Светлана Айтбаева, Димаш Кудайбергеновдун апасы: «ДИМАШ КЫРГЫЗСТАНДА ОКУГУСУ КЕЛГЕН»

Миллиарддан ашуун калкы бар Кытай өлкөсүндө популярдуулукту багынтып, учурда миллиондогон күйөрмандарды топтоого жетишкен казак ырчысы Димаш Кудайбергеновдун апасы Светлана Айтбаева жеке жумуштары менен Бишкек шаарына келиптир. Аны менен жолугуп, чыгармачылыгы, уулу тууралуу кенен маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

КЫТАЙДАГЫ СЫНАК АРКЫЛУУ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫЛГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕНОВДУН АПАСЫ БАЯНДАЙТ

– Светлана айым, биздин өлкөгө канчанчы ирет келип отурасыз?
– Кыргыз жерине экинчи ирет келишим. Буга чейин 2013-жылы сиздердин атактуу Ысык-Көлүңүздөргө, тагыраагы, Чолпон-Ата шаарына уулум Димаш «Мейкин Азия» фестивалына катышканда келип, аны колдоп жанында 10 күндөн ашуун жүргөнбүз. Кыргыз калкын боордош, кандаш эл катары өтө жакшы көрөм. Тун уулубуз Димаштын чыгармачылык тушоосун кесип, жолун ачып берген кыргыз эли. Кыргыз кайрыктарын да жакшы көрөм. Чынын айтсам, кыргыз ырлары өтө мазмундуу, мукамдуу. Өзүмдүн жеке концерттеримде кыргыз ырларын аткарып жүрөм (ушул жерден маектешим «Таң сырын» кыргызча созду). Димаш да музыкалык орто окуу жайды аяктаганда «Бишкектеги Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырам» деп аябай көңүлдөндү. Бирок биз Казак улуттук искусство университетине тапшыртып койдук.

– Сизди Димаштын апасынан сырткары казак маданиятына эмгеги сиңген адам катары да билебиз. Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз.
– «Алма сабагынан алыс түшпөйт» демекчи, Димаш төрөлгөндөн тарта өнөр адамдарынын арасында өстү. Мен дагы, жолдошум Канат Айтбаев дагы 20 жылдан бери маданият тармагында кызмат кылып келебиз. Өзүм Газиза Жубанова атындагы Актөбө облустук филармониясынын ырчысымын, жолдошум да ал жакта иштеп жүрдү. Өкмөт эмгегибизди баалап «Эмгек сиңирген кайраткер» деген наам беришкен. Бул өнөр адамдарына берилчү эң жогорку даражадагы наам. Мурда жаштар бизди жөн гана өнөр адамдары катары карашса, азыр уулубуздун арты менен казак элине өтө таанымал болуп кеттик (күлүп).

– Кыргызда «болор бала богунан» деп коёт. Уулуңуз Димаштын талантын бала чагынан эле байкадыңыздарбы?
– Өзүбүз музыка адамдары болгондуктан Димаштын кичинекей чагында эле абсолюттук эске тутуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин аңдадык. Бала чагында музыкалык аспаптардан кайсы нотанын добушу чыкканын жазбай билчү, кайталап да берчү. Ошондуктан аны 5 жашында музыка мектебине бердик. Кичинекейинде мени концерттерге ээрчип алчу. Катуу таасирленет окшойт да, мен ырдап бүтүп сахнадан элге жүгүнүп жатканда Димаш да залдан сахнага чуркап чыгып, мени менен кошо жүгүнгөндү жакшы көрчү.

– Димаш бала чагында кандай эле?
– Димаштын иниси жана карындашы бар. Бардыгы эрке. Себеби чоң ата-чоң энелери менен чогуу турабыз. Чоң ата-чоң энесинин көзүнчө аларды шоктук кылса деле уруша албайсың. Димаш өтө эрке, беттегенинен кайтпаган өжөр, оюна эмне туура келсе, ошону жасаган бала болуп өстү. Сабактарын жакшы окуду. Бирок шок болчу, чуркап эле жүрчү. Футбол ойноп колун сындырып алган да күндөрү болду. Балдарыбызга казак тилин таза сүйлөөгө жана улуттук музыкалык аспаптарда эркин ойноого үйрөттүк. Себеби ар бир улуттун уулу өз тилинде сүйлөп, улуттук музыкалык аспабын ойной билүүсү керек. Димаш домбраны бала чагынан үйрөнгөнүнүн үзүрүн көрүп жаткан чагы. Өткөндө белгилүү актёр Жеки Чанга домбраны жөн гана сунуп койгондо дурус болмок эмес. Ал домбра менен казактын бир күүсүн ойноп туруп, андан соң тартуу кылганы кандай жакшы көрүнүш болду.

– Уулуңуз сиз менен сырдашабы?
– Димаш ойлогон оюн ачык айтат, сыр жашырбайт. Мени менен азыркы күнгө чейин сырдашат. Азыр эми көп убактысын Кытайда өткөрүп жатат да. Күндө телефон менен сүйлөшөбүз. Достору, максаты, кыялдары, музыка тууралуу сырдашабыз. Анан, албетте, кыздар тууралуу да айтат (күлүп). Бирок азыр уулумдун кыздарга көп убактысы жок, чыгармачылык менен алпурушуп жүрөт.

– Уулуңуздун Кытайда күйөрмандары күн санап өсүүдө. Бир күнү «келиниңиз болот» деп 1 кытай кызды жетелеп келсе эмне кыласыз?
– Уулумдун Кытайда күйөрмандары көп болуп, кыздар ашык болуп жатканына кубанычтамын. Алардын колдоосу, сүйүүсү менен Димаш ушундай даражага жетип жатат. Адамдын маңдайына эмне жазылса, ошол болот да. Бирок ошентсе деле өз улутуна жакын, тилин эркин түшүнгөн келиндүү кылса жакшы болмок.

– Димаш сахнага жаңыдан кадам таштап жатканда казактын белгилүү өнөр адамдары «чаңырган өнөр эмес» деп катуу сындашкан эле. Ал сындар жүрөгүңүзгө катуу тийген жокпу?
– Эгер ошол жерде отурган калыстар, өзгөчө сын айткандар вокалды мыкты түшүнгөн, музыкалык деңгээли жогору адамдар болсо, анан Димаштын катачылыктарын айтса мен жүрөгүмө жакын кабыл алып, санаа тартмакмын. Бирок ал жерде отургандар андай адамдар эмес болгондуктан, алардын сынына анчалык териккен жокмун. Себеби уулумдун мүмкүнчүлүктөрүн өзүм жакшы билем.

– Баласы үчүн эненин жүрөгү зыркырайт эмеспи. Уулуңуз үчүн кыйналып, көзүңүзгө жаш алган учурлар болдубу?
– Кытайда өткөн "I am a singer" сынагында ошондой болду. Мисалы, башка сынактарга барса 3 күндүн ичинде бүтөт. Ал эми жогорудагы сынак өтө узак, 4 айдан ашык убакытка созулду. Бул убакытта убайым жеп ыйлаган, жүрөгүм ооруган учурлар көп болду.

– Так ошол сынактан кийин уулуңуздун күйөрмандары көбөйсө керек?
– Сынак жүрүп жаткан маалда, февраль айында Димаш Актөбөгө келип кетти. Биз жактын кышы аябай суук. Минус 35-40 градус аязда «Димаш келет экен» деп түнкү саат 1ге чейин колундагы гүлдөрү суукта муз болуп тоңуп калса да күткөн кыздар болду. Ошол кыздарды аяп, уулум келгиче үйгө киргизип чай да бердим (күлүп). Көчөдөн айрым күйөрман кыздары атымды билбесе «мама» деп артымдан жүгүрүп алышат. Азыркы тапта 70ке чукул өлкөдө фан-клубдары бар. Кечээ жакында Алматыда концерт өткөргөндө көрөрмандардын 40 пайызы чет элдик күйөрмандары болду.

– Үйгө уулуңузга келген каттар толуп калса керек?
– Бизде менталитетке жараша ырчыны ичинен жакшы көрүп тим болот, сыртынан билдирбейт. Ал эми кытай элинде күйөрмандык кылуу күч экен. Бизде унутулуп бараткан кат жазуу маданияты Кытайда сакталуу бойдон калыптыр. Димашка Кытайдан күнүнө жүздөгөн каттар келет. Кээ бир кыздар атайын казакча үйрөнүп, каттарын казакча жазышат, себеби Димаш казакча сүйлөөрүн билишет да. Сайма менен, мончок менен килемге тартылган уулумдун түрдүү сүрөттөрү келет. Анын баарын катып коёбуз, кээ бирлерин ырымдап досторуна беребиз.

– Уулуңуздун имиджи Кытайга барганда өзгөрдү. Жаңы имиджинин үстүнөн кимдер иштешти?
– Кытайдагы стилисттердин кеңеши менен жаңы имидж иштеп чыгышты. Өткөндө Казакстанда өткөргөн концертинде Кытайдан чачтарач, стилисттери кошо келиптир. Бизде чач жасалганы жакшы жасаган белгилүү бир стилист бала бар. Ал кытай стилисттеринин иштегенин, адамды жасалгалоочу шаймандарын көрүп «мыкты экен» деп таң берди.

– Кытайлык авиакомпаниялардын биринин учактарында уулуңуздун сүрөтү тартылды...
– Компьютердик оюндарды чыгарган бир компаниянын суранычы менен Димаш бир саундтрек аткарган. Ошол компания жарнама иретинде уулумдун сүрөтүн учактарга чаптаганын көрүп аябай кубанып, интернеттеги баракчама «Ошол учагыңардын амандыгын тилейм. Себеби учак менен чогуу менин уулум да асманга учат, уулумдун да амандыгын тилейм!» деп жазгам. Ар бир ата-эне «биз жетпеген бийиктиктерге уул-кызыбыз жетсин» деп тилек кылат эмеспи. Уулубуздун ийгиликке жеткенине атасы экөөбүз абдан кубанабыз.

– Маек куруп бергениңизге ыраазычылык!


"Кытай стилисттери уулума тандап берген имиджи менин купулума аябай толду. 23 жаштагы жигитке жарашыктуу".
"Кыргыз ырлары өтө мазмундуу, мукамдуу. Өзүмдүн жеке концерттеримде кыргыз ырларын аткарып жүрөм".

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Казак ырчысы Димаш Кудайбергеновдун апасы: "Уулум Кыргыз өлкөсүн өтө жакшы көрөт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Snejana
2017-10-10 10:07:10
Кандай жакшы. Бизге дагы буйрусун.
+9
Stervashka
2017-10-10 12:48:53
Сулуу,татынакай аял экен. Кайрат Нуртастын апасы да ушундай жакшынакай го. Казак эли сулуу болушат экен негизи.
+6
noeli
2017-10-10 13:30:11
Омурун берсин эми.
+5
jemile
2017-10-10 16:46:12
Витас жолдо калыптырда, азамат
+3
Asalim-99
2017-10-11 18:37:57
Dimash ya lublu tebya, vsegda vpered)))
0
Aziyat
2017-10-12 04:42:38
Абдан жөнөкөй,ачык сүйлөгөн аял экен.Бар болуңуз эжеке.Кайрат Нуртастын апасы ушундай жөнөкөй шайыр аял экен. Кайрат дагы,Димаш дагы Ыссык көлүбүздөн көтөрүлгөн экен бар болгула азаматтар!
+1
altyw555
2017-10-17 04:59:23
Алга ДИМАШ!!!!!!!!!!!!!!
0
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан