«ЖҮЗҮМ ЭГИП, ГЕКТАРЫНАН 5 МИЛЛИОН СОМ ТАПСА БОЛОТ». БАТКЕНДИК БАГБАН БАЯНДАЙТ

«Азыр эгин эгип пайда табуу кыйын болуп калды. Ошондуктан жүзүм өстүрүүнү жолго салдым» дейт баткендик жаш багбан Данияр Эсеналиев. Багбандын айтымында, жүзүм өстүрүү ата-бабаларынан калган өнөр. Азыр ал жүзүмдү 50 сотых аянтка эгип, алгачкы кирешесин таба баштаган учуру.

«ЖҮЗҮМ ӨСТҮРҮҮ БОЮНЧА ИДЕЯ ФРАНЦИЯДА ЖАРАЛДЫ»

- Мен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион деген айылда жашайм. 35 жаштамын. Биздин Халмион айылыбыз түркүн жүзүмдөрү менен таанымал. Ошолордун катарында мен да чоң аталарыбыздан калган өнөр катары үйгө көп жылдан бери жүзүм өстүрүп келем. Ал жүзүмдү үй-бүлөбүз үчүн гана пайдаланчубуз. 2004-жылы Ошто окуумду аяктаган соң өз айылыма келип, мектепте англис жана француз тили боюнча мугалим болуп иштеп калдым. 2008-жылы француз тили боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Францияга барып, бош учурларымда ал жактагы жүзүм эгилген талааларды көрүп чыкчумун. Ал жакта шарап жасоого ылайыктуу сорттор көп өстүрүлөт экен. Багбандар да жүзүмдөн ири киреше табарын айтып, мени кызыктырып коюшту. Ошентип Францияга болгон сапарым жүзүмдү чоң аянтка өстүрүүмө себеп болуп калды. Буга чейин үлүш жерибизге буудай, жүгөрү гана эгип жүрчүбүз. Бирок акыркы жылдары жер семирткичтер кымбаттап, кирешебиз чыгашабызды жаппай калды. Мындан улам башка нерсе айдап, пайда көрүшүм керек эле. Ошентип Франциядагы идеямды ишке ашыруу үчүн үлүш жерибизге жүзүм өстүрүүнү жолго койдум. Быйыл 4 жыл болду.

«ЖҮЗҮМ БАККА 380 МИҢ СОМ ЖУМШАЛДЫ»

- Жүзүм өстүрүү кирешелүү болгондуктан чыгымы да көп. Эгер бардык стандарттар менен өстүрсөңүз чыгым да ошончо жогорулайт. Мисалы, бир гектар жүзүм аянтына 40 тонна кык, 200 килограмм селитра керек. Андан сырткары аны өстүрүү үчүн да бир топ шарттарды даярдоо зарыл. Андай талаптарга көпчүлүк мекендештерибиз чыдай бербейт. Мен болсо 4 жыл мурун 50 сотых аянтка 1500 даана көчөт отургуздум. Бирок адистер муну көп деп жатышат. Себеби стандарт боюнча мынча аянтка 600 даана гана түп өстүрсө туура болот экен. Азыр мен эккен жүзүмдөр чоңойгон сайын тардыгы байкала баштады. 2,2 метрлик бийиктикке зым тарткам, ал зымга жүзүм оролуп өсүп, мөмөлөрү салаңдап бышканга ыңгайлуу болот. Көчөттү өзүм даярдап, ага акча кеткен жок, андан башкаларына жалпысынан 380 миң сом каражат кетти. Анын көп бөлүгү зым сатып алууга сарпталды.
Биздин айылдагылар түшүмдү көбүнчө Орусияга экспорттошот. Мен болсо Бишкектен эле кардар таап, 1 тоннадан ашуун Ризамат-Ата сортундагы жүзүмдүн килограммын 60 сомдон саттым. Кечирээк бышкандарын болсо айылда эле килограммын 40-50 сомдон сатып түгөттүм. Жалпысынан быйыл саткан түшүм 80 миң сом болду. Жүзүм чоңойгон сайын түшүмү артат.

«ЖҮЗҮМДҮ ТУУРА СУГАРУУ ӨТӨ МААНИЛҮҮ»

- Мен 4 жыл мурун февраль айында Ризамат-Ата сортун өстүргөн адамдан буталгандан калган ашыкча бутактарын сурап алып, жерге көмүп койгом. Үстүнө 2 чака суу куюп, нымдуу кылып кармадым. Май айында даяр болгон көчөттөрдү чыгарып алып, ошол күнү отургузгам. Ал эми атайын сатыкка даярдалган көчөттөр 2-3 жылдык келип, баасы 100 сомдун тегерегинде. Аны отургузуп, кийинки жылы эле түшүм алып баштаса болот. Мен болсо жаңы көчөт эккендигимден улам 3 жылдан кийин гана мөмө бере баштады. Алгачкы чыккан жалбырагын сындырып салуу керек. Кийин бутак чыга баштайт. Ошол шактардын эң чоңун алып калып, калганын кыркып салса көчөт тез жетилет. Учунан жипке байлап жогоруга тартып коюу зарыл. Антпесе көчөттүн өсүүсү жайлашат.
Борбор Азияда жүзүмдүн 300дөн ашык түрү бар экен. Кыргыз өлкөсүнүн түштүк жергесинде көбүнчө дамские пальчики, тайфи, кетмен сабы, Андижан карасы, паркент, Ризамат-Ата жана чарас сорттору өстүрүлөт. Ал эми республиканын түндүк аймагында суукка чыдамдуу Ризамат-Ата менен чарас сорттору кеңири жайылган. Жүзүмдү сугаруу өзүнчө мээнет, көңүл бурууну талап кылат. Нымдуулук нормада болбосо кууратып же чиритип алуу оңой эле. Ошондой эле гүлдөгөн учурда сугарбоо зарыл. Мөмөгө суу толуп, бышып баштаган сайын тез-тез сугаруу туура болот. Орточо 4 күндө 1 жолу сугарган эрежеге ылайык. Нымдуу жер болсо 1 аптада бир жолу жетет.

«НЕГИЗГИ 4 ООРУДАН САКТАШ КЕРЕК»

- Жүзүмдүн негизги оорусу илимде милдью жана оидиум деп аталат. Бул оорулар жүзүмдүн жалбырагын саргайтып, майда жаралар чыгып кетет. Биз бул ооруларды «шор басуу» деп коёбуз. Андан сырткары Антракноз деген оорусу да бар. Антракноз илдети жүзүмгө жукса мөмөсү менен сабагында кара тактар пайда болот. Анан дагы бизде кеңири тараган заң оорусу бар. Анын белгилери: быша турган мезгилде жалбырагы саргайып, мөмөлөрү түшүп баштайт. Бул илдеттерден арылуу үчүн кеч күздө жана эрте жазда бордо аттуу суюктукту жана жез купоросу (медный купорос) аттуу дарыларды чачуу керек. Жалпысынан бардык оорулар үчүн Топаз, Нурелл Д жана Фаликор аттуу атайын дарыларды пайдаланышат. Жүзүмдү негизги 4 оорудан сактоо керек. Бизде кыш жылуу болгондуктан жүзүмдөрдү көмбөйбүз. Ашыкча бутактарын тазалайбыз. Суук жерлерде жерге көмүшөт.

«БИЗГЕ ТАЖИКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ АТААНДАШ»

- Стандарт боюнча, 1 гектар жерге 1,5 миң түп жүзүм өстүрсө болот. Ал 3-жылы биринчи мөмөсүн берип, жыл өткөн сайын түшүм көбүрөөк бере баштайт. 12 жылдан соң жакшы каралган жүзүмдөн ар гектарынан 100 тоннадан ашуун түшүм алса болот. 100 тонна жүзүмдү орто эсеп менен 1 килограммын 50 сомдон сатып, жылына 5 миллион сом киреше табууга мүмкүн. 2-3 жыл мурун жүзүмдүн 1 килограммы 100 сомго чейин чыккан. Жүзүмдүн баасынын түшүп кетишине Тажикстан биз менен чектеш аймагына өтө чоң аймакка жүзүм эгип, сатып жатканы себеп. Угушумча, ал аянттар тажик президентине караштуу экен. Биздин атаандаш Тажикстандын президенти.

"Быйыл Ризамат-Ата сортун Бишкекке саттым. Кийин Орусияга экспорттойм".
"Куштардан, күн нурунан сактоо үчүн жүзүм шиңгилдерине кагаз ороп чыгабыз".
"Жүзүм багымды кышка даярдоону жакында баштайм".


Бектур Токтоноев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Buudaiuk
2017-10-17 17:56:29
Супер-инфо ушундай дыйкандар жонундо кобуроок жазсанар
+8
surgeon777
2017-10-18 23:38:02
Buudaiuk,кечиресиз плюсту басам деп минусту басып алдым...туура айтасыз ушундай инсандар туураалуу жазыш керек,себеби силердин элге кошкон тарбия-таалиминердин салымы бар,женил ойлуу "эчкилерди" жаза бербестен ушундай пайдалуу макалаларга суусап турабыз.
+4
Ulan2601
2017-10-17 23:49:27
Бирок ошонун жумушунан качып таджикистандан ташыйт жузумду
+3
Aikoo2014
2017-10-19 22:52:53
Карапайым эл менен тыгыз байланышта болгонунарда абдан коптогон маалыматтарды алган болот эленер "Супер инфо" жамааты.
Кечке эле эки созду бириктирген ырчыларды окуй беруудон тажадык. Коп нерсе окугубуз келет, коп кырдуу талаттуулар бар, дыйкандар бар, машина комбайн куроочу техника усталары бар. Бизди электр менен камсыз кылчу электр ишчилери бар. Жон эле чабан болуп коптогон кызыктарга кабылган карапайым эл бар. Дегеле кызыктуу нерселер коп, ошолорду жазгылачы. ( СУРАНЫЧ)!!!
+6
Aikoo2014
2017-10-19 22:54:04
Ал эми дыйкандын ишине ийгилик, кырманы толсун.
+6
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан