ТҮРКИЯДА ПОЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫРГЫЗСТАНДЫК АЯЛДЫ САБАГАНЫ ҮЧҮН КЫЗМАТЫНАН АЙДАЛЫШТЫ

Иш жоктугунан улам кыргыз кыздарынын айрымдары бөтөн эл, бөтөн жерде иштеп жүрүшөт. Кээ бирлери сатылып, кимдир бирөө таяк жеп, дагы бирөө эсин жоготуп көчөдө калып, айтор, мындай окуялар күндөн-күнгө күч алууда. Бул жолку Аланьядагы окуя дагы ошолордун бири.

ПОЛИЦИЯ ДУБИНКА МЕНЕН САБАП...

4-октябрь күнү Түркиянын телеканалдарында, "Sondakika" кабар сайтында көчөдө бир аялды сабап жаткан эки полиция кызматкерлеринин видеосу тарады. Окуядан соң иликтөө жүрүп, ал кыргызстандык аял экени белгилүү болду. Окуя Аланья районунда 3-октябрда болгон. Видеодо полиция кызматкерлери жерге жатып калган аялды дубинка менен койгулап «жазалап» жатканы тартылган. Бири буту менен тээп, чачтан сүйрөгөн. Аял бакырып ыйлап бир нерселерди айтып жатканы угулат. Полиция кызматкери жанындагысын кой деп токтотуп койбой карап турган. Жергиликтүү тургун бул окуяны уюлдук телефонуна тартып алып телеканалдарга, сайтка жиберген. Полиция кызматкери эмнеге мындай ырайымсыз жорук жасаганы белгисиз. Бирок бул адам укугун бузуу катары каралып, алардын жаза алышын коомчулук талап кылууда. 40 жаштагы кыргызстандык жаран Түркияга иштөө үчүн барганы белгилүү болду.

ПОЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШИНЕН АЙДАЛДЫ

Кыргыз Тышкы иштер министрлиги бул окуя боюнча маалымат таратты. Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги бул окуяны иликтөө үчүн Аланья райондук коопсуздук башкармалыгына кайрылган. Элчиликке мигрант аялга зомбулук көрсөткөн эки полиция кызматкери ишинен бошотулганын, учурда бул видео боюнча тергөө жүрүп жатканын айтышкан. Ал эми жабырлануучу Р.Ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Ал мекенине соттук териштирүү иши аягына чыкканда кайтып келери айтылууда. Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда: «Ал аял ооруканада. Тергөө иштери бүтүшүн күтөм десе күтөт. Эгерде мекенине кайткысы келсе, жактоочусуна ишеним кат берип мекенине кайтат. Абалы туруктуу болуп, ден соолугу жакшы болгондон кийин кыргыз элчилиги аны мекенине кайтаруу маселесин карайт»,- деп билдирди.

КЫРГЫЗ ОМБУДСМЕНИ АДИЛЕТ СОТ БОЛУШУН ӨТҮНҮП ТҮРКИЯГА КАТ ЖОЛДОДУ

Омбудсмендин аппараты Түркия Республикасынын жогорку омбудсмени Шереф Малкочтун атына кат жиберди. Катта: «Сизден жабыркаган кыргызстандык жарандын укугун коргоп, ага зомбулук көрсөткөн адамдарга соттун адилеттүүлүк кылышын көзөмөлдөөңүздү суранабыз. Бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алышыңызды өтүнөбүз»,- деп жазылган. Азырынча Түркия тараптан жооп келе элек.

Аялды уруп жаткан полиция кызматкерлери.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
AKCAHAT
2017-10-17 09:43:58
Иштен айдалганы тузук, Клара Алибекованы оор психологиялык абалда таштап кеткендери учун биздин укук коргоочу полисмендерибиз жо кабар жокго. Чара корулдубу? Озубузду озубуз сыйлабагандан кийин башкалар башыбыздан сыламак беле?
+34
admin_media
2017-10-17 14:42:29
AKCAHAT,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/article/show/42387
+1
ekaterinburg
2017-10-17 10:24:06
Анчалык эмне кылды экен байкуш аял!?Кантти экен байкуш аял(((ХХХ
+7
Nargiza1987k
2017-10-17 10:43:19
Мыйзамдын иштегенин карагылачы а биздин белгилуу татынакай ырчы кызыбызды шылдындагандарды эч нерсе кыла албай жатышат акмактар
+13
akaibekova01
2017-10-18 16:40:08
Nargiza1987k,Эн туура айтасыз эже Чынында эле бизде мыйзам мынчалык катуу эмес
+3
love_you
2017-10-17 10:49:07
ыйладым. кантип жакшы жашап, четке тентибейбиз? ал эже да бироонун апасы, балдарын багам деп журот. бул жакта болсо, апасын сагынып куса болгон баллар... эххх, Аллахым... деги элди ойлогон президент жибер...
+17
azusha2017
2017-10-17 16:23:46
бийликтеги адамдар оздорун ойлобой, бизнестерин ойлобой жакшы жумуш орундарын чыгарса болмок, анча байлыкты эмне кылышат бийликтегилер же бул дуйнодо туболук кала албагандан кийин, канчалаган эжеке, синдилерибиз кордолуп журушот, намысы жок бийлик
+11
rozy4ka
2017-10-18 10:33:32
Бечара аяал аяабай кордук коруптур алсыз эркек гана аял кишиге кол которот демек ушул кишинин алы жок экен
+3
portugalia
2017-10-18 11:45:41
Кыргыз аялы качан тентип ботондорго кор болду эле?Жаман заманда жашап жатабыз .Эркектей аялдарды жонотпогулочу силерден сураныч.
+3
ALMAAAN
2017-10-18 22:45:07
Ушул уруп атканын коруп жаман жиним келди жанында болуп калсамчы деп
0
Boldukan86
2017-10-19 01:28:24
Башка улуттарга тийбегиле кыз келиндер. каныбыз кыргыз койчу болсо да кыргызга тийгиле кыргыздын санын кобойткуло. аябай ичим ачышты ордунда озумду коюп коруп. талаа туздо бири бирибизге жардам берели кыргыз элим.
0
Boldukan86
2017-10-19 01:29:33
бирда эркек коммент жазбаптыр. ичинер ачышпадыбы же озунордон коргуло дединерби. эркек алсыз болсо аял тентийт
+1
Darianna.kg
2017-10-19 11:56:19
Кайсыл жерде жудоо корсон зайыпты,ошол элдин эрине кой айыпты.
+1
Jipasha78
2017-10-20 00:10:04
Ушул макал туппа туура мына ерим бар дейбиз ушул еркектер аман болсун аялга олугуну артып,баардык тиричиликти аялдарга арта салат.арак ичсе ,озуго керектуу нерсе болсо акчасы болот.уй булосу .балдары учун жарты нерсе которуп келбеген еркектер бар.албетте баардыгы емес.алсыз ден соолугу зор еркектер коп
+2
Azatbek83
2017-10-23 21:43:45
Биздин бешенебизге качан жакшы президент келип мигранттарды кайтарарып жумуш орундарын жасайт экен?!Бул жалган шайлоо бойунча Ашанын кочун уласа дагын алты жыл кыйналып жашайбызбы?!
+1
Azatbek83
2017-10-23 21:44:11
?!
0
cfif03748
2017-10-23 23:40:48
Келтек жесе эркектер.ыйласа эркектер.кыйналса эркектер.тууп таштаса деле эркектер.тентип журсо деле эркектер.куноо эркектерде эмес.мамлекетке иш орундарды тузуп.Элди тентитпей караган .куноо тээ Жогорку чонтоктору когоргон.жугу кокко толо.кок мээ Эшшектерде.
0
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан