Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «САЙКАЛ ЭЧ КАЧАН 4 БАЛАЛУУ ЭРКЕККЕ ТУРМУШКА ЧЫКПАЙТ!»

Гүлшайыр Садыбакасова – бул ысымды укканда көпчүлүгүбүздүн көз алдыбызга тартипти бекем кармаган темир аялдын образы тартылат. Гүлшайыр эже чыгармачылык чыйыр жолун барабан уруудан баштаган. Андан бери канча суулар акты, бирок Гүлшайыр Садыбакасова турмуштун түрдүү сыноолоруна моюн сунбай келет.

– Саламатсызбы, Гүлшайыр эже, «Кыз-Буракты» кызыңыз Сайкалга өткөрүп бергенден кийин өзүңүз филармониянын иштери менен эле алек болуп калдыңыз окшойт?
– Өзүм 17 жылдан бери Ош облустук филармонияны жетектеп келем. Ошто абройлуу концерттик мекеме болгондугуна байланыштуу түштүктөгү саясий, экономикалык, социалдык маанидеги иш-чараларды биздин филармониянын концерттик программасы, аппаратурасы, техникалары менен тейлеп келебиз. Негизги милдетибиз калкты маданий жактан тейлөө, музыка дөөлөттөрүн элге жайылтуу. Ал эми жеке чыгармачылыкта анча-мынча бошогондо ыр, обон жазууну улантып келем. Мындан сырткары эки көркөм тасмага тартылдым.

– Уулуңуз Эркин да ырдап чыкты эле, ал чыгармачылыгын улантабы?
– Эркин быйыл 10-класста окуп жатат. Өзүнчө ырдап, талантын таптап жүргөн экен, Сайкалдын концертинде ырдап чыкты. Анын шоу-бизнесте болушун каалабайм. Келечекте мыкты программист болгусу келет. Азыр жалпы республикалык тестирлөөгө катуу даярданып жатат. Англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Мектепте ырдап жүрөт, бирок мен чоң сахнага чыгууга уруксат бербедим. Азырынча билим алуу менен алек.

– Кыргызстанда ажырашуулардын саны көбөйүп жатканы байкалат, көптү көргөн адам катары жаштарга кандай кеңешиңизди берет элеңиз?
– Ооба, ажырашуулар көп болуп жатат. Кээ бир үй-бүлөлөр өз ара келише албай, бири-бирине тирешип өзүмчүлдүктүн торунан чыга албай жатса, кээ бирлер кайнене менен келиндин келишпестигинен, кээде күйөөлөрү милдетин аткаргысы келбей, бала-чакасын багуудан, жоопкерчиликтен качып жатышат. Эң башкы себеби жаштар улуунун айтканын укпай, өзүм билем болуп калганында. Жан дүйнөсү жарды, адеп-ахлактан алыстап бараткан адамдарды «адам болгула» деп ыйманга, боорукерликке чакырып кетет элем. Улуу адам катары айтарым, бардык кыйынчылыктарга карабай үй-бүлөнү сактап калууга аракеттениш керек. Ал үчүн ар дайым эки тараптуу түшүнүшүү, бирин-бири урматтоо, жок дегенде балдарга болгон мээримди жоготпоо зарыл.

– Жакында эле бизге ырчы Мээри Шакулина маек берип, анда 4 балалуу болгон соң жолдошу менен ажырашууга аргасыз болгонун, жолдошу белгилүү ырчы кызга кетип калганын айткан эле. Интернетте бул окуяда кызыңыз Сайкал Садыбакасованын аты аталып, ырчылар эки жаат болуп талашып-тартышууда. Кызыңыздын бул окуяга чын эле тиешеси барбы?
– Мен бул окуянын чоо-жайын социалдык тармактарга тарап кеткенге чейин 2 ай мурда Мээри Шакулинадан уктум. Катя Маматкулова (ред.: Расул Маматкуловдун жубайы), мен, Мээринин өкүл апасы болуп жолугуп сүйлөштүк. Сайкал менен Эдилдин ортосундагы мамиле тууралуу Мээри айтып берди. Бирок мен ага «кызым, мындай күнөөлөрдү коюу үчүн факт керек, болбосо куру жалаа болуп калат» десем, ал «мейли, далилдерди сизге жөнөтөм» деди. Мен ага «кандай кырдаал болбосун Сайкал эч качан 4 балалуу эркекке турмушка чыкпайт, бул менин артка кайтпас чечимим» дедим. Сайкал мага Эдил сөз айттырып жүргөнүн, бирок аны менен жакын мамиледе болбогонун айтты. Менин баамымда, бул окуя көбүртүлүп-жабыртылып кеткен. Мээри айткандай, экөө чогуу жашаса батирде же менин үйүмө келип жашамак. «Кыз-Бурактын» 5 кызы, 1 шопур, 1 келиним кызы, неберелери менен 24 саат бою бирге жашаган үйдө Сайкал бир күн түнөбөсө асман түшүп кетмек. Мээри да бир убакта «Кыз-Буракта» жүргөн кыз, Эдилди да жакшы билем.
Сайкал, «Кыз-Бурак» тобу эки жылдан бери Эдилдин студиясында ыр жаздырып жүрүшкөн. Чырдын баары кызганычтан келип чыккан көрүнөт. Түнү менен кыздардын студияда отурганы кимдир бирөөлөргө жакпагандыр. Сайкал, Мээри, Эдилдин ызы-чуусу баштала электе мага айтышканда бул окуя мынчалык тереңдеп кетпейт эле. Эми болору болду, билип-билбей туруп түрдүү каралоолорду айтып коюш оңой, бирок аны көтөрүү оор. Мен бул окуяны Кудайдын жөнөткөн дагы бир сыноосу деп кабыл алдым. Өмүрүмдө биринчи жолу кызымды тилдеген жокмун, урушпадым, тескерисинче, ага дем-күч берип чыйралтып турдум. Бул менин энелик милдетим эле. Кызым көкүрөгүмө башын коюп «жаным апа, сизди уят кылдым, кечириңиз" деди. Тууган-урук, достору, жакындары анын жанынан чыкпай колдоп турушту. Мен бул маселени, албетте, териштирем.
3 айдан бери биз Эдил менен иштешкенди токтотуп, башка студияда иштеп жатабыз. Болуп өткөн окуялардан улам мен кызбы, уулбу алардын бал тилине кирбей катуу кармап, көзөмөлдөп, айрыкча орус чалыш болуп өскөн өспүрүмдөргө кошумча тарбия жүргүзүү керектигине ынандым. Ал эми турмуш курган жаштарга айтарым, убактылуу кыйынчылыктарга чыдап, сен кыйын, мен кыйын деп тирешпей, айрыкча аял киши акылмандык менен үй-бүлөдөгү кризисти жеңип чыгууга далалат кылыш керек. Балдардын бактысы үчүн бир сөздөн калып, экөө тең амбицияларын ыргытып балдарынын тагдырын ойлошу керек.

– Социалдык тармактарда Сайкалды каралоо күч алды. Сиздин дарегиңизге да сындар жаап жатат. Интернеттин, андагы соцтармактардын жашообузга минтип тереңдеп кирип кеткенинин терс жагы көп экени көрүнүп жатабы?
– Социалдык тармактарда жазып жаткан кээ бир адамдардын жырткычка, айбанга айланып кеткенин көрдүм. Кызым Сайкал экөөбүз үчүн кызыл чеке болуп согушкан патриотторду көрдүм. Жалган, ыплас сөздөрдү жазып, ызырынган, сөгүнгөн бейбаштарды көрдүм. Жашоосундагы өксүк, тайкы тагдырларына, күйөөсүнөн ажырап нааразы болгондордун биз аркылуу өч алуусун көрдүм. Май-талкан чайнап бекер отуруп алып ушакты удургутуп, өчүп бараткан отко кайра май тамызып маашырланган кемпайларды көрдүм. 4 баласы менен күйөөсүнүн колдоосу жок калган Мээринин аянычтуу тагдырын көрдүм. Эдилге окшоп жоопкерчиликти сезбеген, адамдык, аталык милдеттерин жеткиликтүү түшүнбөй жаткан, жеңил жашоого качкан бүгүнкү шордуу эркектерди көрдүм. 320 кыздын карегине чаң жугузбай татыктуу тарбиялаган, элге ак кызматы менен таанылган, 40 жылдык тарыхы бар «Кыз-Бурак» тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу-композитор, профессор Гүлшайыр Садыбакасованы тебелеп-тепсеген, жүрөгүнө бычак сайган, көңүлүн жаралаган эки буттуу айбандарды, Аракан, Мьянманын жырткычтарын көрдүм. Жашоодо оош-кыйышты, жарык-караңгыны көп көргөн адам катары бул оор күндөргө чыдадым. Элден айланайын, туура, калыс сөзүн айтып, нарктуулугун, адамдык сапатын жоготпогон жакшыларды көрдүм.
Эгерде ушул болгон окуяларда кызымдын күнөөсү болсо эң биринчи Кудайдан, андан соң кыргыз элимден кечирим сурайм! Ал эми кызымды каралаган тараптардын дооматтары туура эмес болсо аларды да Кудай кечирсин!

– Мээринин жакын курбусу ырчы Бегимай Бекбоева менен Сайкалдын ортосунда пикир келишпестик чыгыптыр...
– Буга чейин кызымдын Бегимай менен жеңил-желпи таарынычтары болсо керек, бирок ортолорунда чоң нааразычылык жок экен. Мен Мээринин маегин «Супер-Инфого» чыккандан 4 күндөн кийин билдим. Иштин чоо-жайын териштиргенче социалдык тармактар өзүнүн желесине тартып кетти. Бегимай мага чалып, экөөбүз бир саат сүйлөштүк. Ал сүйлөшүүлөрдөн соң Бегимай да, Сайкал да баракчаларындагы билдирүүлөрдү өчүрүштү. Бегимай айтты делген «оштуктарды оромпой тээп ойноймун, силер экинчи сортсуңар» деген билдирүү мага WhatsApp`ка келген болчу. Бирок бул жалган сөздү Бегимай Бекбоева айтпагандыгы ачыкталды.

– Социалдык тармактарда эки жаат болуп бөлүнүп урушуп жаткан эки тарапты элдештирүүгө аракет кылып көрдүңүзбү?
– Бул кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып Сайкал менен Мээринин душмандары түрдүү баракчаларды ачып ыплас сөздөрдү жазып жатышат. Ошондой аккаунттарды жабууга аракет кылып жатабыз. Андан кийин кырдаалды жөнгө салып, жаштарды элдештирүү аракетин баштайбыз. Дүйнөлүк тарыхта ар кандай согуштар, түрдүү келишпестиктер эки тараптын сүйлөшүүсү аркылуу чечилген. Кудай буюрса, бул ызы-чууну да сүйлөшүүлөр аркылуу чечебиз.

– Маегиңизге рахмат, үйүңүздө да, көңүлүңүздө да тынчтык болушун тилейбиз.

"Өмүрүмдө биринчи жолу кызымды тилдеген жокмун, урушпадым, тескерисинче, ага дем-күч берип чыйралтып турдум"


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (88)
anonimka_03
2017-10-11 17:21:36
Гулшайыр эже азаматсыз!
-12
anonimka_03
2017-10-11 17:22:39
Азаматсыз
-15
Mystery
2017-10-11 18:48:35
Эже, сиз АКЫЛМАН жансыз,аны бут кыргыз эли билебиз. Сизден сураныч, Эдилди уй булоосуно кайтара алсаныз кызыныздын жаштыгындагы катачылыгын эки дуйно кечирилмек беле деп ойлойм.
-11
OmurKanysh
2017-10-11 21:32:52
Эмнегедир Сайкал ХХХ ХХХ
+5
Rifle_I
2017-10-11 23:32:22
Фонограмма менен ырдаганды койгула. Уят чын эле. Эшикте 21-кылым. Адамдар био,эко ,табият деген нерселерди издеп калышкан.
Муз тв койсом эле фонограмма ырдашат. Айла жок орустардын музыкасына коемун.
+1
_PeriWa_
2017-10-11 23:46:46
Озу ажырашпаганга чакырыптыр а озучу?Озу деле ажырашпады беле?Апам менен тендеш бирок ошентсе да чындыкты айтыш керек!Торт баланын убалы да бар!Байкуш Мээримди да тушунуп отурам!Силер кандай ойдосунар билбедим го жеке мен Сайкалды жакшы коруп ырларын берилип укчумун бирок азыр негедир жаман коруп калдым.Бул менин жеке оюм.
+1
Pandora
2017-10-16 12:58:58
_PeriWa_,Озу вообще турмушка чыккан эмес.
+1
Boltbektemiroff
2017-10-12 03:40:38
Эх кыргыз элим ушинтип озубузго тиешеси жок иштерге мурдубузду тыгып журуп ушул абалга келдик го,ыйман деген жок,адам сапат дээрдик эч кимде калбаган,баары ушакчы,эмне кыласынар бироолордун ишине мурдунарды тыгып,жоон жай баракат тынч жашай бербейсинерби,ким куноолуу ким ак экенин бир кудай анан ошол адам гана билет.
+2
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-10-12 08:32:02
Ии койсунчу. Сайкал квартира снимать этип жалгыз эле жашап жатат го
+7
love.me.again
2017-10-12 13:31:48
Гулшайыр эже кечирим сурасаныз ото боорум ооруп кетти. Сиз сайкал учун кечирим суроого щарттуу эмессиз. Сайкал озу сурасын.ХХХ ХХХ
-4
onuri
2017-10-12 14:14:50
Сайкал эже жакшы эже го!Андай чырларга аралашпайт болушу керек.
-7
muku79
2017-10-12 22:46:31
Кудай сактасын, ХХХ ХХХ
+1
menin_oyum
2017-10-13 13:20:49
Күчтүү аял Гүлшайыр эже. Эдил менен сүйлөшүп , ошол үй бүлөнү жараштырып койсоңуз жакшы болот эле. 4 бала атасыз калган болбойт. Эдилди да жакшы билем дейт.
0
Djumaev0mur
2017-10-16 03:51:21
Иии бул эже тим эле сайкалга чан жугузбай, озун аалым периште кылып алыптырго
-1
Mamatmuso84
2017-10-17 04:30:11
Мага жагат киз бурак ийгилик
+1
jummaaa
2017-10-17 18:38:55
Бар балээнин баарын озу билет тура ...Эдил соз айттырыптыр дейт .значить чын экен да..
-1
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан