Тамашоучу, актёр, «До+Фа», «Султан Сулайман», «Курут» тасмаларына тартылган Эрмек Таалайбеков ноябрь айында үйлөнөт. Эрмек 2-октябрь – сүйүктүүсүнүн туулган күнүндө анын колун сурап, «макул» деген жооп алган. Бул тууралуу ал: «Сүйүктүүм Бекзада экөөбүз 1 жылдан ашуун кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Башында эле үйлөнөм деген чечкиндүү ой менен мамиле куруп баштагам. Жашы 24тө, абдан жөнөкөй кыз, башкысы мени түшүнөт. Бири-бирибиздин ата-энелерибиз менен таанышпыз, буюрса, үлпөт тоюбузду 6-ноябрга белгиледик»,- дейт.