ЖЫЛАНДАР

Жер жүзүндө жыландардын 3000ден ашык түрү бар. Булардын 750гө жакын түрү уулуу жыландар болуп эсептелет. Жыландардын мүнөзү, жашоо образдары жана башка кызыктар назарыңыздарда.

ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ
Таралышы. Жыландар Антарктидадан башка материктердин бардыгында кездешет. Кээ бир жыландар жер алдында жашашса, кээ бирлери сууда, дарактарда жашашат. Жыландар убак-убагы менен түлөшөт. Терисин кыргыздар сөөл кетирчү каражат катары колдонуп келишкен.
Узундугу канча? Амазонкада (Америка) жаша­ган анакондалардын узундугу 9-11 метрге чейин жетет. Ал эми торчо­луу питондун узундугу 7,5 метр­ди, кур­гактыкта жашаган сары жы­лан­ды­кы 1,4 метрди, орто азия кобрасыныкы 1,6 метрди түзөт. Ошондой эле узундугу 10 сантиметрге араң жеткендер да бар.
Канча жашайт? Адатта жыландар 5-10 жыл өмүр сүрүшөт. Бирок кээ бир түрлөрү 30-40 жылга дейре жашашат. Орто Азия кобралары жана кара чаар жыландар 12-15 жыл, америка тоок жегич жыланы 18 жыл жашайт.
Омурткалары. Түрүнө жана денесинин узундугуна жараша жыландар 200дөн 450гө чейин омурткага ээ.
Ички органдары. Оң өпкөсү гана толук иштеп, сол өпкөсү жана табарсыгы болбойт. Сол өпкөсү болгон күндө да, өнүкпөй калат.
Тамагы. Майда жыландар бака, чычкан, канаттуулар менен азыктанышса, чоңдору коён, чаарчыктарды, козу-улактарды да жутуп коё алышат. Деңизде жашаган жыландар балыктар менен да "түштөнүп" коё беришет. Кээ бир жыландар бир түрдөгү гана тамак жешет. Мисалы, рак жечү жыландар бир гана рак, ал эми жумурткачы жылан канаттуулардын жумурткасы менен тамактанат. Уулуу жыландар алгач чагып өлтүрүп, анан жешет. Муунтмалар (удав) менен питондор курмандыгын кысып, муунтуп өлтүрүшөт.
Көбөйүшү. Кээ бир жылан түрлөрү жумуртка тууп, анан балдарын басып чыгарышат. Ал эми айрымдары балдарын тирүү туушат.
Кыргызстанда жыландын канча түрү бар? Мекенибизде жыландын 25 түрү кездешет. Булардын ичинен калкан мурундуу жылан менен талаа кара чаар жыланы гана уулуу болуп эсептелет.

КЫЗЫКТУУ

  • Вьетнамда питондор үй жаныбары катары эсептелет. Аларды чоң темир капастарда багышат жана терисинен сувенирлерди, бут кийимдерди жана сумкаларды жасашат.
  • Кемирүүчүлөр дан өсүм­дүк­төрүнө көбүрөөк зыян келтире турган жерлерде дыйкандар уусуз жыландарды багышат.
  • Индияда жыл сайын жыландардын жарышы өтөт. Спортчулардын ролун кобралар ойношот.
  • Питондор цирктеги оюндарда колдонулат.

ЭҢ УУЛУУ ЖЫЛАНДАР
Планетабызда эң уулуу 10 жылан түрү бар. 1-орунда Австралияны мекендеген тайпан турат. Бир жолку чаккан уусу 100 чоң кишини же 250 000 чычканды өлтүрүүгө жетет. 2-орундагы малай крайты Индонезияны турактайт. Дары сайылганына карабастан, бул жылан чаккан адамдардын 50 пайызы гана аман калат. Кийинки орундарда арстан сымал жылан (Австралия), илмек мурундуу деңиз жыланы, кумдуу жерлерди байырлаган эфа, (Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан), аспид (Түндүк Америка), кара мамба (Африка) жана башкалар турат.

12 МИҢ ЖЫЛАНДАН 5-6 ЛИТР УУ АЛЫНАТ
Бразилияда жыландардын уусун изилдөөчү дүйнөдөгү эң чоң институт бар. Элдер институтка ар жерден кармап алышкан уулуу жыландарды өткөрүп турушат. Андай жыландардын саны бир жылда 12-13 миңге жетет. Булардан алынган уунун өлчөмү бир жылда 5-6 литрди (кургатылган түрдө 1-1,5 кг) түзөт. Жыландардан бир алганда майдаларынан 20-40 миллиграмм уу, ал эми чоңдорунан 500-900 миллиграмм уу алынат. Уу алуу аптасына 2-3 жолу жүргүзүлөт. Уу алуучу борборлор ар өлкөнүн шаарларында бар.

СУУК АЙМАКТЫ МЕКЕНДЕП...
Түндүк полярдык аймактын Скандинавия жана Кольск жарым аралында уулуу кара чаар жыландар гана кездешет. Ырайымсыз суук аймакта башка жылан түрлөрү жашай алышпайт. Кара чаарлар жылдын 200дөн ашык күнүн кышкы уйку менен өткөзүшөт.

ЖЫЛАНДАР – “СЕЙСМОЛОГДОР”
Кытайдын 5 сейсмикалык борборунун кызматкерлери жыландарды өз иштеринде пайдаланышат. Наньин шаарындагы мындай борбордун директорунун айтымына караганда, жыландар жер титирөөнү алдын ала билчү касиетке ээ. Зилзала болордон 4-5 күн мурун эле алар баш аламан түшө башташат. Суук аба ырайына карабастан ийиндеринен чыгышат. Катуу зилзала болордо өтө тынчсызданышып, бөлмө ичинде бойлорун дубалдарга уруп, имараттан чыгууга жол издешет. Борбордун жыландар кармалган бөлмөсүндө видеокамера орнотулган. Кызматкерлер андан жыландардын жүрүш-турушуна байкоо салышып, жер титирөөнүн болор-болбостугун билип турушат.

"БИЙЧИ" КОБРАЛАР
Кобралар – музыкага жакын жан­дар. Бир калыптагы сыбызгыган музыка аларды ыргакка жараша “бийлөөгө” аргасыз кылат. Ал эми катуу, ачуу үндөгү жаз музыкасы аларды коопко салып, “капюшондорун” жазып жиберүүгө жеткирет. Рок музыкасы жинин кайнаткандыктан, тикесинен тик туруп, жанындагыларды чагып да жиберет.

ЖЫЛАНДАН ЖАСАЛЧУ ТАМАКТАР

  • Таиланддын, Кытайдын, Камбоджанын, Индонезиянын ресторандарында питондун же кобранын этинен жасалган бифштекс заказ кылууга болот.
  • Кытайлар жана башка кээ бир элдер жыланды эт ордуна колдонушат. Кайнатып шорпосун ичип, этин жешет. Муну дарылык максатта колдонгон элдер да бар.
  • Европанын кээ бир ресторандарында жыландан барбекю (чоң шишкебек) даярдашат.

ЖЫЛАНДАР ХРАМЫ
Малайзияга караштуу Пенаг аралында Жыландар храмы бар. Илгери анда жашаган кечил жыландардын храмга кирүүсүнө тоскоол кылчу эмес экен. Ошондон улам ал жерге келчү жыландардын саны көбөйө берет. Кечил көз жумгандан бери да жыландар храмдан үзүлбөй келет. Алар полдо да, жыпар жыт түтөтүлүп турчу жерде да жатышат. Бирок алар сыйынууга келгендерге тийбейт. Анан дагы катардагы күндөрү храмда саналуу жыландар болсо, кээ бир күндөрү өтө көп келишет. Муну жергиликтүү жашоочулар “жыландар өз ара кайсы бир маселени чечүү үчүн чогулушту” деп билишет.

УЛАМЫШТАР, ЖӨРӨЛГӨЛӨР...
Түркүн элдердин жөө жомокторунда жана уламыштарында жылан мол түшүмдүн, жердин, суунун, оттун, байлыктын символу катары каралат.

  • Илгери көптөгөн элдер жамгыр жаашын тилеп, жыландарга арнап курмандык союшкан.
  • Байыркы мисирликтер түшүмдүн кудайы Рененутетти кобра баштуу аял деп эсептешкен. Андыктан кумураларга анын сүрөттөрүн тартышкан.
  • Япон жана Индияда мүйүздүү жылан жөнүндөгү уламыштар айтылат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
janarbek
2010-09-08 18:16:06
абдан жакшы маалыматтарды камтыган ушул гезит коп жашасын!
0
2011-06-21 22:55:16
abdan kiziktuu eken
0
Nurik_9597
2014-01-18 00:16:31
Сонун экен
0
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан