Канча жылдан бери кыймылдабай жаткан мыйзам акыркы учурда катуу күчүнө кирди өңдүү. Башкача айтканда, Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери байма-бай той-топур өтүп жаткан тойканаларды кыдырып, тамада, ырчы, бийчи, сүрөтчү, оператор сыяктуу тейлөө кызматы менен алектенгендерден патент талап кылышууда. Бул сапар патентин көрсөтө албагандардын катарын ырчылар Гүлжигит Калыков, Кайрат Примбердиев, Кубаныч Ажыбаев, Асылбек Өзүбеков, Айгүл Чалова, алпаруучу Нурдөөлөт Копоев, төкмө акын Аалы Туткучев сындуу өнөрпоздор толукташты. Кыскасы 3 күндүк рейдде патенти жок иштеп жаткандардын саны 67ге жеткен.