МАС АЙДООЧУНУН АЙЫНАН 4 ӨМҮР КЫЙЫЛДЫ. "ТЕЗ ЖАРДАМ" УНААСЫН СҮЗГӨН ДЕП 23 ЖАШТАГЫ КЫЗ КАРМАЛДЫ

1-октябрга караган түнү Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата – Балыкчы унаа жолунда “Тез жардам” унаасы жол кырсыгына кабылып, ичиндеги 4 адам көз жумган. Кырсыктын келип чыгышына айдоочунун ичимдик ичип алып рулга отурганы себеп болгон.

ТӨРӨЛӨ ЭЛЕК БАЛАНЫ КОШКОНДО 5 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Ысык-Көл облустук ИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, кырсык 1-октябрга караган түнү болжол менен саат 3:00дө болгон. Жергиликтүү “Тез жардам” кызматынын автоунаасы Бает айылынан Чолпон-Ата шаарына кош бойлуу келинди алып келе жатканда артында келе жаткан Мерседес-Бенц унаасы келип сүзгөн. Жыйынтыгында “Тез жардамдын” унаасы оодарылып кетип, анда бараткан айдоочу, фельдшер, кош бойлуу келин жана анын жакыны каза тапкан. Келиндин боюндагысын кошкондо жалпысы 5 адам каза болгон. Кырсык болгон жерге саат 4:20да ӨКМдин куткаруучулары келип, каза болгондорду унаадан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
Мерседестин 23 жаштагы Жибек аттуу айдоочусу жана ошол унаанын 27 жаштагы Тахир аттуу ээси кармалган. Алгачкы медициналык экспертизада айдоочунун спирт ичимдигин ичкени тастыкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-4-бөлүмү (Транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) жана 284-беренеси (Мас абалындагы адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-автотехникалык, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, азырынча анын жыйынтыгы чыга элек. Баш коргоо чарасын караган Ысык-Көл райондук соту унаанын ээсин 1, айдоочу кызды 2 айга камакка алган.

Каза тапкандар:

Кожакмат Адыракаев, 58 жашта, “Тез жардам” кызматынын айдоочусу,
Марипа Садыбакова, 56 жашта, “Тез жардам” кызматынын фельдшери,
Айнура Адылбек кызы, 19 жашта, кош бойлуу келин,
Динара Усупбаева, 26 жашта, Айнура Адылбек кызынын бөлөсү.


“МЕН СПИРТ ИЧИМДИГИН ИЧКЕН ЭМЕСМИН”

Сталбек Усубакунов билдиргендей, унаанын ээси Тахир Бишкек шаарынын, ал эми аны айдап кырсыкка себепчи болгон Жибек Кербен шаарынын тургуну. Жибек айдоочулук күбөлүктү Ош шаарынан алганын, унаа ээси менен бирге Ысык-Көлгө эс алуу үчүн барганын айткан. Ал окуя болгон күнү спирт ичимдигин ичпегенин өз көрсөтмөсүндө айткан:
– Ал түнү досторум ичимдик ичип жатышкан. Алардын арасында жалгыз мен соо болгондуктан, дүкөнгө барып келүү үчүн рулга мени отургузушкан. Жолдо баратып алдыда кетип бара жаткан “Тез жардам” унаасынан ашып өтөйүн дегенимде, маңдайдан башка унаа келатканын көрүп, рулду оңго кайрып жиберсем, ушундай окуя болуп кетти.

“35-40 ЖЫЛ ӨМҮРҮН ЖУМУШУНА АРНАГАН КЫЗМАТКЕРЛЕР ЭЛЕ”

Каза болгон фельдшер менен айдоочунун кесиптеши, Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Бүбүайым Жээнбаева, маркум кызматкерлер өз ишин мыкты билген, өмүрүн медицинага арнаган кесипкөй инсандар болчу дейт:
– Өз жолу менен ишин аткарып бейкапар келаткан унааны мас айдоочунун сүзүп салганы өтө өкүнүчтүү иш болду. Негизи Чолпон-Атанын ошол жери кандуу тилке. Көпчүлүк жол кырсыктары унаалардын алдыңкы транспортторду ашып өтүүсүндө катталат. Бул ирет да каза тапкандар саатына 140 чакырым ылдамдыкта келаткан кыздын курмандыгы болуп калышты.
Кесиптештерибизди жоготконубузга кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз сыздап турат. Каза болгон башкы фельдшер Марипа Садыбакова 1982-жылы Караколдогу медициналык окуу жайды бүтүп келгенден бери 35 жыл биздин жамаатта иштеди. Ушул жылдар аралыгында күн-түн дебей жанын карч уруп эл үчүн кызмат кылды. Жалгыз уулун багып өстүрүп, билим берди. Мына эми ошол уулун үйлөнтүп, келининин ысык чайын ичип, небере жыттай турган маалында бөөдө кырсык алып кетти. Бүгүн аны (ред.: 3-октябрь) акыркы сапарга узатып келдик. Ал эми Кожакмат Адыракаев 40 жылдан бери рулда келаткан айдоочу, 6 баланын атасы. Бул иш билги кызматкерибиздин да пенсияга чыгарына аз калганда өтүп кеткени жаман болду.

Унааны сүзгөн айдоочу Жибек жана унаа ээси Тахир.
Катуу ылдамдыкта келаткан Мерседес сүзгөн "Тез жардам" унаасы жолдон чыгып ала салып кеткен.
Сүрөттө каза болгон фельдшер Марипа Садыбакова жана айдоочу Кожакмат Адыракаев.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
sely
2017-10-11 15:57:29
Аябай ичим ачышып жатат 9 ай бою жарыктыкты куткон бейкуноо наристе эмне болду аттин.......... каза болгондордун жайы жаннаттан болсун ээ аллах. Жакындарына сабыр. Тиги экооно кк болсо эн жаман соз дагы.....
+1
_PeriWa_
2017-10-11 16:33:03
100го чыгарып айдагандан коркосун кантип 140та келе жатты экен
0
gulzat85
2017-10-11 21:23:58
Аттин айла жок(((
0
muslima89
2017-10-12 02:57:43
Окуп алып жашымды токтото албадым, аттин ай ушундай инсандар жаш келин наристе отто аянычтуу. Аллахым бейиштен берсин маркумдарга и жакындарына сабыр канаат тилейбиз
+1
Girl1996
2017-10-12 11:24:17
Тез жардамдагылар канчалык шашылыш болсо да нормадан ашырбай айдап келе жатканы байкалып турат, ашып өтөм дегенине караганда.
Аллах рухтарын ушундай абалда алыныщын каалаган экен, сабыр сактап, Аллахтан алар үчүн ырайым сурагандан башка айла жок. Жаткан жерлери бейиш бакчаларынан болсун!
+1
nelya88
2017-10-12 19:47:38
Кызматын аткарып, өз жолу менен кетип бараткан бейкунөө адамдардын өмүрү кыйылды, каяктагы бир мас кыздын айынан! Аябай ичим ачышып жатат.. Ысык-көлдө эмне бар,сага?! Жай мезгили болсо бир жөн. Кыздарыбызга ыйман берсин.
+1
Paolo
2017-10-13 04:53:08
Ушунун баары ичкиликтин айынан эми кантип жашайсынар тооба кылдым ушунча адамдын олумуно себепкер болуп
+1
Nora
2017-10-13 05:03:33
boodo kyrsyktan saktasyn kudaiym, bir bei bash kyzdyn aiynan besh adamdyn omuru kyiylyptyr, jakyndaryna terren kaigyruu menen konul aitam!
+1
Nora
2017-10-13 05:06:24
omur boiu erkinen ajyratuu kerek , oshondo Kyrgyzstan onolot, Kerbendik deibi? Aksy raion bolso menin jerdeshim okshoit, kimdin kyzy eken aa?
0
Nora
2017-10-13 05:09:27
soo adam uchintip aidaiby, ishengen kojom sen bolson deit bele Kyrgyzda, emmi ichken adamdar aidasa anda kandai bolot .
0
akonia
2017-10-13 10:37:47
Тех жардам машинасын Ким вагон кылчы эле бул кызга эмне деп айтса болот праваны Ким берди экен ошону да суракка алыш керек
0
lilya8
2017-10-13 18:55:54
Азыр жол эрежелерин билсем да рульга отуруудан коркуп калдым ушундай тушунугу жок обу жоктор биздин жолубуздан чыга калабы деген коркунуч бар
0
seni.gana
2017-10-13 19:51:20
Аллахым жаткан жерини жайлуу кылсын.Каяктагы кереги жок мыйзамдарды тузбой ушул арак сатууну токтотуп койсо канчалаган кыргыз жарандарыбыз бактылуу жашамак арактын айынан бейкуноо адамдар жан берди тиги мас жап жаш кыз камалды.
0
akkarga
2017-10-14 23:55:53
Ошон учун РФдай кылып тунку саат 23:00дон кийин спирт ичимдиктерин сатпаш керек. Соо болгон кундода тундо арак издебешпет эле уже сатылбайт кеч болуп калды деп!
0
Mamatmuso84
2017-10-17 05:37:43
Туувгандарына алах сабыр берсин
0
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан