Бийиктикте: КУМТӨРЧҮЛӨР ЖЫЛ САЙЫН ӨТҮҮЧҮ КУТКАРУУЧУЛАРДЫН МЕЛДЕШИНДЕ КҮМҮШ ЖАНА КОЛО МЕДАЛГА ТАТЫДЫ

Жакында ӨКМдин окуу борборунда авариялык-куткаруучу 5 команданын ортосунда мелдеш болуп өттү. Бул мелдеш ушуну менен 17-ирет өткөрүлүп отурат.

– Бир, эки, үч, кеттик!
Куткаруучулар бир аз убакыт мурун урандынын астынан жабырлануучуну алып чыгышкан. Ал жигит оор жаракат алган, эс-учун билбей жатат. Эми куткаруучулар аны этияттык менен замбилге салып, коопсуз жерге көтөрүп жөнөштү. Ал жерде шашылыш келген медиктердин бригадасы күтүп жатат. Жабырлануучуну медиктерге өткөрүп берген куткаруучулар энтиккенин басууга аракет кылып, чекесиндеги терди аарчып жатышат. Камуфляж кийимчен «жабырлануучу» жаткан жеринен туруп, кийимин күүп калды.
– 34 мүнөт 43 секунда!
Судья команда жыйынтыктаган убакытты айтып жатат. Тоннелге толгон шиленди, жабырлануучулар... Кудайга шүгүр, мунун баары көргөзмө үчүн гана. Ал эми куткаруучулар – чыныгы куткаруучулар!
Өткөн ишемби күнү ӨКМдин куткаруучуларды даярдоо борборунун полигонунда ушуну менен 17-ирет авариялык-куткаруучу командалардын ортосунда мелдеш өттү. ӨКМдин профессионал кызматкерлерине каршы «Кумтөр-2», «Кумтөр-3», «Кыргызалтын» жана Балыкчыдагы ашыруу базасынын жигиттери күчүн сынашты.
– Ушул мелдештерге биз жыл бою компаниянын жетекчилиги бекиткен атайын программа боюнча даярданабыз,- дейт «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Жусупов.

– "Кумтөрдө" мыкты полигон бар, биз ошол жерде практикалык көнүгүүлөр менен машыгабыз. Мурда командалардын катышуусундагы окуулар ошол жерде, деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте өтчү. Монголиядагы «Бору» кенинде иштеген кесиптештерибиз да келчү. Акыркы жылдары болсо ӨКМдин куткаруучуларды даярдоо борборунун базасында жолугуп жатабыз.
Былтыр кумтөрчүлөр профессионалдык 2 жумалык курс даярдыктан өтүп, куткаруучулардын «корочкасына» ээ болушкан. Бул бардык куткаруу операцияларына катышууга уруксат берет деген сөз. Ал эми практикалык тажрыйба чоң. Алтын казуучу ири ишканада иштеген жигиттер адамдарды куткарууга бир нече жолу тартылышкан. Бактыга жараша аягы жакшы аяктаган окуялар да көп. Мисалга, ыкчам, билгичтик менен жасалган аракеттерге жана алтын кен компаниясынын жетекчилиги берген заманбап техниканын аркасы менен Ысык-Көлдөгү суу басып калган Жыргалаң шахтасынан 2 шахтёр аман-эсен куткарылган.
Даярдык деңгээлин сыноо үчүн кумтөрчүлөр жыл сайын ыктыярдуу түрдө ӨКМдин полигонуна келип, мурунку жылы эмнелерди үйрөнгөндөрүн көрсөтүп келишет. Бул ирет командалар ар түрдүү тапшырмаларды аткарышты: химиялык заттар агып чыккан аварияны жоюу, кууш тоннелден кысылып жөрмөлөп өтүп урандынын астында калган жарадарларды алып чыгуу жана альпинисттик даярдыктарын көрсөтүштү. Судьялар чукул кырдаалдарда кылган аракеттерине, куткаруу иштеринде пайдалануучу атайын шаймандарды башкара билүүсүнө жана коопсуз иштөөсүнө карата ар бир командага баа коюшту. Күтүлгөндөй эле, кабыл алган тарап эң шамдагай жана ылдам болуп табылды. Мисалга, «Высотка» этабынан өтүүдө аларга 20 мүнөттөн бир аз ашык убакыт талап кылынды. Ал эми башка командалар бул этаптан өтүү үчүн 1 сааттан ашык убакыт коротушту. Бул таң калычтуу деле эмес, камырдан кыл сууругандай кылып аткаруу ӨКМдин негизги тапшырмасы да!
Ыктыярчыларга да мактоолор айтылды.
– Негизинен жигиттер даяр болуп калыптыр. Алгачкы жылдардагыларга караганда бир топ жылыш бар. Берилген тапшырмаларды жакшы аткарышты! - деп радиациялык коопсуздук кызматынын офицери, полковник Зарипа Молдошева «Кумтөр-3» командасын мактап өттү.

– Легенда боюнча, бул участокто ичинде аммиак бар цистерна аңтарылып авария болгон. Команда чалгынга чыгып, жабырлануучуну таап, аны ууланган зонадан алып чыгышы жана уунун чыгышын жоюусу керек болчу. Баары инструкциянын негизинде иш алып барышты, майда-чүйдө кемчиликтерди эске албаганда ылдам жана так аткара алышты.
Талапты катуу койгон судьялар мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду ӨКМдин куткаруучуларынан турган командага ыйгарышты. «Кумтөр-3» командасы күмүшкө татыды. «Күчтүү команда! Техника боюнча дагы үйрөнө турган жерлер бар» деп профессионалдар атаандаштарынын колун кысышты. Коло медаль болсо «Кумтөр-2» командасына ыйгарылды.
Катышуучуларга сыйлык берилип бүткөндөн кийин: «Базага кайткан соң фото жана видео материалдарды карап чыгабыз. Кайсы багытта начар болуп калганыбызды жана эмненин үстүнөн дагы иштеш керек экендигин талкуулайбыз. Даярданууга бизде дагы бир жыл убакыт бар. Полигондо дагы кездешкенче!»- деп өз оюн айтып өттү Таалайбек Жусупов.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан