Ырчы Анжеликанын жеке жашоосуна байланыштуу кептер социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, 3 кыздын ата-энесин ажыраштырып да жиберишти. Ырчы кыздын жашоосунда эмне жаңылык бар, аны өз оозунан угалы:
– Интернет сайттардын бирине «Анжелика күйөөсүнүн көзүнө чөп салып кармалып калып, ажырашты» деген жалган сөздөр менен буйрутма видеоматериал жарык көргөн. Ошондон кийин элдин баары «сен ушинтип ажырашкан турбайсыңбы?» деп сурай башташты. Бул мен үчүн күлкүлүү болду. Анан кичүү кызыбыз Айлиндин туулган күнүндөгү Урмат менен түшкөн сүрөттөрдү интернетке киргизсем, «ий, жарашкан турбайбы» деп жаза башташты. Эл бизди жөн жерден ажыраштырып, кайра жараштырышты. Урмат биз үйлөнгөнгө чейин 10 жыл Орусияда иштеген, ал азыр деле ошол иштери менен алек. Буга чейин дайыма жанымда болуп, чогуу сүрөткө түшкөнүбүздө да «жолдошунун кыларга иши жокпу?» деп жазгандар болду. Мен жасалма кирпиктеримди алып, боёнбой деле сүрөткө түшө берем. Боёнбогондогу сүрөтүмдү илсем «Анжелика түнү менен ыйласа керек, көзү шишип калыптыр» дешти. Ошонун баарына жооп кылып, «көзүм шишийби, ажырашамбы, жарашамбы бул менин ишим» дегим келди. Жолдошум экөөбүз жеке жашообузду эч кимге жарыялабайбыз деп сүйлөштүк.