ДӨӨТҮ УСТА (жомок)

Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр. Ал кызыл чокко колун салса да күйчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп, түркүн буюм жасачу, алтын, күмүштөн оймо-чийме чекчү. Баатырларга соот-чопкут, жоо жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдарды жасады, шаарга чеп курду, желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.
Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип үйрөнүп кетип жатты. Дөөтү алардан өнөрүн эч аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок эч убакта мактанбагыла. Эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар» деди шакирттерине. Шакирттеринин баары устатынын айтканын эске тутушту. Ошентсе да алардын ичинде бирөө бар экен.
Бир күнү бир кары адам «Балам, усталыгың кандай, бардыгын үйрөнүп калдыңбы?» дептир. Анда алакөөдөн «Дөөтүдөн да өтүп калдым» деди устанын айтканын эстен чыгарып. Отко темир басып, темир кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир шыр этип жабыша түштү. Алакөөдөн ошондо гана мактанып койгонун билди. «Аттиң» деп эрдин тиштеди. Жолоочулап кетимиш болуп, колун айыктырып алды, бирок дүкөнүнө кирип алып миң аракет кылса да эч нерсе чыкпады.
Ошол кезде Дөөтү уста кыдырып, шакирттерин көрүп жүргөн кези эле. Ал бул шакиртине да кезикти «Балам, иш кандай?» деп сурады. Бала уялып эч нерсе айткан жок, уялып калды.

  Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан