирип алгандыктан бул ниет кабыл болот деген ишеним бар.


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Asankun
2017-10-10 09:58:17
Мындай нерселер ширк. Жамандык жакшылык Аллахтан
-22
Samina007
2017-10-10 12:25:07
Asankun,ХХХ ХХХ ХХХ.бизди ата бабабыз ушинтип эле келген.
+25
admin_portal
2017-10-10 15:42:58
Samina007, кимдир-бирөөнү мазактоого жол жок! Эскертүү!
-4
bosmos77777
2017-10-10 12:49:12
Кыргыз Ислам дини жайылгыча. Озунун каада салты жана жашоонун ыргаагына жараша. Табият жана табиятын жашоосунда,адамзатка сырдуу корунуп,корунбогон, колдоп же каршылык кылуучу нерселерге. Озунун аяр жана сактоочуу ырым жоролголорун колдонуп келишкен. Бул доорлооп,кылымдаап жашаган.Тупкулуктуу,уюткулуу Элдин. Жашоо жоролголорун дин тутунуу менен жоготом деген. Аарсыздар Оздору жоголот. Анткени "Кыргыз" момун,зирек,пейли кенен касиеттуу улут.
+16
Samina007
2017-10-10 12:56:32
Биз кыргыз улуттук каада салтыбызды унутуп бараткандайбыз.бир мисал:обо энебиз"алас алас ар балееден калас"деп түтөткү салып келсе.ата бабабыз алакан жайып Оомиийин деп келген.азыркыларды карасаң Ааамийин дешип.дегеним өзүбүздүн каада салтыбызды унутпасак
+16
realmadrit95a
2017-10-11 11:02:47
Samina007,Амийн Омийн
айырмасы деле жокко дейм
-10
aylun
2017-10-10 14:29:46
Азыр Кудай деп жалынсан Аллах де деп жактырбагандар коп. Акчуч десен аны еврейлер уйроткон альхамдулиллах деп айт деп билимдуусунушот. Миндеген жылдар бою ата бабаларыбыз Кудайга оз тилинде эле свйынып келишкен. Араб тилин билген адам болсом да акчуч деп эле айтам. Анткени акчуч созу менен Кудайга ырахматымды билдирем, еврейлердин тук тиешеси жок буга. Кыргыз бойдон эле калсак, тушунуп тушунбой эле арабдардын салт санаасын тануулай бербей.
+28
jaskaaa
2017-10-10 14:49:52
aylun, кошулам сизге
+11
orun
2017-10-11 02:05:09
jaskaaa,а мен кошулбайм)))
-9
Asyl10
2017-10-12 16:10:41
aylun,200% кошулам созунузго, ото эле арабдашып кетип жатабыз,ата-бабаларыбыз акчуч, оо Кудайым эле дешкен. Арабдардын создорун гана эмес кийиминен бери туурап кийип алдык. Кыргыздын озунун сопсонун кийими, урп-адаты бар. Ар кайсы элдин салытын кылбай.
+5
admin_portal
2017-10-10 15:44:39
bosmos77777, оозеки эскертүү! Порталдын башка колдонуучусун кемсинтүүгө тыюу салынган! Ошондой эле провокация жаратуудан алыс болуңуз!
+2
bosmos77777
2017-10-10 21:27:55
admin_portal,Рахмат!
+3
afina66
2017-10-12 01:33:42
Ширк бул салттар тушунгондор учун. А тушунбогондорго торт тарабы кыбыла
-5
lilya8
2017-10-13 19:07:32
Ар ким оз тилинде и озунун дили менен ишенет кудайга. Албетте араб тилин билбегендер кыргызча сыйынабыз кудайга. Бирок, чын журоктон ишеним билдирсе болдуда. Апа десек да мама десек да барибир оз энебизго, ушундай эле корунушго деп ойлойм
+1
Uzakova.Z.A
2017-10-14 23:27:25
Ширк болот ишенбеш керек бир алладан коркуп бир алладан сурайлы ал баарын билуучу кудуретту зат.
-4
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан