Ырчы Бегимай Карабаева Лексус үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болуп, Ош шаарында жаңы унаасын ызгытып айдап жүргөн убагы. Бегимай: «Бул менин экинчи унаам, биринчисин сатып жибердим. Үстүнө апам акча кошуп 12 миң долларга 2006-жылы чыккан Lexus GS-350 үлгүсүндөгү унаа сатып берди. Өзүңүздөр билгендей, жашоомдо акыркы жылдары көп өзгөрүүлөр болуп кетпедиби. Андыктан дагы деле жаңыланганды, өзгөргөндү улантып жатам. Унаамды алмаштырганым да кандайдыр бир жаңыланууга таштаган кадам болду».