БШКдагы КОШ СТАНДАРТ

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго 3-жолу эскертүү берди. Алгачкы эскертүү үгүт баннеринде Сооронбай Жээнбековдун желкесинен тартылган сүрөттү колдонгону боюнча берилген. Экинчи эскертүү “үгүт иштерине диний ишмерди аралаштырды” деп берилген. БШКнын айрым мүчөлөрү “бул факт боюнча эскертүү Бабановго эмес, ошол диний кызматкерди жолугушууга чакырган Бакыт Төрөбаевге берилиши керек” дешкен. Бирок БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен эскертүү Бабановго карата берилген. Буга чейин диний ишмер Чубак Жалилов “талапкер Сооронбай Жээнбековду шайлагыла” деп үгүт жасап, ал иш үчүн Жээнбековго эмес, Камчыбек Ташиевге эскертүү берилген эле. Муну менен БШК талапкерлерге карата кош стандарттуу мамиле жасап жатканы ачык көрүнүп калды.
БШК бул ирет Бабановдун Ошто өзбек улутундагы шайлоочулар менен жолугушуудагы сөзү” деп тараган видеону жүйөө келтирип, “улут аралык чагымды козутту” деп 3-жолу эскертүү берди. Бабановдун штабы интернетке таратылган бул видео монтаждалгандыгын, монтаж кылган күчтөр ушул аракети менен Бабановду каралоого аракеттенгендигин билдирүүдө. Ошондой эле атайын кызматтар Бабановго карата жүргүзүлүп жаткан далилсиз каралоолор боюнча эч кандай чара көрбөй жатканын баса белгилешүүдө.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан