КИМ? КАЙДА? КАЧАН?

Супер-агент

“АЙГҮЛ ЖИГИТИНИН ҮЙ-БҮЛӨСҮ БАР ЭКЕНИН БИЛЧҮБҮ?”

– "Супер-Инфо" гезити, саламатсыздарбы. Мага Айгүл Чалова жагат. Ошон үчүнбү, ушул ырчы кыз тууралуу макалаларды калтырбай окуп, маалымат алып жүрөм. Ал жөнүндө бардык нерсе мен үчүн кызык. Билишимче, анын жигитинин үй-бүлөсү бар болчу. Кийинчерээк "Айгүл ал жигити менен сүйлөшпөй калыптыр" деп уктум. Ошондон бери бир суроого жооп уккум келип жүрөт. Ал мурун деле жигитинин үй-бүлөсү бар экенин билчү бекен же кийин билип калып, ошонун айынан алар сүйлөшпөй калыштыбы? Ушул суроого Айгүл Чалованын өз оозунан жооп уккум келет.

Айназик, Бишкек шаары.

Айгүл Чалова, ырчы:
– Ооба, мындай сөздү элден көп эле угуп жүрчүмүн. Өзүнөн сурап калганымда “эл сүйлөй берет. Ортобузга бүлүк салыш үчүн көрө албастыктан ар кандай кеп чыгаргандар бар. Аларга маани бербе” деп мени ишендирип келген. Мындай сөздөрүнө ишенчүмүн. Карганып "менин үй-бүлөм жок" деп туруп алса, кантип ишенбей коёсуң? Элден угушумча, ал үй-бүлөлүү экен. Бирок ушунча убакыт ичинде бир да жолу "бул сөз ырас" деп тастыктаган эмес. Ошентип, акыры экөөбүз ажырашып тындык. Азыркы учурда сүйлөшпөй калсам да бул инсанды жакшы көрөм, сыйлайм, урматтайм.


“КАНАТ КӨЗҮ АЧЫКТАРГА ЖОЛ АЧТЫРЫП ТУРАБЫ?”

– Мен гезитке кат жазам деп ойлогон эмесмин. Бирок продюсер Канат Култаев тууралуу бир маалыматты тактагым келди. "Ал өзү менен иштешип жүргөн ырчы жигиттерди көзү ачыктарга көрсөтөт" деп уктум. Анан Даниэль да гезитке “кыздар окутуп коюшу мүмкүн” деп интервью бериптир. Ошондон улам ойлоп калдым. Чын эле Канат байке Мирбек, Алихан, Даниэлди көзү ачыктарга көрсөтүп турабы? Көпчүлүк кыздар сүйгөн “балдарын” кимдир бирөө дубалатып, башын айлантат деп чочулайбы? Же мен жаңылышсам анда эмне үчүн аларга барат? Сиздерден сураныч, ушул суроомо Канат байкенин өзүнөн жооп алып бериңиздерчи.

Жумагүл, Ош шаары.

Канат Култаев, продюсер:
– Менин ата-энем намаз окуган адамдар. Ошондуктан андай иштер күнөө экенин кичинекейимден айтып мээме сиңирип коюшкан. Көзү ачыктар менен молдолордун асман менен жердей айырмасы бар да. Көзү ачык, бүбү-бакшылардын кызматынан пайдалануу күнөө болот. Андыктан балдарды мен эч качан көзү ачыктарга алып барган эмесмин. Молдого барып дем салдырып, тумар чийдирүү башка да, жол ачтыруу башка. А Даниэль тууралуу айтсам, анын апасы кичинекейинде эле ага тумар чийдирип, молдолорго көрсөтүп турчу экен. Мага да "анча-мынчада дем салдырып тургула" деп айткан. Чындыгында, көз тиеби, айтор, балдар концерттерден соң ооруп, кыйналып калышат. Айла жок молдого алып барып дем салдырабыз. Дем салгандан кийин кадимкидей жеңилдеп, өздөрүн жакшы сезип калышат. Ал эми көзү ачыктарга баруудан корком. Аларга барып бири-биринин жолун буудуруп, кыздар өздөрүн сүйдүрүп алып жүрүшпөйбү. Мындай иштерден Кудай сактасын.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Таллас
2010-05-17 10:56:39
Аззамат! Көзү ачыктарга овшум жолобо! Анан да тумар деген балээни чийдирбей этпей ле кой. Ал деген көзү ачык менен бир статьяда!!!
0
imperator
2010-05-20 17:32:06
Ооба,тумар да,бубу-бакшылар да Аллахка ширк кошуу.Жашоонун жаман,макроо нерселеринен качып Аллахтан бекем ыйман тилейли.
0
ultramarynA
2010-05-21 17:46:32
Таза молдолор кайда болот? Дарегин айтып койгулачы, суранам.
0
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан