АМЕРИКАЛЫК АҢЧЫ КЫЗ КУЛЖАНЫ КАНЧА СОМГО АТЫП КЕТТИ?


Интернет айдыңында өткөн аптада америкалык Лариса Свитлыктын (Larysa Switlyk) Кыргызстанда Кызыл китепке кирген кулжаны аткан видеосу жана сүрөтү жарыяланган эле. Бул интернет колдонуучулардын кыжырын кайнатып, «Эмне үчүн Кызыл китепке кирген жаныбарды чет элдиктер атып жатышат? Эмне үчүн уруксат берилет?" деген сыяктуу суроолор жааган. Буга Жаратылышты коргоо жана пайдалануу департаменти кандай жооп кылат?

«БИР ЖЫЛДА 70 КУЛЖА АТЫЛАТ ЖАНА АР БИРИ ҮЧҮН 450 000 СОМ ТӨЛӨНӨТ»

Жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абасбек Канкулиев биздин суроолорго жооп берди.

– Аталган видеодогу кулжа өлкөбүздүн кайсы жеринде атылган? Атууга мыйзамдуу уруксат берилгенби?
– Социалдык тармактарда жайылган видеодогу Лариса Свитлык кулжаны 2016-жылдын ноябрында Кыргызстанга келгенде Нарындын Ат-Башы районунун Котур капчыгайында аткан. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Профи Хант» (ЖЧК) аңчылык коому менен байланышып келген. Аталган коомдун жаратылыш ресурсун колдонуу боюнча биздин департаменттен алган уруксат кагазы (квотасы) бар. Андыктан кулжа мыйзам чегинде атылган. Аңчы кыз бул жакка төртөө болуп келген: оператор, өзү, дагы жер көргөнү жана тоо теке атканы келген 2 адам. Лариса өзү 25-ноябрда 1 кулжа, 27-ноябрда 1 тоо эчкисин аткан. Документ боюнча атуу баракчасы 000 807, олжо баракчасы кулжа боюнча 0129, тоо текеники 0564. Видеону оператору тарткан. «Профи Ханттын» жетекчисинин айтканына караганда, Лариса аңчылар жана балыкчылар арасында "Larysa Unleashed" аталышындагы ТВ-шоу менен белгилүү.

– Атууга тыюу салса болбойбу?
– Атууга мыйзамдуу түрдө 1 жыл үчүн аркар-кулжалардын санына карап 70 башка чейин карыгандарын атууга уруксат берилет. Карыгандары тукум бере албайт жана өзүнүн ажалынан мурун да ооруп же ит-кушка жем болуп өлүп калат. Чет элден келгендерге мүйүзүнүн узуну жана жоону керек. Андай мүйүз жаштарында эмес, көп жашаган карыларында гана болот. Мүйүздү коллекция кылышат, көргөзмөлөргө коюшат. Туяктуу жаныбарларга аңчылык сезону бизде августтун экинчи ишембисинен тартып декабрдын биринчи жекшембисине чейин. Аңчылык сезону башталгыча биздин департаменттен жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун өкүлдөрү ар аймактарга барып, ал жактагы аңчылык коомдорунун мүчөлөрү менен биргеликте ошол аймактагы жапайы жаныбарларды санап, санын алып келишет. Анан алардын республика боюнча санын чыгарышат. Ошого жараша канчасын атууга уруксат берүүнү аныкташат. Кызыл китепке киргендерден кулжаны атууга гана уруксат берилбесе, башкаларына берилбейт.
2016-жылы аркар-кулжалардын саны 13639 баш болгон. Булардан 70 кулжага атууга уруксат берилген.

– Бир кулжа атуу үчүн канча акча төлөнөт жана ал кайда сарпталат?
– Кулжа жана тоо теке үчүн Свитлык төлөгөн акчаны «Профи Хант» биздин департаменттин депозиттик эсебине төккөн. Мыйзам боюнча кулжа үчүн
450 000 сом, тоо теке үчүн 70 000 сом төлөгөн. Акчанын 40 пайызы аңчылык коомго, 25 пайызы кулжа атылган аймак кайсы айыл өкмөтүнө караштуу болсо ошол айыл өкмөтүнө жана 35 пайызы биздин департаментте калат. Акчалар кайра эле табиятты коргоо иштерине жумшалат.
Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда 25 аңчылык жоопкерчилиги чектелген коом иш алып барууда. Чет элден аңчылар келгенде аңчылык коому биздин департаментке келип атуу баракчасын алуу үчүн «мергенчиликке чейин» деген каттоодон өтөт. Өзүнүн районуна барганда райондогу биздин өкүлчүлүккө «аңчылыкка 1 егер бөлүп бергиле» деп кайрылат. Анан чет элден келген аңчы, егер, аңчылык коомдогулар тоого барышат. Кулжа атылгандан кийин егер кулжанын мүйүзүнүн узундугун, жоондугун, эки мүйүзүнүн ортосундагы аралыкты ченеп, олжо баракчасына жазып, мөөрүн басат. Аңчылык коомдогулар биздин департаментке келип, «аңчылыктан кийин» каттоосунан өтөт. Андан соң гана чет элдикке олжону сыртка алып чыгууга уруксат кагазы берилет.
2016-жылы жалпы 70 кулжа, 300 тоо теке атылган жана алардан 52 миллион сом түшкөн. Быйылкы жылдын эсебинен 2 кулжа, 69 тоо теке мыйзамдуу түрдө атылган. Мыйзамсыз атса кулжа үчүн 1 миллион сом, тоо теке үчүн 100 000 сом доо өндүрүлөт.


"АМЕРИКАЛЫК АЙЫМДЫ КУЛЖА АТУУГА ИНИМ ЭКӨӨБҮЗ, ЕГЕР БОЛУП АЛЫП ЧЫККАНБЫЗ"

Санжар Мияев, «Профи Хант» (ЖЧК) аңчылык коомунун жетекчиси, Ат-Башы районунун тургуну:
– Лариса Свитлык Кыргызстанга 2016-жылдын ноябрында 4өө болуп келишкен. Кулжа атуу мыйзамдуу түрдө болуп, бардык керектүү документтер толтурулган. Аңчылык коомдон мен, бизде иштеген иним, Жаратылышты коргоо жана пайдалануу департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүгүнүн 1 егери (аңчылыкты көзөмөлдөйт) бардык. "Кулжанын картаңдары ушулар" деп биз тандап бердик эле ал бирөөсүн аткан. Видеону оператору тарткан.

«КУЛЖАНЫН АТЫЛЫШЫН 1 ЕГЕР ЭМЕС, МЫЙЗАМДУУ 3 ӨКҮЛ КӨЗӨМӨЛДӨШҮ КЕРЕК»

Аскар Давлетбаков, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун омурткалуу жаныбарлар зоологиясы лабораториясынын жетекчиси, зоолог:
– Мен билгени аркар-кулжаны атуу лицензиясынын баасы Тажикстанда 10-12 миң доллар, Монголияда 10-20 миң доллар.Бизде да лицензиянын баасын ушундай көтөрүп, бирок лицензиянын санын азайтуу керек. Бирок азыр өкмөттүн бюджетинде акча каражаты тартыш болгондуктан бюджетке карыган кулжаларды атуудан акчанын түшүп турушуна бир жагынан аргасыз макул дейсиң. Ал каражат кайра эле егерлерди кармап турууга, жаратылышты коргоо иштерине коройт. Мыйзамдуу түрдө атууга тыюу салынса, анда браконьерлер көбөйөт. Бирок атууга уруксат берилген күндө да кулжанын атылышын көзөмөлдөөгө 1 гана егердин баруусуна каршымын. Егерден сырткары Жаратылышты коргоо жана пайдалануу департаментинин 1, биздин Биология жана топурак таануу институтунун 1 өкүлү кошо барышы керек. Анткени 1 егер барганда ага пара берип, мүйүзү узун дагы башка текени атуулары мүмкүн.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
suusar89
2017-10-10 17:28:59
Кыйрытыптырсынар 70 аз болуп аз пайда коруп калган жоксунарбы дагы атсанар калбай калганда жанынар тынат да
+5
Nurkyz1977
2017-10-10 18:48:05
Бироону мыйзамдуу атса калганын комуско кылып атып ортодо баягы эле куураган акча ойнойт да,бул ачуу чындык. Кыргыздар качантан бери мыйзам чегинде иш алып барып калышты эле. Пулун болсо кулунмун,жаман уйду коногу бийлейт дегендей соз.
+4
sanzhar83
2017-10-10 19:57:09
Акчанын кобу кайсы бироолордун эле чонтогуно тушуп атса керек,мыйзамдуу деп бироосун корсотуп,мыйзамсыз комускодо канчасын сатып атасынар кудай билет
+6
Baktikan
2017-10-10 22:28:06
Tabiyatka jumshalat dep koet dagi uyalbai~
0
Lion.
2017-10-11 03:40:13
Эх куйуп кетемда куйуп
+5
Abdynur
2017-10-11 03:42:37
ассалломмуу алейкум биздикилер акча деп журо бербей кичине табиятты да караса болот ко дагы карупсияны жок кылабыз десе жанын кашайатта
0
Uhtishka.
2017-10-11 20:18:33
35пайызын эмне кылып табият учун жумшадынар ,далилдер барбы ?
+1
Belek2070
2017-10-12 01:16:31
Олсо да оз ажалы менен олсунда, карышкырлар жесин, силер коргогула броконерлерден и все силерге окмот айлык толоп атабы,? Ошону жеп кысып эле жургулочу, кайдагы эгер пегер дебей каракчылар!!!
+1
Jigitchem
2017-10-12 01:30:18
Ии каарыгандарын кантип тандап береби муну ат ме деп
+1
K.peri96
2017-10-12 02:53:27
Ne sanap turuwaby a myncha kaldy mynchady tuudu mynchasy atuuga ketti dep.Oiuna kelgendi ele aita beriwet.
0
Paolo
2017-10-13 04:41:20
Интересно бидин эле Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбарларды сатып алганга болобу жеее
0
Paolo
2017-10-13 04:44:13
Ушу биз Америкага барып алып жон эле кызыл китепке кирбеген эле жаныбарын атып анан инетке киргизсек кесип жиберишмек нарушение дешип а бизде жонокой эмес кызыл китепке кирген жаныбарды сатып алып атып журушот
+4
Paolo
2017-10-13 04:50:33
Бугун кулжаны саткыла эртен башкасын саткыла не бизде коп да самое главное ал акча кимдин чонтогуно тушту
+2
konur-olon
2017-10-14 16:49:39
ичин куйот да тим эле негизи вообще аттырбаш керек, тукум курут кыласынар баардык жаныбарларды сакташ керек. 1кулжага 450000сом болсо 70кулжаныкы 31500000сом болот тоо текеники 1башына 70мин болсо 300тоо текеники 21000000милион болот экен ошондо экоону кошсок 52500000сом болот ошондо жылына 52милион тушсо 500.000минден жеп аткан экенда жылына
+1
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан