"Жарайт сити» долбоорунун актёрлору Элдияр Эшимбеков менен Илгиз Кубатбек Украинада өткөн «Куудулду күлдүр!» ("Рассмеши комика!") деген берүүгө катышып 50 миң гривен (болжол менен 128 миң сом) утуп алышты. Элдияр Эшимбеков: «Башында «Куудулду күлдүр!» долбооруна биздин досубуз Мыкы (ред.: тамашоучу Мыктыбек Мукаев) катышкан. Мыкы ал долбоордун редакторлоруна Элдияр экөөбүздүн тамашаларыбызды карап көрүүнү сунуштаптыр. Биз аларга видеолорубузду жибердик, алар жактырып, чакырышты. Башында жеңебиз деген максатыбыз жок эле, жөн гана Киевди көрүп, өзүбүздүн жакшы тамашаларды тартуулап келебиз деп ойлогонбуз. Бирок биздин тамашаларыбызды баалап отурган атактуу куудулдар Владимир Зеленский менен Евгений Кошевой абдан жактырышты. Азырынча байгебизди колубузга ала элекпиз, 120 күндүн ичинде которуп жиберебиз дешкен»,- деп билдирди.