КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Гелендвагенди, үйдү тезинен өзүңө каттат, түшүндүңбү? Ишенип кой, мен ал мүлктөрүңдү сенден эч качан тартып албайм. Эч нерсесиз калып калбасын деп сени ойлоп жатам. Эмне, жаштыгыңды бекер бердиң беле ага?
Бегимайдын көздөрү тостоюп калды. «Муну деги билип болбойт го. Мага кам көрүп жатат го бул? Анда эмнеге мага карата жанагынча компромат топтоду?»
– Эми Болуш боюнча. Экөөбүз күн алыс ушул жерде жолугабыз. Мага Болуш жөнүндө эмне билсең келип айтып турасың. Уктуңбу? Сага ар кандай суроолор, тапшырмалар болот. Жооп тапканга аракет кыл. Мага калп эле бир нерсени сүйлөп коём деп ойлобо. Ар бир сөзүңдү текшерип турам. Бир жерден эле мени алдачу болсоң кур жалак каласың, түшүндүңбү? Эми бара берсең болот,- кыз үндөбөдү. Башы маң болуп жатты. Эшик тарапка басты.
– Токточу,- эшикти ачып жаткан кызды жигиттин үнү токтотту.
Шашпай Бегимайдын жанына келип көзүнө тик карады Арсен. Анан өзүнө тартып эриндеринен бир саамга өөп турду. Кыз каршылык көрсөтө албай үн-сөзсүз туруп берди.
– Эми бара бер,- эшикти өзү ачып берди Арсен.


ххх


Арсенден чыгып эле Бегимай Гелендвагенин жулкунтуп Болуштун кеңсесин көздөй жөнөдү.
– Өзүндөбү?- деди катчы кызга кирип келип.
– Ооба. Бирок...
Катчы кыз сөзүн аяктагыча эле Болуштун иш бөлмөсүнө кирип кетти. Болуш иш кагаздарын карап жаткан, тыкылдатпай эле түптүз кирип келген Бегимайды суроолуу тиктеди. Кыз бир нерсеге жинденип алгандай.
– Таак... Жанымдын ачуусу келип калган го?
– Мен эмне көчөдө жашашым керекпи?
– Эмне болуп кетти сага?
– Менин курбума жигити үй белек кылды. Болбосо менин күйөөм Кыргызстандагы эң бай кишилердин бири. Муну кандай түшүнсө болот?- ачууланымыш болду кыз. Чынында унаада келе жатып "ушинтип чыр чыгарып үйдү өзүмө каттатам" деп ойлогон.
– Оо, чындап ачууңуз келген го, ээ?
– Курбум мактанып отурат «үй белек кылды» деп. Мен ойлонуп кеттим. Көрсө, менде үй да, унаа да жок экен.
– Токтоңуз. Бир ачууңузду мага бериңиз. Суу ичесизби?
– Жок.
– Отура туруңуз. Маселе ошол элеби?- Болуш телефон менен катчыга кайрылды:
– Мага Тынчтыкты кирсин дечи.
Аз өтпөй костюмчан 30дардагы жигит кирип келди.
– Чакырдыңызбы?
– Ооба. Жаңы бүткөн үйдөн мына бул сулуу кыздын наамына бир үйдү жазасың. Бегимай, паспортуңду бер,- кыздан паспортун алып Тынчтыкка сунду.
– Жарайт.
– Анан Гелендвагендин документтерин ал да, эртеңкиге Бегимайдын наамына каттатып кой.
– Макул,- Тынчтык чыгып кетти.
– Болор-болбос нерсе үчүн анчалык ачууланбай жүр, макулбу? Мен эмне сен жөнүндө ойлонбойт дейсиңби? Сени жакшы көрөрүмдү билесиң го,- Болуш жүзүнө кызыл жүгүрүп сүйүнүп кеткен Бегимайды маңдайынан өптү.
– Рахмат!- мынчалык оңой болот деп күткөн эмес Бегимай.
– Эми үйгө бара бер. Мен жумуштарымды бүтүп барам. Жаңы үйүңдү кечинде майлайбыз, келиштикпи? Ресторандан алдын ала бир столго буйрутма берип кой.
– Сөзсүз. Рахмат сизге!- кыз Болушту бекем кучактап, ага ыраазы болуп жатты. Кийин тыпылдап сыртты көздөй жөнөдү.
Бегимай чыгып кетери менен Болуш телефонун кайра алды.
– Гелендвагенди ага баягыдай кылып каттай бер. Үйдү каттабайсың.
– Түшүнүктүү, шеф.


ххх


Шаар четиндеги айтылуу кымбат ресторанга Болуш менен Бегимай түнкү 10дордо келишти. Кыздын сулуулугу көз уялткыдай. Денесине чыпталышкан кара көйнөк кызды көркүнө чыгарып коюптур.
Болуш экөө күңүрт тарткан бурчтан орун алышып, француз виносунан ууртап, жандуу музыкага ырахаттанып бир топко отурушту.
– Сен жадакалса жаңы үйүңдүн дарегин сурап койгон жоксуң го?
– Ал кайсы жерде чын эле?
– Шаардын борбордук бөлүгүндө. 6-кабат. 120 чарчы метр. Бирок кийинки жылы толук бүтөт. Чемоданыңызды көтөрүп кирип барасыз.
– Мен кубанычтамын. Сизге рахмат,- бирок кыз эми мүлк ага катталган соң аны Арсен өзүнө каттатып алат деп ичинен өзүнүн акылсыздыгына жинденип отурду.


ххх


Эки күн өткөн соң Арсенден Бегимайга чалуу келди. Баягы мейманканага барышы керек. Шашылып жөнөдү. 6-номер бул ирет ачык экен. Кара костюмчан Арсен жумшак отургучта кандайдыр бир кагаздарды карап отуруптур.
– Кандайсың? Эшикти жаба кел. Отур. Иштериң кандай?
– ...
– Батир, унааны каттата алдыңбы өзүңө?
– Кийинки жылы бүтө турган үйдөн бир үй бермей болду.
– Хм. Демек, бербейт экен.
– Берет. Гелендвагенди да өзүмө каттаттым. Кыз мактаныч менен унаанын техникалык паспортун сунду. Бирок кайра «эми бул өзүнө каттатууну талап кылат» деп чочуп кетти. Арсен аны саамга карап турду да:
– Жасалма документ,- деди ишеничтүү.
– Эмне? Мен жаңы номур менен жүрөм.
– Тилекке каршы жасалма экен. Мага ишенип кой. Чынын айтсам, ал сага эч нерсе бербесин сезип жаткам.
– Бул документтин жасалма экенин кайдан билдиң?
– Сен бул документти өзүң барып каттоо кызматынан алдыңбы?
– Жардамчылары даярдап беришти.
– Билесиңби, Бегимай, сен мага ишенсең да, ишенбесең да болот. Бирок бул жасалма документ,- Арсен «четтен уурдалып келген далай унааны ушундай жасалма документтер менен сатканбыз» деп айткысы келди. Бирок аны айтуунун кажети жок болчу.
– Бул тузак, Бегимай. Эгер сен бир жерден катачылык кетирип Болуштун көңүлүнө төп келбей калчу болсоң, алар сени унааны өзүнө мыйзамсыз каттап алган же жасалма документтер менен шугулданган аферист кылып көрсөтүп коюшат.
Э-эх, Бегимай, карачы кандай акылсызбыз. Сага баарын бере турган адам сеникинде бир түн, аялыныкында бир түн түнөбөйт болчу. Муну билип, сезишиң керек эле. Сен жөн гана куурчак болгонсуң.
Бегимай унаанын документин алаканында бырыштырып кармап, көзү алайып отуруп калды. Күмөн саноо аны жеп жатты.
– Эми мындай, Бегимай. Бул диктофон 3 күн тынымсыз иштей алат. Болуштун иш бөлмөсүнө таштап келишиң керек. Эки күндөн кийин кайра алып келесиң, түшүндүңбү?- кызга бармактын жарымындай болгон диктофонду сунду. Кыз үнсүз баш ийди. Ал бир нерсени сурагысы келип жаткандай.
– Айт,- Арсен сезген кишидей сурады.
– Мунун аягы эмне менен бүтөт?
– Аягыбы? Болуш мага чөгөлөп келет.
– Ошол үчүн эле ушунун баарын жасаш керек беле?
– Билесиңби, Бегимай, сенин көзүңдө мен азыр ушунчалык жаман адам көрүнүп жатам. Муну билип турам. Кээде туруп мен да ойлоном. «Койчу, арзыбаган адамдар үчүн мээмди оорутамбы?» дейм. Бирок менин көкүрөгүмдү оорутуп жаткан кек бар. Мен андан кутула албай койдум. Балким, акыры силерди мени кандай сыздатсаңар дал ошондой сыздатып алсам көксөөм сууйбу дейм. Анын үстүнө мени кумар азгырып алды. Ушунун баары жаман экенин билип туруп, кумарды жеңе албай койдум. Мени акча, даража, жогорку катмар азгырып жатат. Бир күн келет. Сен да, мен да жөнөкөй, карапайым адам болуп жүргөн күндөрүбүз эң бактылуу учур экенин сезебиз. Бирок анда артка кайтууга кеч болуп калган болот. Мына азыр эле кеч болуп калды. Эми биз мурункудай боло албайбыз. Баарынан кызыгы биз жогорку катмарга аралашабыз деп аракет кылып жатабыз. Мына сен адегенде акчага азгырылдың, сага теңелем деп мен келдим. Эми айтчы, экөөбүздө ыйык болгон эмне калды? Биз адамдарга ишенебизби? Жок. Биз бирөөнү эч нерсесине карабай сүйө алабызбы? Жок. Биз бардыгын эсептейбиз, электен өткөрөбүз. Күмөн саноо бизди дайым жеп турат. Хм, анан калса жогорку катмар дейбиз. Бири-бирине жырткычтай мамиле кылган, чыныгы достук, чыныгы сүйүү, адамдык ишенич, жылуу мамиле дегенден эч нерсе жок, сенин сапатың, деңгээлиң акчаңдын санына карап бааланган катмар ал жогорку катмар эмес! Кызыкчылыктын баарын акчага такагандарды сатып алса болот. Болгону баасын бычыш керек. Бирок ойлонуп көрсөң, эгер сени акчага сатып алып жатышса, анда бул сенин абдан арзан экениңден гана кабар берет да. Анан дагы «жогорку катмарбыз» дешет. Жо-ок, бактылуулук бул жакта эмес. Муну билип эле турам. Бирок эми артка жол жок. Мен баарын акырына чыгарышым керек. Эгер дүйнөдө чындап эле адилеттүүлүк бар болсо, мен көргөн азапты силер да көрүшүңөр керек. Меникиндей эле силердин жүрөгүңөр да оорушу керек...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
omka100514
2017-10-10 09:19:19
Мынча аз. Эми дагын бир жума кутмой
+3
Kaiyr1112
2017-10-11 23:58:45
omka100514,
0
Patriot312
2017-10-10 09:24:27
Кызык эле. "Бүгүн сенин таманыңдагы чөп эртең эле сенден дагы бийик болуп өсөт" - деп бекеринен айтылбаса керек.
+4
originalkgz96
2017-10-10 09:41:16
Ммм
-1
alisha00
2017-10-10 10:11:24
Эээх сүйүү акчага сатылгандар чын эле арзан
+5
Sumaya0692
2017-10-10 10:14:50
Байкуш Бегимайга боорум ооруп кетти
+1
Nurbek.kyzy
2017-10-10 14:44:36
Sumaya0692,койчу Бегимайды
+3
aiba-889290
2017-10-10 12:44:32
Супер инфонун жаны саны чыкканда биринчи ушу чыгарманы окуйм.Кызыктуу,берилип образга кирип кетем жон элечи.
+2
nurhan2702
2017-10-10 13:15:16
Азамат экен Арсен. Болуш ошончо бай болуп туруп эмнеге уйун, машинасын каттаткысы келбей атат
+3
Nurbek.kyzy
2017-10-10 14:46:32
nurhan2702, Ал дагы акылдууда
+3
Han1
2017-10-10 14:45:26
Арсенди суйуп калдыым
+2
Nurbek.kyzy
2017-10-10 14:45:52
Болуш менен Бегимайдын тубуно жетиш керек!! Анан акча деген Бегимайдын апасы туура эмес тарбия берген
-1
dasta
2017-10-10 17:19:23
Бегимайга боор орутуштун вобше кереги жоок ал НААМАРТ кыз
+1
Eliza.nurjanovna
2017-10-10 20:24:36
Арсен Бегимайды сызга отургуза албайт гоооо деп озумчо ойлонуп жатам
+3
aika2015
2017-10-10 21:06:20
Арсендин журогунун тээ тупкурундо Бегимайга болгон жылуу сезим бар дагы деле...(деп ойлоп койдум)
+3
said9595
2017-10-10 21:40:52
Бегимай Бегимай кандай күндөргө калдың
+2
barsbekhan
2017-10-11 17:25:34
Aferim lan Arsen
0
Sanjar96kgz
2017-10-14 22:10:24
Окубай эле буткондо биротоло баарын чоогу окуш керек болуп калды. Антпесе жинди болуп кетчудойсун,айрыкча мага окшоп берилип,образга кирип окугандар.
0
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан