ГҮЛБҮ ОРОСКУЛ КЫЗЫНЫН ӨЛҮМҮНҮН АРТЫНДА КАНДАЙ СЫР БАР? АЙЗУУРА ИМАНАЛИЕВА: «АПАМ ИЧИМЕ ЖЫЛАН СЫЯКТУУ НЕРСЕ КИРИП КЕТТИ ДЕП ЖАТТЫ»

6-октябрь күнү белгилүү фольклор жана эстрада ырчысы, «Кыз-жигит сармерден» берүүсүнүн алпаруучусу Гүлбү Ороскул кызы мезгилсиз дүйнөдөн өтүп, жакындарын терең кайгыга салып кетти. Шайыр жеңенин күтүлбөгөн өлүмүнө көпчүлүк азыркыга чейин ишене албай турушат. Жалпы журтун кайгыга бөлөп, жакындарын сыздатып түбөлүк уйкуга кеткен ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Чүйдүн Беш-Күнгөй айылындагы өзү жашаган үйдө өттү. Маркум Гүлбү Ороскул кызы ушул жылдын 1-ноябрында 41 жашка чыкмак. Анын сөөгү Чоң-Арык көрүстөнүнө, ырчы Элмира Кайып кызынын жанына коюлду.

МАРКУМ ТУУРАЛУУ

Ыманкулова Гүлбү Ороскуловна 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн. 1991-жылы Авлетим орто мектебинен 8-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип тапшырып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган. Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы, 2 кыздын энеси, 1 неберенин таенеси. 2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө Гүлбү Ороскул кызы деген ысым менен таанылып келген. Фольклор жана эстрада ырчысы, ошондой эле кыргыздын белгилүү ырчы айымдарынан түзүлгөн «Достор» тобунун солисти. Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси, Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2015-жылдан бери КТРКнын «Кыз-жигит сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген. Репертуарында «Балама», «Арзуу», «Мажүрүм тал», «Менин өмүр жазым», «Агылам сага», «Ортомчу бизге Ысык-Көл» жана башка ырлары бар.

Айзуура Иманалиева, кызы:
«АПАМА КӨЗ ТИЙДИ, СӨЗ ТИЙДИ»

- Мен көз жарганда апам төрөтүмө катышкан. Баламдын кыркын чыгарыш үчүн апамдын үйүнө келген элем. 20 күн болгондо шашып өзү небересинин кыркын чыгарган. 5-октябрь түнү тойго барып, үйгө кечки 9 жарымдарда келди. Мен тамак жасап койгон элем, «үйдүн тамагы сонун, ээ?» деп кечке биз менен кобурашып, небересин кучактап, жыттап отуруп, түнкү 12лерде жаткан. Түнү саат 3төрдө «кызым, кыйналып жатам» деп сиңдим Сезимди ойготуптур. «Ичимде бир жаман нерсе жүрөт, жылан сыяктуу бир нерсе кирип кетти» деп эле ичин кармалап калды. Бети-башын кармасам мупмуздак. Буга чейин апам сыркоолоп калганда үйдү арчалап, киренелеп берсем жакшы болуп кетчү. Ошол күнү да буту-колун укалап, киренелеп берсем жакшы болуп калгандай сезилди. Таң атканда апамдын оорусу кайра күчөп, онтоп жатканда «Тез жардам» кызматын чакырдык. Алар «Но-шпа ичсин» деп дары жазып берип кетип калышты. «Кыздарым, башымды жаздыкка койсом эле жакшы болуп кетчүдөймүн» деп бир аз жатты. Бирок түшкө маал кусуп баштады. Биз кайра «Тез жардамга» чалдык. Апамдын туюу сезими күчтүү болчу, үзүлүп баратканын билген окшойт, жанынан эч кимибизди кетиргиси келбей жатты. Анан улам эле «адамдар бири-бирибизге кара санабасак эмне?» деп сүйлөнө берди. Ошол боюнча үзүлүп кетти.
Апама көз тийди, сөз тийди деп ойлойм. Болгону бул жолкусунда апам көтөрө албай калды. «Сармердендин» режиссёру Сагын эже да «Гүлбү, сен эфирге чыкканда колуңдун учунан чачыңдын учуна чейин көз мончок тагып чыкчы» дей берчү. Апам «Сармерденге» жаңы алпаруучу болуп иштеп баштаганда көрө албастар болгон. Анткени ал берүүнү көп сахналаш кесиптештери «мен алпарам» деп талашкан экен. Апам алпарып жүргөндө «кийимин көрсөтүү үчүн эле чыгат» деген жагымсыз сөздөрдү жазып жүрүшкөн. Ошол кесиптештерине «эми ыраазысыңарбы?» деп айтар элем. «Сармердендин» айынан каза болду» дегендерге кошулбайм, бул Кудайдын буйругу. Апамды «уулантып коюшуптур» деп айтылган түрдүү кептер да калп. Бирөө уулантып, күмөн жаратчу жагдайлар болсо, биз жөн отуруп калмак эмеспиз. Апамдын ашказанынан тромб жарылып, кан толуп каза болду. Ууланса медэкспертизадан билинмек.
Көбү апамды Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштурушчу, бирок өзү «ага окшош болсом да жашын тартпасам экен» дечү. Бирок бул дүйнөдөн эрте кетти. Жер тамыбызда да, батирибизде да оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. «Үйдү бүтсөк небереме жентек берем» деп жүргөн, ага да жетишпей калды. Апам өлгөн жок, артында ырлары, эли калды. Эки кайраттуу кызы бар. Биз апамдын ысымын өчүрбөгөнгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Бизге көңүл айтып, апама чын дилинен күйүп жаткан адамдарга айтарым, апам үчүн куран окуп коюңуздарчы.


Сагын Ниязалиева, «Кыз-жигит сармерден» берүүсүнүн режиссёру: «ГҮЛБҮ КУРАН ОКУТУП, КАН ЧЫГАРЫП, АНАН «САРМЕРДЕНДЕГИ» АЛПАРУУЧУЛУКТУ БАШТАГАН»

- Гүлбүнүн буга чейин оорудум дегенин уккан эмесмин. Тескерисинче, тез-тез медициналык текшерүүдөн өтүп, кымыз ичкени жайлоого барып, өзүнө жакшы кам көрчү. Кыздарынын, апасынын ден соолугун караган, баарыбызды дарылаган кыз эле. 6-октябрь күнү жумушта отурсам жардамчы кызым «сизге «Супер-Инфодон» бир кыз чалып, «Гүлбү эже жакшы элеби?» деп сурады» деп калды. Мен дароо Гүлбүгө чалып эле «Ай, Гүлбү!» деп үнүмдү өктөм чыгарсам, кызы телефонду алып эле «апам өлүп калды, өлүп калды» деп шолоктоп ыйлап жиберди. Угуп нес болуп катып калдым. Өзүмө келип, дароо Гүлбүнүн үйүнө барсак, аны моргго алып кетишиптир, үйүндө эки кызы, аялдар бар экен. Медэксперттер Гүлбүнүн ашказанындагы тромб жарылып, кан куюлуп кеткенин айтышты. Бул аябай тез болчу өлүм экен.
Адам көз жумгандан кийин түрдүү ойлор келет тура. Тойдо ырдап жүргөндө бирөө ууландырып койдубу деген да ой келди. Бирок түнү кыздары менен жаркырап отуруп жатпайбы. Анан «көз тийди, сөз тийди» деп жатышат. «Кара дуба окутушкан» деген да кептер айтылды. Эми анын баарын айтып күнөөгө баткым келбейт. Эгер ошол чын болсо, ал адамдарды Кудай өзү жазаласын. Чырактай кызыбыздан айрылдык. Гүлбү көп адамдын көңүлүн алган экен, акыркы сапарга узатууга кыргыздын мен-мен деген инсандары аздектеп келип, боздоп жоктоп турушту. Беш-Күнгөйдө 6 жылдан бери куруп жаткан эки кабаттуу тамын бүтүрүп кирип жашаганга жетишпей калды. Гүлбү сыртта эркек, үйдө аял эле, ошол салынып жаткан үйүнүн пайдубалын куйганга жардамдашып, кыштарды ташып, усталар менен тең тайлашып иштеген экен. «Сармерденге» кийип чыккан костюмдарын бүт өзү тигип, саймалап чыкчу. Атты мыкты чапчу, Гүлбү ат үстүндө чоңойгон кыз эле.
«Сармерденди» «каражолтой берүү болду» деп жатышат. Эми аны айтып жаткан пенделерди да Кудайга койдум. Бул берүү акжолтойбу, каражолтойбу, аны Кудай менен эл өзү тегиздейт. «Сармерденди» мен ойлоп тапкан жокмун, бул ыр кесе сыяктуу ата-бабадан келе жаткан салт болуп кала берет. Мен бул берүүнү тартпасам башкасы уланта берет. «Сармерденди» Гүлбү биринчи жолу алып барганда аябай корккон болчу, съёмка бүткөндө да «көз алдыман такыр Гүлзат эже (ред.: Батырканова) кетпей койду» деп айтканы эсимде. Ал алдын ала ырымын жасап кой союп кан чыгарып Гүлзат Батырканованын апасы Шахра Талипованы кызы менен чакырып куран окуткан. Ар нерсеге жоруй берген деле болбойт, ажал улук деп коёт эмеспи, демек, бешенесине ошону жазыптыр да.
Жакында эле бир окуя болгон. Элмира Кайып кызынын кыркына арнап атайын эскерүү даярдаганбыз. Ошондо Гүлбү биринчи сүйлөп Элмираны мактады, талантын айтты, жаш кезинде чогуу окуп, жатаканада кошуна бөлмөлөрдө жашаганынан бери айтып жакшы маек курду. Элмиранын кыркы өтүп жаткан күнү Гүлбү каза болуп жатпайбы. Анан Гүлбүнүн сөөгүн койгонго жай издеп 3-4 жерге барышыптыр. Ошончо жерден издеп жүрүп Элмира Кайып кызынын жанынан жай табылыптыр. Аны угуп алып жаман болдум. Эфирде Гүлбү «кошуна элек, кошуна болчубуз» деп улам кайталап жаткан болчу, көрсө, тиги дүйнөдө да кошуна болуп барыптыр да деп ичим тызылдады.


Гүлсина Чотонова, курбусу: «САРЫ ТИШТҮҮ КЕМПИР БОЛГУЧА ЖАШАСА ЭМНЕ БОЛМОК ЭЛЕ?»

- Гүлбү экөөбүз тең Аксыдан болобуз, экөөбүз институтта окуп жүргөндөн бери жакшы мамиледе элек. Өзү да ак жуумал эмес беле, студент кезде жапжаш, мөлтүрөгөн, маңдайы жарык, институтта кыз-эркектин баарын суктандырган кыз эле. Көп өтпөй Элмирбекке (ред.: Иманалиев) турмушка чыгып, экөө жан дүйнөнүн купулуна толгон, биринен экинчиси ашкан сулуу, окшошкон жуптар болду. Ошондо эл экөөнү махабаттын символундай, Жараткандын керемет кылып айкалыштырып койгон түгөйлөрүндөй кабылдашчу. Экөөбүз башында тыгыз карым-катнашта болбосок да, кийин эже-сиңди катары абдан жакын мамиледе жүрдүк. Гүлбүдөн жарым жыл кичүү болсом да көргөн жерден кагылып «апчем» деп кучактап өөп учурашчу. Сөөгүн коёрдо карайлап сөз таппай калганда «кагылбай кал» деп ыйладым.
Жамандан жакшыны, уудан балды сузуп алган ушундай бир керемет жан эле (жашып). Ажал деген ушундай албуут, таш боор, улууну-кичүүнү бирдей жуткан нерсе болот турбайбы. Секелек кезинде атасынан эрте айрылып, апасы иниси экөөнү жалгыз чоңойткон экен. Ошондо оюнкарак Гүлбүгө апасы «бала кара» десе, ал эки бөйрөгүнө колун таянып «эмнеге мен бала карайт экем, ким төрөсө ошо баксын, мен ойногум келет» деп каяша айтып басып кетчү тура. Гүлбүдөгү төңкөрүштүк сапат ошондо эле калыптанган окшойт деп калам. Жашоодо жакшыны, жаманды бирдей жутуп, бирок өзү ичинен жакшыны гана чыгарчу. Жакшыдан айрылганда, аны өлүмгө кыя албай калганда өзүңдү сооротуу үчүн анын өлүмүнөн толтура себептерди издеп көрөт экенсиң. Бирок Кудай алам дегенин алат тура. Алтыным Гүлбүм кыздарын өзүндөй тарбиялады, азыр кыздарын көрүп көңүл толот. Калган өмүрүн кыздарына берсин! Ошолордун убайын көрүп, сары тиштүү кемпир болгуча жашаса эмне болмок эле?..


Азамат Болгонбаев, өкүл баласы:
«ГҮЛБҮ АПАМ ЭРТЕ ҮЙЛӨН ДЕЙ БЕРЧҮ»

- Тагдыр өкүл атам менен апамды эки жээкке бөлүп койду. Азыр атам (ред.: Элмирбек Иманалиев) да оор абалда. Кант диабети менен ооручу, эми канындагы канттын өлчөмү жогорулап, учурда дарыланып жатат. Жубайым экөөбүз үйлөнгөн учурда атам азыркы биздин өкүл апабыз Нурзатка үйлөнгөн болчу. Бирок Гүлбү апамды да, Нурзат апамды да өкүл апа деп сый мамиледе болдук. Бойдок кезде атамдын жанында ээрчип көп жүрдүм, мага өкүл ата, өкүл апа болуу сунушун Гүлбү апам сунуштаганда кубанычта болгом. «Бирөөнү сүйүп калсам эле "өкүл кызыңыз ушул" деп тааныштыра берет элем. Шашпай үйлөнөм» десем «жаш кезде тапкан бакытыңар да, байлыгыңар да таттуу болот, эртерээк үйлөн» деп көп айтчу. Ошол баёо учурда көп акыл-кеңешин айтып, турмушума жакшы жол көрсөткөн. Өтө жагымсыз окуя болду, баарыбыздын кабыргабыз кайышып турат.

Элмирбек Иманалиев менен Гүлбү Ороскул кызынын ортосунда эки кызы бар.
Ырчы «Достор» тобунда ырдап, дос-курбу күтүп, топтогу ырчылар менен үй-бүлөлүк катышта жүргөн.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айзуура жана Сезим Иманалиевалар: "Апабызды ууландырды дегенинен экспертизадан өткөрдүк"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
Aiel
2017-10-18 18:25:20
Кудайым аркы дуйносун берсин эми, жакындарына сабыр берсин. Элмирбек Иманалиев да окунду бекен аа.
+1
ninja82
2017-10-21 23:17:40
Aiel,окунотда кыздары энесиз калса ким окунбосун.
+1
toktogul0322
2017-10-18 23:23:38
Жаткан жери жайлуу болсун калган жашын кыздарына берсин,жакындарына сабыр берсин.Эн сонун айым эле мен кумир туткан.
+2
melashka
2017-10-19 00:24:34
Жаткан жери жайлуу болсун Бейишинен берсин Аллахым!
+2
Kaarov
2017-10-19 11:53:49
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
dangerouskg94
2017-10-19 12:10:50
жаткан жери жайлуу болсун
+2
dangerouskg94
2017-10-19 12:12:05
жаткан жери жайлуу болсун
+1
ayka96
2017-10-19 14:15:58
Чынын айтсам тааныбайт экем.ырларын деле уккан эмес экем.жаткан жери жайлуу болсун
-12
Leili
2017-10-19 16:32:15
Жаткан жери жайлуу болсун аябай ичим куйду кандай гана сонун эже эле
+2
Djka
2017-10-20 23:25:02
Jatkan jeri jailuu bolsun teren kaigyruu menen konul aitam jakyndaryna
+1
Leili
2017-10-21 17:07:51
Элмирбек байке аябай ыйлаптырго гулбу деп аны эмнеге корсоткон жоксунар элмирбек байкеден да интервью алгылачы угалы
+4
Alleria
2017-10-22 07:17:42
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Аябай жакшы эже эле көргөн сайын жүрөгүм ооруп ыйлап алып жатам.
+1
fanatka19
2017-10-22 11:45:42
Достор тобу элге кайрат айтпайт дегендер.Достор тобу өздөрү сыздап кайрат кыла албай жүрүшөт,аларга эле жеңил дейсиңерби?10 жылдан ашык жанында жүргөн адамды жоготуу.жазаарда кичине ойлонсоңор.
0
mishonia8077
2017-10-23 11:07:19
fanatka19,сыздабай эле тойдо жүрүшөт го,инстаграммда сүрөттөрү жүрбөйбү.Кыркылыгы өткүчө өлүп баратышса деле сайрандагандарын чыгарбай тура турушпайт беле.Негизи дос деген болбойт
+3
Саби
2017-10-23 11:47:42
mishonia8077, Кыркы чыкычакты алардын уй-булосун ким багат экен.Кээде обу жо ойлонбой жазгандар бар да. Тируунун жашоосу отуш керек.Сыздадым деп ар -бир таанышы каза болсо уйдон чыкпай жатышы керекби
0
Muslima96
2017-10-23 13:30:41
mishonia8077, "олгондун артынан олмок жок". 3 эле кун аза кутулот...
+1
Muslima96
2017-10-23 13:27:50
Жаткан жери жайлуу болсун! ( Калган жашын кыздарга берсин деген туура эмес го, калган жашы болсо жашамак да ОЗУ). Кыздарына сабыр((. Жакынын жоготуу кандай оор((
+2
mahabata
2017-10-23 13:50:15
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Кудай бейиштен орун берсин. Жашабай кеткен омурун Айзуура менен Сезимге берсин. Эки кызына, апасына жана бир туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам.
+1
sabyr86
2017-10-23 18:34:20
Баарынан дагы Достор тобу кече эфирде Гулзат Байзакова аябай оор кабыл алды,давлениясы которулуп ооруп атат десе кулкум келди.тойлордо журот оорубай эле 4 кун мурун Ошто жургон тойдо,андан мурда Бишкекте тойдо жургон анан кечее ооруп калабы
+1
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан