ЫМЫРКАЙ АЗИЗ
Туулган жери – Бишкек шаары, №3 төрөт үйү
Жаңы төрөлгөндөгү салмагы – 3 килограмм 200 грамм
Бою – 52 сантиметр
Үй-бүлөдө жалгыз бала
«15 БИР ТУУГАН БОЛМОК ЭКЕНМИН»
– Апам Анара Сыдыгалиева актриса, өмүр бою Кыргыз драма театрында иштеген. Курсакта болгонумда апам «Акжол» деген спектаклде 10-класстагы кыздын ролун ойночу экен. Атасынын моюнуна секирип минген жерин ойнойм деп боюнан козголуп, бир ай ооруканада жатып, анан мени төрөгөн экен. Мен үй-бүлөдө жалгыз баламын. Апамдын айтуусу боюнча, мен 15 бир тууган болмок экенмин. Бирок илгери гастролдон гастролго айдай берчү эмес беле, гастролдоп тоодо, түздө айлап жүрө берип апамдын боюнан түшүп же ичтен өлүп кала бериптир. Илгери гастролдо шарт деле болгон эмес да, анын үстүнө кош бойлуу кезде бир нече жолу жол кырсыгына да кабылышыптыр.
Мага жети ай болгондо апам дипломдук спектакль жазыш керек болуп, мени таенеме Кара-Кулжага жеткирип, өзү Ташкентке окууга кетиптир. Апам мени колуна 5ке чыкканымда алган. Бала бакчага деле барчумун, бирок көпкө гастролго кетишкенде чогуу алып жүрүшчү.
«АТАМ МЕНИ КАТУУ ЭМЕС, ӨТӨ КАТУУ КАРМАГАН»
– Атам бир жерден «балаңды Кудайыңдай кармасаң, төбөңдү каңдайт» дегенди окуп алып, катуу таасирлениптир. Апамдын айтымында, ошол сөздү окугандан кийин эле мага мамилесин катуулатыптыр. Атам мени жакшы көрчү, бирок өтө катуу кармаган. Сабактан кечигип келсем же үй тапшырма аткарылбай калса кол көтөрүп калчу. Бир жолу балдар менен күрөшүп ойноп жатып үйдүн ачкычын жоготуп алгам. 5-класс болсом керек, атамдан коркконумдан балкондон балконго секирип отуруп 7-кабаттагы үйүмө киргем. Анымды көчөдөн кошуна көрүп, бирок чочутуп албайын деп унчукпай карап тура бериптир. Ал апама айтып берсе «миң эшикти таба алам, сени кайдан табам?» деп бир топко ыйлаган. Атам экөөбүздүн мамилебиз ошол боюнча салкын бойдон калды. Кийин мен студент болгондо оңоло баштады эле, бирок ал деле көпкө узаган жок. 2-курста Москвада окуп жатканымда атам 42 жашында өзүнүн туулган күнүндө каза болуп калды. Небереси Шааны көрүп кетти. Шааны бир жыл укмуш эркелетип бакты.
«ЖАНЫБАРЛАРДЫ МУЗДАТКЫЧТЫН ТОҢДУРГУЧУНА САКТАЧУМУН»
– Балдар менен көп мушташтым. Бирок тишим, мурдум сынган жок. «Актёр болбойсуң» деген атам мени көркөм гимнастика, кунг-фу, каратэге берди. Сүрөттү да жакшы тартчумун. Пластилинден ар кандай жаныбарларды жасап, бузулуп калбасын деп муздаткычтын тоңдургучуна салып койчумун. Бирок буларды хобби катары көрүп, жуурулушуп кете алган жокмун. Эмне менен алектенбейин бир жылдан соң таштап коюп жаттым. Спорт менен чала-була машыгып, үйрөнүп калгандарымды балдар менен мушташканда, азыр актёрлук кесибимде колдонуп калам.
Жалгыз бала болгондуктан үйдөгү кызга да, балага да тиешелүү жумуштарды кылып чоңойдум. Идиш, кир жууп, үй тазалап, тамак жасап дегендей. Үй тазалап, палоону басып, ата-энемдин алдына чыгарып берип, «силер жей бергиле» деп эшикке балдарга жолукканы чыгып кетчүмүн.
Бир жолу балдар эки топ болуп мушташып, биз жеңип, беркилерди кубалап жибердик. Бир убакта бизге болушканы 30дай бала келе жатыптыр. Карасам, алардын алдында атам чуркап келе жатат. Эмне болгонун түшүнбөй калдым. Көрсө, балдардын чогулуп жатканын көргөн атам «болду-болбоду арасында Азиз бар, Азиздин тобуна болушам, мушташам» деп чуркап келиптир.
«ДАЙЫМА АКТЁР БОЛГУМ КЕЛЧҮ»
– Ата-энем экөө тең актёр болгондуктан балалыгымдын көп бөлүгү театрда өттү. Азыр ойлосом, кыргыз сахнасынын дөө-шаалары менен аралашып эле жүрүптүрмүн. Алар мени өз баласындай көрүп, эртең менен чөнтөгүнө момпосуй, алма салып келишер эле. Кичинемде эле спектаклдерде балдардын ролун ойной баштагам. 3-классымда Советбек Жумадыловдун баласы менен чогуу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасындагы Зарипанын балдарын ойнодук. Менин артист болушума ата-энем «артист болуп ким жыргап жатыптыр?» деп аябай каршы болушкан. Аяш атам мени «юрист кылам, окууга өзүм өткөрөм, акчасын өзүм төлөйм» дечү. Мен дайыма актёр болгум келчү. Бир жолу балалык ой менен «не хочу быть козлом» деп салыптырмын. "Козёл" деп ата-энем деле айтышчу эмес, бул сөздү балдардан уккан болчумун. Аяш атам «силер мени "козёл" дейт турбайсыңарбы» деп ошондон кийин таарынып калган.
«БАЛАЛЫК СҮЙҮҮ МЕНДЕ КӨП БОЛГОН»
– Балалык сүйүү менде өтө көп болгон. 5-6 жашта болсом керек, айылга Кара-Кулжага барып калганымда Союзгүл деген кызды жактырып калгам. Кара тору, бантиги башынан чоң кыз эле. Менимче, менден улуураак болчу. Кийин Сабира Күмүшалиева менен гастролго ошол тарапка барганымда туугандарыбыз «тигине Союзгүл» деп алыстан көрсөтүштү. Жанына барган жокмун, бирок белек берип жибердим. 3-классымда Жаркын деген кызды жакшы көрдүм. Ал укмуш «авторитет» эле. Бетинен өөп туруп качып кетчүмүн. Андан кийин деле бир топ кызды жакшы көрдүм, бирок бирине да сүйүүмдү ачык билдире албадым.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg