Азамат Эркинбаев: «МЕНИ РОМАНТИКСИҢ ДЕШЕТ... »

Бир кезде “Кыргызстан Обондорундагы” “Арзуу” берүүсүн дал ушул жигиттин коңур үнү үчүн калтырбай уккан угармандар болор эле. Эфирде көп убакыт иштебесе да, абдан көп угарман-күйөрман чогулта алган ди-джей бир күнү радиодо иштебей тургандыгын жарыялады да, дайынын таптырбай кетти. Ошол кезде кулакка жагымдуу коңур үндүн ээсин сыртынан жактырып, караанына жалынып жүргөн далай селкилер капа болушкан. Бирок баар тапкан чөйрөсүнөн алыс кете албады белем, “Тумар” радиосунан үнү жаңыра баштады. Ошентип, Эдил Эркинбаев катары таанылган жигит эми Азамат Эркинбаев болуп күн сайын угармандардын маанайын көтөрүүдө. Эфирде Азамат дайыма көтөрүңкү маанайда. Андыктан бул мырзаны көпчүлүк шайыр, ачык-айрым деп элестетишет. Чын эле ошондойбу? Бул суроого ди-джей өзү жооп берсин.

БАЛАЛЫК
– “Бал жыттанган балалык! Атаганат!..” деп эфирден көп кайталаганым менен, негедир өзүмдүн балалыгымды анча эстегим келбейт. Ал учур таттуу экени талашсыз, бирок дал ошол бейкапар куракта баёо сезим менен куралган ой-максаттарым бүгүн кысыр калып отурат. “Мыкты, күчтүү болом!” дечү элем. Көрсө, жаңылыптырмын... Ал кезде бүткүл дүйнө, кең аалам таза сезилер эле. Эмнени максат кылбайын, анын баары ишке ашчудай туюлчу...

МЕНИН АПАМ
– Апам асыл, ыйык адам. Сагынганымда дайыма башынан түшпөй турган гүлдүү жоолугу көз алдыма тартыла түшөт. Бул инсанды жакшы көрөм, сыйлайм, өмүр өткөнчө атам экөөнө кызмат кылып, бакыт тартуулап жүрсөм экен деп тилек кылам. Ай жаңырса амандыгын тилеп, алыста жүрсөм да кабарымды үзбөйм. Ата-энем ар убак оюмда, жүрөгүмдө. Өзгөчө кыйналып турганда алтыным апамдын жылуу сөзүн, аяр мамилесин, жалынып эркелеткен сөздөрүн эстейм. Мындайда кайнаган каныма кубат кошулат. Кичинемде апам мени “козу” деп эркелетер эле. Аман болушсун, Жаратканым колдоп, узак өмүр берсе экен деп тилейм. Оорудан, курулай санаа, ачуу армандан сактасын деп тилейм.

МУЗЫКА
– Ммм... чарчаганда, шаардын ызы-чуусунан тажаганда, түйшүктөр жанга баткан кезде ушунчалык ырдагым келет. Бир кездерде балалык кыялдарга жетеленип, филармониянын алдындагы студияда окуп алганыма кубанам. Агайым Улукмырза Полотовду көп эстейм, сыйлайм, ыраазы болом. Кээде күтүүсүздөн аудиторияга кирип барып, көкүрөктөгү болгон бугумду чыгарып ырдап алсам дейм. Агайдын жанында фортепианодо олтурган Айганыш эжени көп эстейм. Экөө мыкты команда эле...
Чыгармачыл адамдардын кыял-жоруктары түшүнүксүз дешет. Мүмкүн, анткени чыгармачыл адамдар өздөрүн деле кээде түшүнө беришпейт.
Музыкадан тазалыкты, аруулукту издейм, ага умтулам.

МЕНИН КЫЯЛЫМ
– Мүнөзүм оор экени талашсыз. Албетте, уруш–талаштан алысмын, бирок бардык сезимдер, аны менен катар эле санаа-кайгы, таарынычым да көкүрөгүмдө кала берет. Адамдардан көңүлүм тез калат. Жүрөгүмө жалгыздык жакын. Кайсы бир акылмандын “жалгыздыгым мени сатпайт, башкага алмаштырбайт, таштабайт жана өгөйсүнтпөйт” деген кебин угуп калып, ушул сөздөр көкүрөгүмө уюп калыптыр. Акылмандын оюна толугу менен кошулам. “Буюрса” деген сөздү жакшы көрөм. Үлбүл жанган үмүтүм бар. Буюрса, баары ойдогудай болоруна ишенем!
Үй-бүлө дегенде үзүлүп түшөм. Бир туугандарым же ата-энем тууралуу начар сөз айткан адам өмүр өткөнчө душманым болуп калат. Көк бетмин, оңой менен жазылбайм. Кайраттуумун, бир нерсеге өкүнүп, бушайман болгон күндө да ал тууралуу эч кимге айтпайм, кеңеш күтпөйм, жардам издебейм. Жашоодо жасалмалуулукту, кайдыгерликти жек көрөм. Адамдардын мага болгон мамилесин, оюн көздөрүнөн окуп, туям. Баарын сезип, түшүнөм. Ким кандай мамиле кылса, куду өзүндөй жооп бергенге аракет кылам, күлсө күлүп, жактырбаса кабак чытып дегендей...

ДОСТУК
– Оо, менин досторум ого эле көп. Достукка ишенем, бийик тутам, аздектейм. Учурдан пайдаланып, эң жакын досторума мага чыдап, колдоп келгендери үчүн рахмат айтам!

ЖАН ДҮЙНӨМДӨ РОМАНТИКА
– "Сен романтиксиң" дешет, бирок мен реалистмин. Болгону, күн сайын кайталанган көнүмүштөн тажаганда романтикке айлана калам. Мурда жазды сүйчү элем, азыр мээримдүү, түркүн-түскө боёлгон күз жагат.

АР БИР КҮНДҮН ТАҢЫ
– Таң эрте уйкулуу көзүмдү ирмегилеп төшөктөн турбай, кыймылдабай жата берген адатым бар. Өзүмө да ушул адатым анча жакпайт. Оюма ар нерсе келет. Жашоом, келечегим, ата-энем, алдыдагы иш күнүм. Чынын айтсам, кээде баш калаага келип, бул чөйрөдө иштеп калганыма өкүнөм. Дароо баарын жыйыштырып, айылга кетип калгым келет. Ойлорум менен жарышып, кыялдар жанат. Атам менен апамдын кашында, ата конушунда, эч нерседен капарың жок жүрсөң...
Мупмуздак сууга жүзүмдү жууганды жактырам. Анан сүт менен коюу кофе ичем да, асыл тилектерге жетеленип ишке жөнөйм. Таң эрте жолдо кыймыл аз кезинде газды болушунча басып, зуулдаган машина менен кошо кыялданган сонун. Машинаны катуу айдаганды жактырам, бирок биздин жолдор ага жол бербейт. Айтор, күн сайын аң-дөңдөрдөн буйтап, МАИчилер менен аңдышып отуруп жумушка жетем.

РАДИО
– “Радиодо иштеген жыргал!” деп айтышканын көп угам. Ди-джейлик кесип көптөгөн угармандарыбызга чексиз романтика катары туюлса керек. Бирок күн сайын эфирден жаңырып жаткан жагымдуу үн, жакшы маанайды элге тартуулаш үчүн канчалаган түйшүк тартарыбыз көпчүлүккө маалым эмес. Аларды билдиргим да келбейт. Бул маселелер көшөгө артында калчу нерсе. Түз эфир ар бир алпаруучудан кылдаттыкты, аяр мамилени, жаңычылдыкты талап кылат. Андыктан убакыт менен жарышып иштегенге туура келет. Ар бир майрам, салтанат, маараке көз жаздымда калбашы зарыл. Эфирде жаркылдап, оңой-олтоң сүйлөп жатканыбыз менен, эфир сыртындагы түйшүк өзүбүзгө гана белгилүү. Чогулушту жаман көрөм. Баарына кайыл болуп, радиону тандап алганыма бир топ жыл болуп кетиптир. Ойлонсом, ушул күнгө чейин өзүмө алпаруучу катары толук ыраазы эмес экенмин... Жакшы-жаман сөздөр айтыла берет дечи, бирок биринчи кезекте алпаруучу өзүнүн эфирине өзү канааттанышы керек деп эсептейм. Чынын айтсам, 7-8 жыл аралыгындагы ишимде мага 5-6 эле эфирим жаккан.

СЕЗИМ СЫРЛАРЫ
– Чынын айтсам, сүйгөм. Бир эмес, бир нече жолу. Жыйынтыгы жакшы болсо эбак эле той өткөрүп, бүгүн бешик терметип калбайт белек. Мен дагы тамшанткан бакыт ээси, ажарлуу жардын теңи, үй-бүлө кожоюну болгум келет. Жумуштан чарчап чыкканда үйгө шашып турсаң... Болтойгон наристеңди эркелетип, күлкүсүнө, кыялдарына тойбой, жытына мас болуп олтурсам. Анан ыйлап кыйнай баштаганда “болбойсуңбу!” деп келинчегиме кыйкырып калсам деп тилек кылам. Буюрса, убакыт-сааты келер.

УЧУРДА
– Эң негизгиси, максаттарым көп, жүрөгүм ак, көңүлүм таза адаммын – ушуга каниет кылып жашап келем.


Тандаган кесибим эмнеси менен жагат? баарына салам айтып турам да.
Эмне мени кубанычка бөлөйт?
максаттарымдын акырындап орундалып келе жатканы.
Сыймыктанам...
ата-энем, бир туугандарым менен.
Мага жагат... айлык алып, бухгалтериядан чыккан учур.

Жактырбайм...
бой көтөргөн адамдарды.
Кыздардан кайсы сапаттарды көргүм келет?
назиктик, жөнөкөйлүк.
Бул адатка чыдашым мүмкүн...
жалкоолук.
Бул адаттарга “аллергиям” бар...
эки жүздүүлүк, ач көздүк, оройлук.
Эмне үчүн эмгиче бойдок жүрөм? али жашмын, үй-бүлө күтүүгө даяр эмесмин.

Шаиста Шатманова, Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
шахзода
2010-05-18 07:47:11
Молодец! Так держать! № 1 ди джей Кыргызстана!
0
meerimka
2010-05-18 16:25:09
мындан 4-5 жыл мурдагы ырын эстеп кеттим... "Сагынам" дегенин чозжу эле...
0
Kushtar
2010-05-20 08:56:42
супер! ата эне жөнүндө жазганын жакты, азамат экенсин аман бол!
0
kingu
2010-05-20 15:52:32
Азамат байке, сүрөтүнүз жөн эле супер экен!!!
Ошон учун супер-инфо сизди чыгарышты да.
Дагы көп көп сүрөт күтөбүз
деп Вена
0
айжылдыз
2010-05-23 18:48:35
Озу соонун жигит да! Ар дайым бар болунуз, аман болунуз!
0
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан