ЭҢ, ЭҢ, ЭҢ...

АФРИКАЛЫК ПИЛ – басып жүргөн жаныбарлардын эң чоңу. Боюнун узундугу 6 метрди түзсө, салмагы 3 тонна чыгат. Ушунчалык чоң болгондуктан анын дээрлик душманы жок. Эч ким ага кол салганга даай албайт. Бирок пилдин кичинекей балдары токойдогу жырткыч жаныбарлардын жеми болуп калуусу мүмкүн.



Эң узун жаныбар бул – АКЫРА. Анын бою 6-8 метрди түзөт. Акыранын моюну эле 2 метр. Буттары да узун болгондуктан өтө тез чуркайт.



КӨК КИТ
– океандагы эң чоң жаныбар. Анын салмагы 180 тонна, узундугу 30 метр. Бир гана тилинин салмагы 3 тоннаны түзөт. Ал эми жүрөгү 600 килограмм болот.



ТӨӨ КУШ –
куштардын арасындагы эң чоң куш. Алар Африканы жана Арабияны мекендешет. Узундугу 2 жарым метр, салмагы 156 килограмм. Ал эми жумурткасы 1 жарым килограмм болушу мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан