АКТАН РЫСКЕЛДИЕВ УУЛДУУ БОЛДУ

 
Тамашоучу, тамада Актан Рыскелдиев 2-октябрь күнү уулдуу болду. 2 килограмм 900 грамм салмактагы наристе төрөлүп, тамашоучунун сүйүнүчүндө чек жок. Актан кубанычтуу кабары тууралуу: «Биринчи балам Жантай төрөлгөндө эч нерсени түшүнгөн эмесмин, эми гана тили чыгып, бала кандай бакыт экенин билип калдым. Ал эми экинчи уулум төрөлгөндө башкача сүйүндүм. Жубайым Феруза төрөгөндө мен Токтогулда тойдо элем. Көрсө, толгоосу мени узатып жатканда эле башталган экен. Төрөтканага бир колуна Жантайды жетелеп, экинчи колуна баштыгын көтөрүп барып эле төрөп коюптур. Өзү чалып мага сүйүнчүлөдү. Наристебизге ысымды тун уулубузга ат коюп жатканда эле тандап койгонбуз, Анатай болот деп»,- дейт.
Кыргыздын дагы бир белгилүү таланты, "Аят" тасмасы аркылуу таанылган актёр, режиссёр Азамат Арыков да 4-октябрда уулдуу болуп кубанып жүргөн кези. Актёр уулуна Шабдан деген ысым бериптир.
Анатай менен Шабдандын бешик боолору бек болсун!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kelemdedin
2017-10-10 09:44:07
Омуру менен берген болсун
+4
noeli
2017-10-10 13:34:43
Мына ушундай эле кыргызча ысымдарды ыйгара беришсе болот экен го. Бобоктор омурлуу болушсун.
+7
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан