Өткөн аптада Клара Алибекова түн ортосунда жагымсыз ишке кабылып, милиция кызматкерлерине кайрылганын, алар жардам берүүнүн ордуна ырчыны видеого тартып, интернетке жарыялаганын жазган элек. ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, ырчынын иши боюнча Бишкек ШИИБинин Кайгуул милиция башкармалыгында иштеген үч кызматкердин кимдер экендиги аныкталып, орой мамиле жасаганы үчүн аларга дисциплинардык жаза берилип, юридикалык жактан баа берүү үчүн материалдар тергөө органдарына өткөрүлгөн. Клара Алибекованын айтымында, ал видеого тартып алган милиция кызматкери менен жолуккан:
– Мен жардам сурап кайрылган машинада 3 милиция кызматкери бар эле. Кечээ бирөөсү менен жолуктум. Ал «видеого тартып алып, үйгө барып WhatsApp'тагы бир топко жиберип «бул ким билбейсиңерби?» деп жазгам. Ал жактагылардын бири интернетке жүктөп салыптыр, мен жүктөгөн эмесмин» деп менден кечирим сурап, арызымды алуумду өтүнүп жатат. Бирок бир чечимге келе элекмин.