БАКИЕВДЕРДИН VIP-ШААРЧАСЫ САТЫЛДЫ. АНЫН АРЗАН БААДА САТЫЛГАНЫ ТАЛКУУГА ТҮШТҮ

19-сентябрь күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жайгашкан толук салынып бүтө элек 48 коттедж 12,4 гектар жери менен жалпы 142 миллион сомго сатылды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан жарыяланган аукциондо "ВостокТехКомплект" ишканасы утуп чыккан. Коомчулукта аталган кыймылсыз мүлк “атайын эле арзан баада сатылды” деген сөздөр айтылып, кызуу талкууга алынды.


Аукциондо 48 коттедж 12, 4 гектар (1240 сотых) жер менен 142 миллион сомго (2 миллиондон ашык АКШ долларга) сатылды. Ар бир коттедждин баасы
2 миллион 958 миң сом же 43 миң доллар.
Базар баасы боюнча ал райондогу бир сотых жер 5 миң долларга чейин бааланса, 12 400 сотыхтын баасы 6,2 миллион долларга чейин жетмек. Бул коттедждерди эсепке албаганда, жер тилкесинин баасы гана.

БАКИЕВДЕРГЕ ТИЕШЕЛҮҮ БОЛГОН ЖЕР ТИЛКЕСИ

Аталган бир канча гектарлуу жер Бишкек шаарынан анча алыс эмес, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын жанында орун алган. Бул жай “Идеал-Хаус” компаниясына караштуу болуп, ээси катары Бакиевдердин үй-бүлөсү деп айтылып келген. 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн декретине ылайык, бул жер тилкеси курулуп бүтө элек VIP-шаарчадагы үйлөрү менен кошо улутташтырылган.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2011-жылы бул коттедждер улутташтырылган мүлктөрдүн катарына киргизилип, менчиктештирүүгө көрсөтмө берген токтом иштелип чыккан. Сатуу иштери 2012-жылы башталып, анда бул жер тилкелерин көз карандысыз адистер 58 миллион сомго баалаган. Кийинки жылдары 88 миллион сомго, 2014-2015-жылдары базар баасына жараша аукциондун баасы өзгөрүп отуруп 240 миллион сомго көрсөтүлгөн.

“9-ИРЕТ УЮШТУРУЛГАН АУКЦИОНДО ГАНА САТЫЛДЫ”

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Мүлктүк мамилелер бөлүмүнүн башчысы Тимур Малбашев аукцион кандай өткөрүлгөндүгү тууралуу буларды айтып берди:
- 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн токтому чыккандан тарта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аталган жер тилкесин сатуу боюнча иш жүргүзүп келген. Анда алгачкы аукциондо 58 миллион сомго бааланган. Жыл сайын баасы өсүп отуруп акыркы баасы 130 миллион сомго бааланды. Буга чейинки аукциондорго бир дагы сатып ала турган катышуучу жок болгондугуна байланыштуу бул коттедждер 9-ирет аукцион уюштурулганда гана сатылды. 19-сентябрда өткөн аукцион ачык-айкын өтүп, анда “Бизнес Про” жана “ВостокТехКомплект” деген 2 компания катышкан. Жыйынтыгында "ВостокТехКомплект" ишканасы 142 миллион сом сунуштап жеңүүчү болду. Сатып алган компания менен келишим түзүлөт. Эгерде келишимдеги шарттарды аткара албаса, объект кайра мамлекеттин менчигине өтөт. Кээ бир маалымат каражаттары, ал жерде даяр 48 VIP-коттедж бар деп жазып жатышат. Ал туура эмес, ал жер тилкесинде 48 имарат курулсун деген чечим бар. Андагы объекттердин 7-8инин гана 90 пайызы бүткөн, калгандары толук курулуп бүткөн эмес. Кээ биринин пайдубалы гана болсо, кээ биринин ордулары гана казылып турат.

СЫНГА КАБЫЛГАН АУКЦИОН

Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселе каралып, анда бир нече депутаттар бул аукционду сынга алышты. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов: “Бул объектти 2 миллион долларга сатылды деген текейден арзан сатылды деген сөз. Мамлекетке жок дегенде, 10 миллион долларга чейин чыгым келип жатат. Фокус көрсөткөндөй эле, элди алдай берүү деген болбойт. Эмнеге мынча шашылыш түрдө сатылып жатат, же артыбыздан бирөө кубалап жатабы?”,- деп билдирди.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов: “Бул жер белекке берип койгондой эле болду. Жердин аянты 12 гектар. Бул жер тилкенин баасын да актабай жатат”,- деди.
Ал эми КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев: "Имараттар турган сайын бара-бара урап баштайт. Бакиев кеткенине, бул коттедждердин турганына канча жыл болду? Урап жоголуп кеткенден көрө эчак эле сатыш керек болчу. Мүмкүн мурунтан сатканда жогору бааланмак. Азыр арзан сатылды. 3 миллион долларга чейин бааланганда жакшы болмок. Болбосо мамлекет өзү бүтүрүп сатыш керек болчу”.

“АЛ ЖЕР КЕЗИНДЕ ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ КАРАЧУ”

VIP-коттедждер Чүй облусуна караштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караган жер тилкесинде салынган. Айыл өкмөтүнүн башчысы Алтымышбек Карымшаковдун айтымында Курманбек Бакиев бийликте турганда анын жакындары аталган жерлерге ээлик кылып башташкан.
- Кезинде ал жер тилкеси Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө тийиштүү алма бак болчу. 2008-жылы бул курулуштарды баштоо үчүн алма бактар кыйылган. 2009-жылы июнь айында курулуш башталып, үч жыл аралыгында пайдаланууга берилмек экен. Улутташтырылгандан кийин толугу менен мамлекетке өтүп, айыл өкмөткө эмес, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн. Аталган райондо биздин айыл өкмөтүнө, Байтик айыл өкмөтүнө караган жерлер бар. Бирок ошол аймактагы жер тилкелери башка жактагы биздин жерлерге салыштырмалуу баалары бир кыйла жогору турат.

“САЛЫШТЫРМАЛУУ АРЗАН САТЫЛДЫ”

Курулуштардын сатылуусу арзан сатылды деген пикирди “Кыргыз ишкерлер профсоюзунун” жетекчисинин орун басары Иван Дробитько билдирет.
-2014-жылы анализ жасаганыбызда болжолдуу түрдө коттедждер жер тилкеси менен кошкондо баасы 500 миллион сомдон 700 миллион сомдун айланасында болгон. Азыр өтө төмөн баага сатылды. Жадакалса бул баа жалпы жер тилкесинин баасынан да төмөн. Ал жер корулган аймак жана таза абада. Ошондуктан курулушу жок жердин өзү эле кымбатка турушу керек болчу. Курулушу бүткөн коттедждердин ар бирин 150 миң доллардан 200 миң долларга бааласа болот. Аукционго катышкан фирмалар белгилүү “фамилиялардын” алдында оюн ойноп коюшту. Сатып алган фирма эртең башкага сатат, андан алган дагы бирине сатат. Үчүнчү, төртүнчү болуп сатып алган киши ким болбосун андан кайтарып алууга болбойт. Саткан киши каалаган баага берип коюшу мүмкүн.

ЭЛИТАЛЫК РАЙОНДОРДО РЕАЛДУУ БААЛАР КАНДАЙ?

Аталган коттедждерди сатып алган "ВостокТехКомплект" ЖЧКсы коомчулукка белгисиз компания. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча ишкана дүң соода менен алектенет. Анын жетекчиси Айбек Сатиев аттуу жаран. Интернеттеги маалыматтар боюнча, аталган ишкана өткөн жылы таштанды үчүн 245 сом төлөгөн. Андан башка мамлекетке салык же башка төлөм төлөгөн эмес. Мындай компаниянын аукциондо утуп чыгышы эле шек жаратканын айтпаса да белгилүү. Бул компаниянын артында башка адамдар тургандыгын, коттедждердин чыныгы ээси көмүскөдө калгандыгы тууралуу ойго түртөт.
Чындыгында, базар баасы элиталык деп эсептелинген аймакта ушундай боло турган болсо, анда аталган аймактагы жер тилкелеринин баалары кескин арзандашы керек. Мамлекет өзү 48 коттедждин ар биринин баасы 2 миллион 958 миң сомго же 43 миң АКШ долларга баалады. Демек, бул ал жердеги үй, жер тилкелеринин реалдуу баасы ошондой деген маани. Бирок салыштыра келгенде андай эмес. Бүгүнкү күндө Бишкектин түндүк-чыгышындагы жерлердин сатылат деген жарнамаларга чыгып жаткан маалыматтарга таянсак, бир сотых жердин баасы 5 миң доллардан кем болбойт.

Жер тилкедеги коттедждердин кээ биринин курулуш иштери дээрлик бүтүп калган.


Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
sanzhar83
2017-10-10 20:04:12
КСДП партиясынын депутаты колдоп .жактап айтып атканына караганда ошол партиядагы эле чиновник сатып алыптыр да ,же коррупция кылганы корунуп эле турат.
0
Eliza.nurjanovna
2017-10-10 20:17:27
Эээми сатып алган "киши" алдыгы коттедждердин аарр бирин 3 млн 4 млн долларга сатып эле байып жатып калат турбайбы
0
Eliza.nurjanovna
2017-10-10 20:18:08
Калп эле аукцион бутуп калгандан кийин элдин баары шек санап калганы жаман да
0
aiba-889290
2017-10-11 17:22:53
Мультимиллионер эле сатып албаса . . . . . . . . .
0
Belek2070
2017-10-12 00:44:19
Муну Бакиевтерге эле кайрып бериш керек болчу неге сатат башкага ээси турса.
+1
MEN95
2019-07-23 20:42:56
Эмнеге кереги бар дейминда. Сатпай эле озуно кайтарып берсенер болот элего. Бул дуйного туркук болбойбузго.
0
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан