ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ УУЛДУУ БОЛДУ


Кыргыз шоу-бизнесинин таланттуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, "Евразия жылдызы" Гүлжигит Калыков уулдуу болду. 12-октябрда саат 10:00дө жарыкка келген наристе атасына болуп көрбөгөндөй сүйүнүч тартуулады. «Түш көргөндөй эле болуп жатам. Түшүм болуп калбаса экен деп өзгөчө толкундоолор кучагындамын. Уулумду көкүрөгүмө жаткырышканда жашып да алдым. Кулагына өзүм билген сүрөөлөрдү окуп, балама ысым ыйгардым. «Ушул атты койгону жатам» деп күн мурунтан ата-энем менен кеңешкем. Көз тиет дебейинби, атын азырынча айтпай турайын. Уулумдун салмагы 3 килограмм 800 грамм, бою 53 сантиметр. Учурда эне, баланын ден соолугу жакшы»,- дейт ырчы. Уулуңдун бешик боосу бекем болуп, эл керегине жараган уулдардан болсун!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
jaskaaa
2017-10-17 09:33:28
Бешик боонуз бек болсун! Акылдуу,намыстуу эр азаматтардан болушун тилейм. Омурлуу бактылуу балалык каалайм!
+1
010288
2017-10-17 09:47:55
Оббо атын уксале коз тийсе чатак го
+11
mela
2017-10-17 10:14:46
Умар экег аты.Ашыкча ырымчыл го,атына коз тийсе...
+8
gukush00
2017-10-17 10:35:45
аталык сезимдер да.уулун коргоп жаткандагы кербези да.Бул учурда кызгануу болот толкундоо болот. бешик боо бек болсун.омуру узун болуп аман эсен чонойсун
+7
bai.kymbat
2017-10-17 11:52:09
Атын атаса коз тийгени чатак экен))
+6
Gulkin
2017-10-17 14:47:19
Ой кокуй оооой. Тимммеле шумдуктанып кетет андан арычы. Кадимкиле элдер коюп жургонле ат да. Анын эмнесин жашырат? Атын айтса коз тиет дегенди биринчи угушум ушу дуйнодо жашап ж уруп.
+6
Fatimnazz
2017-10-17 17:56:37
Азан айтат бир кулагына анан бир кулагына атын айтып ошентип койулат ысымы.
+2
a.jazi97
2017-10-17 19:16:06
Баланын салмагын, боюн айтса көз тийбейт анын атын айтып койсо көз тийип кетет бекен
+2
Shahrizaada
2017-10-18 02:33:15
Марстан же Плутондон заказ алып ат койдунарбы дейм. Көз тие турган кандай өзгөчө ысым болду экен.
+2
ALMAAAN
2017-10-18 22:02:22
Баласынын омуру узун болсун бирок ушу Гулжигит ваше жакпайт
+2
nurhan2702
2017-10-20 10:04:06
Бешик боонор бек болсун! Бактылуу болгула. Негедир мага ушул жаш уй-булоо мага жагат.
0
Daiman
2017-10-30 16:51:37
Бактылуу болушсун.... Баласынын омуру узун болсун.
0
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан