Ырчы Омар Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргызстандын атынан катышууда. Омар сынак тууралуу: «Аталган долбоордон мага август айында сунуш түшкөн. Бул сынак өз өлкөсүндө популярдуу болгон ырчылардын арасында өтүп жатат. Сынакка жалпысынан 9 өлкөнүн: Түркия, Казакстан, Грузия, Өзбекстан, Кыргызстан, Татарстан, Башкортостан, Тажикстан, Азербайжандын белгилүү ырчылары катышып жатат. Казакстандан Айкын, Өзбекстандан Саида деген ырчы кыз бар. Учурда мен элдин алдында да, артында да эмес, ортосунда келе жатам. Бул бюджети чоң долбоор болгондуктан 9 өлкөнүн тең башкы каналдарынан көрсөтүшөт. Сынак ноябрь айында жыйынтыкталат. Калыстар тобунда Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова эжебиз отурат, бирок ал өз өлкөсүнө добуш бере албайт. Андыктан чыныгы талантым менен аталган сынакта ырчылык дараметимди көрсөтөм» ,- дейт. Омарга ийгилик каалап, жеңиш менен кайтышына тилектешпиз.